Пакистан чек арасын бир айга жаап койгондо ооган соодагерлери эл аралык базарга чыга албай калып, болжол менен 200 млн доллар зыян тартты.
Бирок, адистер белгилегендей, географиялык шарт, жүк ташуу чыгымдары жана саясий чектөөлөр каржы каатчылыгына кабылган Ооганстанга жана анын расмий таанылбаган "Талибан" өкмөтүнө Борбор Азия менен кызматташууда тоодой тоскоолдук жаратат.
Кабулдун жаңы соода өнөктөштөрүн издөө аракети Пакистан менен кагылышуудан кийин башталды. Жакында эки коңшу бири-бирине чабуул жасап, ондогон киши каза болду. Анын айынан Исламабад Ооганстан менен чек арасын жаап салды.
Чек аранын бир ай жабылганы Пакистандын порттору аркылуу эл аралык рынокко чыккан ооган соодагерлерин болжол менен 200 млн доллар чыгымга учуратты.
Соодадагы башка жолдор
"Талибандын" жогорку даражадагы кызматкерлери соодагерлер менен инвесторлорго кайрылып, Пакистан аркылуу иштөөнү токтотуп, Борбор Азиядагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү караштырууга чакырды.
12-ноябрда "Талибандын" соода министри Нуриддин Азизи "Биз соодадагы башка багыттарды табуу үчүн түндүктөгү коңшулар менен активдүү иштеп жатабыз" деди.
Ал эми "Талибан" өкмөтүнүн премьер-министринин орун басары Абдул Гани Барадар Исламабадды айыптап, Пакистан сооданы "саясий басымдын куралы" катары колдонуп жатат деди. Барадар белгилегендей, чек аранын жабылышы Кабулдун чыгыштагы коңшусуна көз карандылыкты азайтуу зарыл экенин көрсөткөн.
Швейцарияда жашаган ооган тектүү Төрөк Фархади "Талибандын" Борбор Азия менен соодага артыкчылык берип жатканын "курулай ураан" деп атап, аны ишке ашырууда чоң тоскоолдуктар турганын белгиледи.
Борбор Азиянын деңизге түз чыга турган жолу жок. Ооганстандан товар ташыгандар эл аралык базарларга чыгуу үчүн кара жол менен узакка жүрүүгө тийиш. Мындан тышкары чөлкөмдүн өлкөлөрүнүн салык саясатына келгенде ооган экспортунан, айрыкча анын айыл чарба продукцияларынан ири бажы салыктары алынат.
Азык-түлүк, мөмө-жемиш сыяктуу белгилүү бир шартты талап кылган товарды ташуу үчүн инфраструктура али жетиштүү эмес.
"Түндүк багытты соода-сатык жагынан пайда көргүдөй кылуу үчүн Ооганстан Борбор Азиядагы өнөктөштөрүн бажы салыгынан бошотуп, аларга жеңилдиктерди сунушташы керек. Бирок Кабулдагы өкмөт үчүн бажы салыгы – башкы киреше булагы", - деди Фархади "Азаттыкка" берген комментарийинде.
Мындан тышкары, сооданы күчөтүүгө өбөлгө болчу бир катар темир жол долбоорлору каржынын тартыштыгынан жана башка себептерден улам бүтпөй турат.
Фархади белгилегендей, "Талибандын" эл аралык деңгээлде таанылбаганы Кабулдун көздөгөн максатын ишке ашырууга тоскоол болууда. Ооганстан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта кору сыяктуу глобалдык институттардан каржы ала албайт. Андыктан түндүк багытын өнүктүрүүгө өбөлгө болчу инвестиция жана инфраструктура чектелүү.
Ооганстандын Борбор Азия менен соодасы акырындап өсүп жаткан менен эки тараптуу соода-сатык ушул факторлордун таасиринен улам али да төмөн бойдон.
Кабулдагы расмийлер белгилегендей, Ооганстан менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн соодасы туруктуу өсүп, 1,7 млрд долларга жеткен.
Сооданын негизги бөлүгү – оогандардын импорту. Анын ичинде ун, күйүүчү май, өсүмдүк майы жана курулуш материалдары бар. Ооганстандын Борбор Азияга экспорту чектелүү, бирок акырындап илгерилеп баратат.
Казакстан Ооганстандын ири соода өнөктөштөрүнүн бирине айланды. 2024-жылы Астана менен Кабул алдыдагы жылдары эки тараптуу сооданы 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөгөн жол картасына кол койгон.
Өзбекстан да Ооганстандын эң активдүү соода өнөктөштөрүнүн катарында. Ташкенттин маалыматына ылайык, 2024-жылы эки тараптуу соода 1,1 млрд долларга жеткен. Ташкент менен Кабул 2025-жылы бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга жеткирүүнү пландап жатат.
Ооганстандын Түркмөнстандагы Торгунды чек ара бекети аркылуу экспорту өткөн жылга салыштырганда эки эсе өстү. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын Ооганстанга жана Пакистанга экспорттоого багытталган CASA-1000 долбоорунун маанилүү бөлүгүн расмий түрдө ишке киргизди.
Пакистандан көз карандылык
Ооганстандын Борбор Азия менен соода-сатыгы көбөйүп жатса дагы Кабул али да Исламабаддан көз каранды.
Ооганстан үчүн Пакистан көптөн бери дүйнөлүк рынокко чыгуудагы эң ылдам жана ыңгайлуу багыт болуп келген.
"Торхам" жана "Чаман" чек ара бекеттери Ооганстандын тышкы соодасында маанилүү роль ойнойт. Бирок акыркы жылдары Исламабад чек араны бир нече жолу жаап, сооданы жана адамдардын кыймылын чектеген. Анын айынан эки тараптуу соода былтыр 1 млрд доллардан бир аз гана ашты. Ал эми 2021-жылы эки өлкө ортосундагы соода 5 млрд долларга жеткен болчу.
Пакистан менен "Талибан" күчтөрүнүн куралдуу кагылышынан кийин 12-октябрда чек ара дагы жабылып, миңдеген жүк ташуучу машине бир нече жумага токтоп калды.
Ооган соодагерлери үчүн эң жакын коңшусу Пакистандын портторуна тең келе турган жолдор аз. Адистер соода-сатык жолун башка багытка буруу жүк ташуунун чыгымын жана убактысын көбөйтүп, логистикалык тоскоолдуктарды күчөтөрүн белгилешет.
Ооганстан Соода палатасынын мурдагы жетекчиси Азарахш Хафизи "Ооганстан үчүн деңиз портторуна, ошондой эле Индияга жана башка Түштүк Азия рынокторуна эң кыска жана эң арзан жол Пакистан аркылуу өтөрүн" белгилейт.
"Биз бардык транзиттик жолдор ачык болушун каалайбыз. Бул Ооганстанга жана Пакистанга гана эмес, аймактык экономикалык интеграция үчүн да маанилүү" деп кошумчалады Хафизи. Ал мурда Түштүк Азия региондук кызматташтык ассоциациясынын Соода жана өнөр жай палатасынын мүчөсү болгон.
Шерине