Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

Султанбековго козголгон иш, ИИМдин чуулгандуу видеосу жана тинтүүлөр


ИИМ тараткан видеодон алынган сүрөт
ИИМ тараткан видеодон алынган сүрөт

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 27 жаштагы С.Т. аттуу жаранды "массалык башаламандыкка чакырууга" байланыштуу милицияга жеткирип, тергөө иштерин баштаганын билдирди. Ушул эле күнү анын жана бир катар таанымал саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду.

ИИМдин талкуу жараткан видеосу

"Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине (ИИМ) жеткирилгенин 22-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты.

Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.

"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда", - деп айтылды ИИМдин маалыматында.

Чакан бөлмөдө тасмал жайылган столдун бетинде үч киши сүйлөшүп отурганы тартылган видеонун сүрөттөмөсүнө ИИМ С.Т.нын жанындагылардын бирин "белгисиз жаран" деп, экинчисин "Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматов" деп белгилеп көрсөткөн.

Белгисиз жаран катары белгиленген улгайган курактагы киши Султанбеков деп көрсөтүлгөн кишиге "Мындан ары эмне болот, сен кандай дейсиң?", "Кимиси жакшы иштеп жатат, Ташиевби же президент Жапаровбу?", "Бийликке биз келсек мага бир нерсе, жумуш бересиңерби?" деген суроолорду улам тактап, узатып жатканын көрүүгө болот.

Видеодо Темирлан Султанбеков деп белгиленген жаран ага жооп берип, "ашып кетсе үч жылда баары алмашышы керек, бирок андан да тезирээк болот деп үмүттөнөм", "бийликтин алмашуусу болот, бийлик ошого алып баратат" деп, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тууралуу да сөз кылып, ал Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын кайтаруусунда экенин, аны Орусия Кыргызстанга өткөрүп бербей, "президенттикке запас вариант катары" кармап турганы "буларды" ачуулантып жатканын да айтууда.

Азырынча бул видео тууралуу Султанбековдун жактоочулары же жакындары комментарий бере элек.

Видео жарыяланган соң бийликтин жактоочулары Темирлан Султанбеков баш болгон мурдагы президенттин жактоочулары өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирүүгө аракет кылган деп сындап жатышат.

"Төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр"

Соңку апталарда учурда Испанияда экени айтылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, андан соң Орусияда экени сөз болгон экс-премьер Сапар Исаков соцмедиа аркылуу өлкөдөгү энергетикалык кризис жана башка маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасашкан.

Бул билдирүүлөр боюнча бийлик түз жооп бербегени менен президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоону шылтоо кылып, туруктуулукка шек келтирүүчү топтор бар экенин, аларды байкап турганын айткан. Ошону менен катар ал азыркы бийлик төңкөрүшкө жол бербей турганын эскерткен:

"Ушул көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, “шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен” деген жаман ойлуу топтор бар. Ал эмне болгон топтор? Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же объектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот. Төңкөрүшкө жол берилбейт. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр".

Султанбековдун саясаттагы жолу

Темирлан Султанбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин негизги колдоочуларынын бири, анын партиясынын активдүү мүчөсү, кийин лидери болуп таанылган. Ал 1998-жылы Балыкчы шаарында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Саясатка эртелеп аралашып, Социал-демократтар партиясынын мүчөлүгүнө 18 жашында кабыл алынган, эки жылдан кийин саясий кеңешинин президиумуна шайланган. Кыргызстандын социал-демократтарынын Орусиядагы расмий өкүлү болгон.

2020-жылы жыйынтыгы кийин жокко чыгарылган парламенттик шайлоого өз партиясы менен катышып, тизмедеги алгачкы он талапкердин бири болгон. Шайлоодон кийинки окуяларга байланыштуу “жапырт башаламандык уюштуруу жана мамлекеттик төңкөрүш аракети” деген шек менен кармалып, көп өтпөй үй камагына кое берилген. Прокуратура Султанбековду тогуз жылга эркиндигинен ажыратууну сунуш кылган, сот 2022-жылы июнь айында анын ишин карап, актаган өкүм чыгарган.

2021-жылдын февраль айында Атамбаевдин сунушу менен Темирлан Султанбековду партиялаштары жаңы төрага кылып шайлашкан.
2022-жылы ал Социнтерн (Социалисттик Интернационал) эл аралык бирикмесинин Мадридде өткөң съездинде анын вице-президенти болуп шайланган.

Темирлан Султанбеков жана партиялаштары Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер 2024-жылы 17-ноябрдагы жергиликтүү депутаттарды шайлоого үч күн калганда “Добуш сатып алуу” беренеси боюнча кармалып, Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилген. Үчөө тең быйыл 24-апрелде беш ай камакта отургандан кийин үч жылга соттолуп, абактан пробациялык көзөмөл шарты менен чыгышкан. Ал эми мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын өкүмү өткөн айда Кой-Таш иши боюнча өзгөртүлүп, ал жалпы сегиз жылга эркиндигинен ажыратылды.

Абакта жаткан учурда Султанбеков 100 күнгө жакын ачкачылык кармаганын, бул иш саясий куугунтук экенин айтып келген. Бийлик социал-демократтар мыйзам бузганы үчүн камалганын билдирип, ишти саясатташтырбоого чакырган.

Соңку учурда Темирлан Султанбеков билдирүүлөрдү жасап, бийликтин дарегине сын-пикирлерди жасап жаткан.

Тинтүү тууралуу билдирүүлөр

22-ноябрда Темирлан Султанбековдон башка бир нече саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү болгону маалымдалды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Бишкектеги үйүндө тинтүү жүрүп жатканы тууралуу соцтармактарга видео жарыялап, кийин ал видео өчүрүлдү. Ички иштер министрлиги Атазов боюнча маалыматты ырастап, тинтүү аяктаганын, кошумча маалымат берилерин билдирди. Бажыда ири коррупциялык схема түзгөнүн сотто мойнуна алган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун башкы тарапкерлеринин бири катары таанылган Атазов быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары катоодон баш тарткан. Буга укук коргоо органдарынын ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери каттоодо турган деген маалыматы себеп болгон. Атазов өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров да бул күнү үйүнө милиция кызматкерлери барганын айтып, бийликке Фейсбуктагы видеосу аркылуу кайрылды. Эч кайда качпай турганын, чакыруу кагазы берилсе милицияга барууга даяр экенин айтты. Кадыров 2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирип кармалган 27 саясатчынын бири болгон. Ал 2023‑жылдын апрель айында үй камагына чыккан. Кадыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү.

Ушул эле күнү үйүндө күч кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнүн Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложников айтып чыкты. Ал мурдагы аялынын үйү тинтилип, балдарынын оюнчуктарына чейин текшерүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазды.

Ложников Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев менен кандайдыр бир иши же байланышы жок экенин да белгиледи. Ал ошондой эле бир жылдан ашык убакыт мурун алардын телефон номурларын кара тизмеге киргизгенин жана төңкөрүш же чакырыктар менен эмес, журналистика менен гана алектенерин жазды. Быйыл 18-августта "Апрелдин" жетекчилиги бул медиа соттун чечимине ылайык жабылганын жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG