Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:30

Чүйдөгү чыр: Атайын чагымбы же мыйзамсыз миграциябы?


Темир жол курулушундагы кыйталык жумушчулар
Темир жол курулушундагы кыйталык жумушчулар

мазмуну

  • Чүйдөгү жаңжалдан кийин кыргыз бийлиги кытай элчилиги жана ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
  • Президент Садыр Жапаров антикытайлык маанайды "шайлоо алдындагы чагым" катары сыпаттады.
  • Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорго байланыштуу чет элдик мигранттар, анын ичинде кытайлыктардын саны көбөйдү.

Чүйдөгү кытай жарандары аралашкан окуядан кийин Ички иштер министрлиги кытай элчилиги жана ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы кайрылуу жасап, Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин жана алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорго келгенин айткан. Министр эки өлкө ортосунда виза режими бар экенин эске салып, так сандарды айткан эмес.

Ал тапта президент Садыр Жапаров маек берип, өлкөдө антикытайлык маанайды козутууну каалаган күчтөр бар экенин, Чүйдөгү окуядан кийин чоң-чоң долбоорлор боюнча иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө "катуу эскертүү" берилгенин билдирди. Учурда канча кытай жараны Кыргызстанда иштеп жүрөт?

Өткөн аптада Чүй районунун Константиновка айылындагы кытайлык жана кыргызстандык айдоочулардын мушташынан улам бир нече кытай жараны кармалып, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Окуядан кийин Кыргызстанда "кытайлыктар көбөйүп кетти" деп нааразы болуп, каршы пикир жазгандар арбыды.

Бийлик башчылары жаңжалды күндөлүк турмуштун бир көрүнүшү катары сыпаттап, жергиликтүү жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.

Президент Садыр Жапаров“Кабар” агенттигине курген кезектеги маегинде коомдо күчөп кеткен кытайлыктарга каршы маанайды "шайлоо алдында уюштурулуп жаткан чагым" катары сыпаттады.

“Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок. Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок азыр мамлекет алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик”.

Жапаров айткандай эле 17-ноябрда Ички иштер министрлиги кытай ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана Кытай элчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында талкууланган маселелер ачык-айкын көрсөтүлгөн жок, коомчулук үчүн жалпыланган маалымат берилди. Жарыяланган маалыматка карасак, министрдин орун басары Нурбек Абдиев чет өлкөлүк адистерди тарткан компаниялар маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушун айткан.

Тышкы иштер министрлигинин 16-ноябрда жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, Кытайдын жарандары Кыргызстанга виза менен гана кирип, жүрүп жана чыгып кетишүүдө. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдан келип ар кайсы долбоорлордо эмгектенип жаткан мигранттар соңку кездери көбөйгөнүн билдирген. “Азаттыктын” Кытайдан келип эмгектенип жаткан жумушчулардын так санын сураган катына министрлик макала жарыялангыча жооп берген жок.

Министр Кулубаев “Ала-Тоо 24” каналына курган маегинде Кыргызстанда эмгек күчүнө талап өсүп жаткандыктан, чет элден, анын ичинде Кытайдан жумушчуларды алып келип жатышканын билдирди.

“Биздин компаниялар эгерде жумушчу күч жетпесе... Мисалы азыр бизде азыр текстиль тарапта аябай көп жумуш орундары болуп жатат. Анан чоң инфратүзүмдүк долбоорлор болуп атат да. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, азыр Акчий-Бедел автожолу курулат. Андан тышкары, Кыргызстандын тетиги Караколдон баштап Манас шаарына чейин көптөгөн инфратүзүмдүк курулуштар болуп атат. Бизде азыр көптөгөн, тактап айтканда, 35-40 миңдин тегерегинде жумуш оруну бар. Ошого жетишпегендиктен, биздин кыргыз компаниялары, бул жакта иштеген чет элдик компаниялар өздөрүнүн жумушчуларын чакырганга аракет кылышууда. Анткени курулуш жумушчу жок деп карап отура бербейт да. Ар бир жасалып жаткан долбоордун өзүнүн убактысы бар. Ошого жетишүү үчүн алар жумуш орундарын түзүп, атайын чакырып атышат”.

