Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

"Кыргызстанда цехтер четинен жабылууда". Орусиянын тигүү тармагын сынаган жаңы талабы


Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Кыргызстандын тигүү тармагы кабылган кризис дале уланууда. Ишкерлер улам-улам билдирүү таратып, цехтер биринин артынан бири жабылып жатканын кабарлоодо.
  • Орусияга кийим-кечек жөнөткөн тигүүчүлөр эки-үч айдан бери товарлары орус чек арасынан өтө албай калганына даттанууда.

Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чегинде такалып калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын, маселени жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Ишкерлердин үнү

Кыргызстандын маалымат айдыңында шайлоо менен энергетикадан кийинки эле эң көп талкууланган тема тигүүчүлөрдүн көйгөйү болуп калды. Социалдык тармактарда ишкерлер өздөрү, же алардын кызматкерлери, бул тармакка кайдыгер эмес жарандар же адистер күн алыс видео жарыялап, тигүү цехтеринин абалын сүрөттөшүүдө.

Мындай мазмундагы пикирлерди Фейсбуктан, Инстаграмдан, Тредстен, Тик-Токтон, Ютубдан жана башка платформалардан көрүүгө болот. “Азаттык” алардын айрымдарын тизмектеди:

Камбаралы Умаров:

“Жакында Кыргызстанда Wildberries толук жабылып калышы мүмкүн. Менин билишимче, Wildberries’ти Өзбекстан өзүнө буруп кетти. Ал эми бизде мамлекет тарабынан тийиштүү колдоо болбосо, тигүү цехтерибиз толугу менен жабылып калуу коркунучунда турат. Канча деген цехтер акыркы жылдары ишин токтотту”.

Гүлаида Бердигулова:

“Акыркы бир айдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандан Орусияга жүк ташуу иштери токтоп турат. Бул маселе боюнча тиешелүү министрлик тарабынан түшүндүрүү же маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлбөй жатат. Айрыкча тигүү тармагында иштеген адамдар үчүн залакасын тийгизди. Көпчүлүк цехтер токтоп, жумушсуздук күчөдү. Кайсы жакка барба, ким менен сүйлөшпө баары эле жумуш издеп жүргөндөр. Өзгөчө карапайым, колунда билими жок же тигүү тармагынан каражат тапкандарга кыйын болду”.

Эшмат Келдибеков:

“Эки айдан бери текстиль тармагы аксап турат. Орусия менен иш жүргүзгөндөр — бирөө сатып, бирөө тигип, миллиондогон адамдар жумушсуз калды. Бул көйгөйдү чоңдор сезеби? Толтура тигүүчү цехтер катарынан жабылып жатат”.

Бермет Турсунакун:

“Мындай кырдаал эртеби-кечпи сөзсүз болору башынан эле белгилүү болчу. Тармактык министрликтер бул нерсеге алдын ала эмне үчүн даярдык көргөн жок, бул чоң суроо. Чек ара бажы маселеси, күтүлбөгөн жагдай эмес болчу, тобокелдик, коркунучтар көптөн бери эле көрүнүп турган, бизнес тараптан да бул маселе тууралуу бир нече жолу айтылып келген. Эми кандай болгон күндө дагы, бул кырдаал жакын арада жакшы жагына чечилет деп үмүттөнөлү”.

Сентябрдын башынан тартып Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин кабарлашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорттордун саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарды.

Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чараларды киргизгени маалым болгон.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту. Жалаң чет элдик сатып алуучулар менен иштегендер болсо таптакыр жабылыптыр.

“Азаттык” ишин токтоткон ишкерлердин бири Канат Чаликовду кепке тартты:

“Негизи майда цехтер бир-эки жыл мурда салык саясаты күчөгөн кезде эле жабыла баштаган. Салык көтөрүлдү, кездемелер кымбаттады, жумуш акы өстү. Натыйжада биз чыгарган товардын баасы өсүп, башка өлкөлөр атаандаштыкка туруштук бере албай калды. Орусиядан келген кардар Өзбекстан өндүргөн товарга ооп кетти. Биздики кымбат болуп калды. Натыйжада цехтер четинен жабылды. Биз үй-бүлөлүк цехибизде айымдардын кийим-кечегин тикчүбүз. Жалаң Wildberries менен Ozon’го кире турган товарлар болчу. Анан кадимкидей эле соода кылып жатканбыз, августтун аяктарынан, сентябрдын башынан тартып, Орусиянын чек арасынан өтпөй туруп калды. Азыр кайра артка келип жатат. Wildberries’ге кире турган “Честный знак” деген маркирлөө алыш керек экен, ал болсо деле баасы кымбаттап, айтор, көп тоскоолдук болуп калды. Мамлекетибиз алар менен сүйлөшө албай калдыбы, же эмне болду, эбин таба албай калдык, кыскасы. Алар “товардын килограммына 250 рублден алабыз” деп жатышат. Мурда бажы төлөмү катары ошого эле 30 рублден 70 рублге чейин төлөчүбүз. Кымбаттап кеткен соң биздин товарлар өзүн актабай калды. Натыйжада жумушчуларга түшүндүрүп, цехибизди жаап, олтуруп калдык. Биздики чакан эле, отуздай кишини иштетчүбүз. Тигүү машинелерибизди үйгө жыйып койдук, эми башка нерсе менен тиричилик кылып жатабыз. Бирок өтө кыйын абалга кептелдик. 5 миллион сомдук насыябыз бар эле, аны төлөй албай калдык”.

