Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Бишкекте добуш сатып алууга шектелген 76 жаштагы аялга кылмыш иши козголду


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Көк-Жар кичи районундагы үйлөрдүн биринин (Турак жай ээлеринин шериктештигинин) башчысына Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине (Шайлоочулардын добушун сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, 76 жаштагы С.Н. аттуу аял кармалды.

Белгиленгендей, аталган жаран арыз жазуучу Б.Р.дин аялы Б.С. аттуу жаранга келип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин ичине 2000 сом акча салынган үгүт буклетин берген. Ал көрсөтүлгөн талапкерге добуш берүүнү суранган, бирок арыз ээси ошол эле күнү буклетти акчасы менен кошо кайтарып беришкенин билдирген.

Шектүүгө айыбы угузулуп, тергөө иштери уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин бир нече талапкерге шайлоо эрежелерин бузганы үчүн айып пул салган.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Кармалган жарандын жакындары же жактоочулары милициянын маалыматы боюнча комментарий бере элек. (KS)


Шерине

XS
SM
MD
LG