Министр коомдо болуп жаткан талкуулар өлкөдө антикытайлык маанайды күчөтүүгө багытталган чагымчыл мүнөздө экенин айтууда.

Министр оозанган "антикытайлык" чагымчыл сөздөрдү жайылтуу аракеттери тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы социалдык тармактарга атайын пост жазды. Ал кытайлыктарга каршы маанайды кайсы бир саясий күчтөр өлкөдөгү туруктуулукту бузуу үчүн атайын козутуп жатат деп эсептейт жана алар Кыргызстандын экономикалык чыңдалышын, өсүп жаткан эл аралык аброюн жана мамлекеттүүлүгүн алсыратууну көздөйт деп ишенет.

Миграция боюнча аты-жөнүн атагысы келбеген эксперт кытайлыктар ишке ашырып жаткан инфратүзүмдүк долбоорлор комплекстүү адистик мамилени талап кылгандыктан, компаниялардын өз жумушчуларын кошо алып келип жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

“Жол долбоорлору же болбосо темир жол долбоорлорунда комплекстүү иш алып барыш керек. Ал жерде Кытайда турукташып калган бригадалар бар, бригадир өз кызматкерлерин чогуу ала келет. Алар туруктуу бригадалар, талаадан чогултуп келген эмес. Ал машинаны айдап жүргөн адис мүмкүн көп функционалдуу адистир. Анын баарын, албетте, текшерип караш керек. Бирок Кыргызстанга чет өлкөдөн жарандар тартылып жаткандан кийин, биздин жарандарга да жумуш орун түзүлсүн деген абдан туура маселе. Бул жерде статистика боюнча чет өлкөдөн келген жарандардын жалгыз-жарым учурларына карабастан, жалпы соттун тажрыйбасын, же болбосо кылмыштуулукту каттаган ИИМдеги маалыматтарды караш керек. Эгерде ошол маалыматтарды алып караганда биз салыштырмалуу көрөбүз – кыргызстандыктар өлкө ичинде канча кылмыш жасап атат, чет өлкөдөн келген жарандар канча кылмыш жасап жатат. Ошол кылмыштардын жазасы кандай – оорбу же жеңилби?”.

Атамбаевдин сыны

Өкмөттүк аткаминерлер Константиновка айылындагы чыр-чатакты күндөлүк турмушта орун алган келишпестик жана жалгыз-жарым көрүнүштөрдүн бири деп аташууда. Ошол эле маалда социалдык тармактардагы жана жаңылык ресурстарындагы маалыматтарга назар салсак, кытайлык жарандар менен кыргыз тургундарынын ортосундагы жаңжалдар соңку кездери бир кыйла көбөйгөнүн көрөбүз. Алтургай, чет элдиктердин бийлик өкүлдөрүнө кол салган учурлары да болуп турат.

Өлкө башчы менен кайым айтышкан кезектеги билдирүүсүндө Кыргызстандын сыртында жүргөн мурунку президент Алмазбек Атамбаев миграция жаатында ойлонулбаган саясат жүрүп жатканын белгиледи.

“Азоо инфляция элди муунтуп жатат, айлык маяналар баанын өсүшүнө жетишпей, эл эптеп жанын багып жатат. Бажысыз, көзөмөлсүз иммиграция, чет элдик жарандар өлкөнү каптап, жерди талап сатып алып жатканы - мунун баары ойлонулбаган жана коррупцияга малынган, туура эмес, ката саясаттын кесепети”.

Соңку жылдары чындыгында Түштүк Азиянын Пакистан, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнөн жана Кытайдан келген мигранттардын саны бир кыйла көбөйгөн.

Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, чет элдик эмгек күчүн тартуу үчүн чегерилген квота 2025-жылы 68% көбөйтүлгөн. 2024-жылы 25000 квота берилген болсо, 2025-жылы бул көлөм 42000ге жеткен. Квота боюнча келген эмгек мигранттарынын басымдүү көпчүлүгүн Кытайдан, Бангладештен, жана Пакистандан келгендер түзөт.

Эмгек мигранттары адатта визаны эки айдан бир жылга чейин алышат. Анын мөөнөтүнө жараша жергиликтүү каттоого турушат. Андан кийин муктаждыкка жараша өлкөдөн чыкпай туруп виза менен каттоонун мөөнөтүн узартса болот.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Кыргызстандын аймагына кирип иштеп жаткан чет элдик мигранттар тууралуу ачык-айкындуулуктун жоктугу эл арасындагы түкшүмөл суроолорду көбөйтүп жатканын айтат.

“Ксенофобия деген түшүнүк бар. Негизи “кытайлар ушундай-тигиндей” деп жамандаган эл аралык тема. Ошон үчүн ксенофобияны козуткан аракеттер дайыма эле бардык коомдо болуп турат. Бирок эмне үчүн азыркы убакта ксенофобия күчөп атат? Кытай жөнүндө маалымат, Кытай менен кандай тилектештик, кандай иштер жүрүп атат, маалымат аз. Маалымат аз болгондуктан, анан кийин бирөө сүйлөп койсо бир нерсе кылып оозун жаап койсо, ошондой атмосферада ксенофобия күчөйт. Ксенофобия күчөбөш үчүн маалымат ачык болуш керек”.

Кыймылсыз мүлк сатып алган чет элдиктер көбөйдүбү?

Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча кытайлыктар Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Расмий статистикага танясак, 2023-жылы 70 миң 842 кытай жараны Кыргызстандын аймагына турист катары кирген. 2024-жылы бул көрсөткүч 81%га өсүп, 127 миң 956 кишиге жеткен. 2025-жылдын маалыматы азырынча белгисиз.

Бул тапта расмий түрдө турист болуп келип, бирок Кыргызстандагы ар кандай долбоорлордо эмгектенип жаткан кытайлыктар да жок эмес. Быйыл май айында УКМК ушундай 39 кытай жаранын кармаганын жарыялаган.

Муну менен катар, Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү туруктуу жашап же инвестиция салган чет элдиктердин сатып алуусуна уруксат бар болгондуктан, соңку жылдары өлкө аймагында турак жайларды сатып алып жаткан орусиялыктар менен кытайлыктар тууралуу маалыматтар көбөйгөн.

2022-жылдан кийин өлкөсүнөн бозгон орусиялыктар Кыргызстанды каптаганы бир катар ири шаарларда туракжайга болгон суроо-талап кескин өскөн. Кыймылсыз мүлк агенттиктери алар келип там-таштарды ижарага алып жана сатып алган учурлар көбөйгөнүн билдирип келет. Ушундай эле жагдай ар кандай долбоорлор аркылуу келген кытайлыктардын көбөйүшүнөн улам да жаралууда. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандагы жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратып, талкууга жем таштоодо.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик өлкө аймагындагы сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн каттоого алып турат. Бирок, агенттиктин кызматкерлери чет элдиктер сатып алган мүлктөр тууралуу статистикалык маалыматты берүүдөн баш тартышты.

“Азырынча чет элдиктер боюнча эч кандай маалымат бербейбиз, коё тургула деп айтышты. Анткени, азыр ансыз деле уу-дуу болуп жатат. Ошондуктан, жетекчилик азыр эч кимге эч кандай маалымат бербегиле деп айтты. Андыктан, бере албайбыз силерге...”, - деген жообун берди агенттиктин өкүлү.

Коомчулук соңку жылдары Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келген эмгек мигранттары өтө көбөйүп баратканын кызуу талкуулап келет. Иш жүзүндө Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик мигранттардын саны каралган квоталардан жана расмий катталгандардан алда канча көп экени айтылат. Мыйзамсыз жолдор менен келип, ар кайсы жумуштарда бейформал түрдө эмгектенип жүргөндөр тууралуу маалыматтар да жарыяланып турат.

Соңку жылдары Кытай Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшүнө айланды. Өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлордун дээрлик көпчүлүгү дал ушул өлкөнүн катышуусу менен ишке ашып келет. Алардын арасында Кыргызстандын транспорттук туңгуюктан чыгарары айтылган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан баш болгон ири инфратүзүмдүк долбоорлор бар.

Эки өлкөнүн саясий жетекчилиги жакын байланышта болуп, бат-баттан сапарлар уюштурулуп келет. Азыркы өлкөдө кытайлыктардын маселеси талкууланып жаткан окуя Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 19-ноябрда Борбор Азия өлкөлөрүнө турнесинин алкагында Бишкекке да келе жаткан маалга туш келди.

Шерине

XS
SM
MD
LG