Биздин радио мурдараак соңку чектөөлөрдөн улам 15 жылдан бери тигүү тармагында иштеп келе жаткан Нургүл Чомоеванын иши токтогону калганын да чагылдырган эле. Ал да ишкер Чаликов айткан нерселерге окшош пикири менен бөлүшкөн.

Орусиянын жана Кыргызстандын түшүндүрмөлөрү

Ошентип, мындай абал октябрда да, ноябрда да уланды. Чек арадагы кымгууттун жана кыргыз ишкерлеринин чуусунун фонунда Орусиянын Федералдык бажы кызматы расмий билдирүү таратып, Казакстан менен чек арасында күчөтүлгөн тартипте текшерүү башталганын ырастаган. Мекеме маалымдагандай, бул Орусиянын №289 федералдык мыйзамынын 261-беренесинин негизинде башталган.

Федералдык бажы кызматы өз кызматкерлери жүктү коштомо документтерди (CMR, инвойстор, товарлардын сертификаттары, лицензиялары жана башка уруксат кагаздары), товарлардын макамын ырастаган электрондук эсеп-фактураларды (декларация, товардын келип чыгуусу жөнүндө сертификат, кыйыр салыктар төлөнгөндүгү жөнүндө арыз) текшерип жатканын билдирген. Мунун максаты көмүскө импортту кыскартып, бюджетке түшкөн салыкты көбөйтүү экен.

“Бажы органдарынын көчмө топтору Орусия Федерациясынын чек арага жакын жерлеринде тандап-тандап текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Кабыл алынган системалык чаралар комплекси өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтүүдө. Мындай көзөмөл жүргүзүүнү өзгөртүү мерчемде жок. Эгер жүк ташуучуда бардык документтери жайында болсо анда чек араны кесип өтүү эч кандай көйгөй жаратпайт, ал эми текшерүү болгону 8 мүнөттө гана аяктайт”, – деп айтылат Орусиянын Федералдык бажы кызматынын Телеграм каналындагы маалыматта.

Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн соң Орусиянын президенти Владимир Путин октябрдын аяктарында жарлык чыгарып, Казакстандан жана Кыргызстандан товар ташып келүүгө бир аз жеңилдиктерди берген. №778 деген аталыш менен белгиленген жарлыкта келип чыгуу маркери жок айрым товарларды орусиялык компаниялардын убактылуу ташып туруусуна уруксат берилген. Ал мөөнөт деле 10-декабрда аяктайт экен.

Бул арада Кыргызстандын бийлиги кыргыз ишкерлери менен шашылыш жолугушууларды өткөрүп, тигүүчүлөрдү товарларынын документтерин тууралоого жана маркерлөөгө батыл окутууну баштады. Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” борборунун алдында муну үчүн ыкчам штаб уюштурулуп, ал эртеден кечке, дем алышсыз иштей турган болду.

17-ноябрда Экономика жана коммерция министрлигинде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тигүү тармагындагы ишкерлер менен жолукса, 19-ноябрда Бишкек стандартизация жана метрология борборунун, Соода-өнөр жай палатасынын жана тиешелүү ассоциациялардын өкүлдөрү, Wildberries компаниясынын адистери тигүүчүлөр менен кездешти.

“Кыргыз экспорт” борборунда 20-ноябрда транспорт, бухгалтерия, сертификация жана маркирлөө боюнча жолугушуулар өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Биз ишкерлер менен жолугушууда бардыгын түшүндүрүп бердик. Кыргыз тигүүчүлөргө эч кандай тоскоолдук жок, ошондой эле өтүп жатат. Жүк ташуучулар ассоциациясын чакырып сураганыбызда алар да айтышты, мурда жүктүн килограммын 45 сом менен алып барышса, азыр деле ошол баада жеткирип жатышат. Бир гана маселе - товардын сертификациясы жана келип чыгуу сертификациясын даярдоодо. Ал тууралуу да бардык маалыматтарды бердик, жакын арада үч күндүк семинар да өтөт. Чоң компаниялардын көбүндө маалымат бар экен, орто жана чакан компанияларда гана маалымат аз экен, ошолор менен көбүрөөк иштеп жатабыз. Жолугушууда мындан сырткары аталган тармакты колдоо, насыялардан жеңилдиктерди берүү, легалсыз келген мигранттарды мыйзамдаштыруу боюнча маселелер коюлду. Жакында колдоо программасы кабыл алынарын, насыялардан жеңилдик берилерин, мигранттар маселеси мыйзам чегинде чечиле турганын айттык. Азыр эч кандай көйгөй жок, маселе болгону көмүскө импортто гана. Алар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчүнү так билүү үчүн мына ушул чараларын күчөтүп, талаптарын коюп жатат. Эгерде ишкердин документтери так болсо, КНСти төлөп, тоскоолдуксуз кирип кете берет. Эгер цехтер өндүрүштөгү маселеден улам жабылганы болбосо, чек арадагы тоскоолдуктан улам жабылган тигүүчү ишканалар тууралуу бизге маалымат келген жок. Кыйынчылыктар болду, чек арада 5 миңден ашык машине топтолгон. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизинде ал көйгөй жоюлган, Орусияга товар жеткирүүдө маселе жок. Бул кризис эмес, документтердеги маселелерден чыккан гана маселе. Биздин тигүүчү тармактагылар болгону баарын мыйзамдын алкагында гана иш алып барса маселе болбойт”.

Тигүү тармагы Кыргызстандын экономикасында жетелөөчү чарба болбосо да өтө маанилүү тармак болуп саналат. Себеби, ири өнөр жайы аз өлкөдө бул ишкерлердин мүмкүнчүлүгү жеткен жана карапайым адамдар жумуш берген функцияны аткарат.

Экономисттер кыргыз жеңил өнөр жайынын келечеги кең экенин айтып, бул тармак чоң көрсөткүчтөрдү багынтышы мүмкүн экенин боолголошчу. Бирок ага карабай бул тармак ар кайсы жылдары ар түркүн маселерден улам түйшүктөргө кабылып келет. Адистер анын кээлерин кризис деп атап жүрүшөт.

Кыргызстандын Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев мына ушул жерден кепке кошулду:

Бакыт Дегенбаев
Бакыт Дегенбаев

“Өкмөт ишкерлерге “Орусия ушундай талаптарын күчөтөт” деп мурдатан айтып келгенбиз деп жатышат. Андай эскертүүлөрдү балким бир-эки ишкер, мүмкүн 10-15 ишкер укпай калышы ыктымал. Бирок бардык ишкерлер укпай калбайт да. Балким, өкмөт менен бизнес коомчулуктун ортосунда коммуникация үзгүлтүккө учураган, ошону үчүн ишкерлер бул тоскоолдук тууралуу эч нерсе билбей калышты. Бул жерде бир эле Кыргызстандын жүгү эле туруп калган жок да, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Кытайдын да жүгү да туруп калды. Ошондуктан бул жерде биздин өкмөттүн “биз ишкерлерге эскерткенбиз” дегени коошпой калат. Бул форс-мажор. Орусиянын саясий чечими. Муну ушундай деп эле аташ керек. Болгондо да оюн эрежелери бир тараптуу өзгөрдү. Бул сентябрда башталса, ушуну Орусия тарап үч ай мурун эскертип койсо болот беле? Көмүскө импортпу, көрүнөө импортпу, айырмасы жок, ишкерлер даярданмак. Ишкер деле бардык маселени, айрыкча экспорт маселесин пландап жасайт. Ошондуктан ишкерди эле түз күнөөлөгөндөн алыс болот элем. Азыр эми күн алыс бирден цех жабылып жатат. Бул өтө кооптуу, эгер логистика бузулуп калса зыян дагы көп болот, жүздөгөн адамдар жумушсуз калат. Эми эмне кылыш керек? Өндүрүүчү, экспорттоочу, жүк ташуучу, баары жаңы талаптарга ыңгайлашып, жаңы оюн эрежелерине ылайык иштеш керек. Бирок ошого жараша кийим кымбаттайт, инфляция дагы күчөйт. Аны да моюнга алыш керек”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бирок бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңден ашары маалымдалат.

2024-жылы текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көбөйгөн. Анын ичинен эң көп үлүшү кийим өндүрүшүнө (85 пайыз) жана текстиль өндүрүшүнө (12 пайыз) туура келген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG