Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика системасына байланыштуу ага айткан сын-пикирине жооп берип, азыркы бийликке бир катар дооматтарды койду.
17-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасына чыккан билдирүүдө өлкөдө биринчи оор энергетикалык кризис Курманбек Бакиевдин тушунда болгонун, ошол учурдагы бул тармакты ушундай абалга алып келгендер азыр кызматта отурганы айтылган. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин бир-эки жылдын ичинде миңдеген адамдардын эмгеги, инженерлердин билими менен энергетика тармагы саздан чыкканы камтылган.
Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын кошумчалады.
“Элдин эсинде сен берген убадалардын баары бар. Сөз эркиндигин убада кылдың, эми соцтармакка жазган бир пост үчүн камалып жатышат. “Накта демократия курам” дедиң көзкарандысыз партиялардын баары дээрлик жок кылынды, саясатчылардын көбү камалып чыкты же дагы эле темир тордун артында отурат. Бир ооз каршы сөз айткан жөнөкөй адамдарды да кенебей каматып жатасың. Дагы кайсы убадаң бар эле? “Калыс шайлоо” дедиң, шайлоого сага каршы сүйлөгөндөр катышпай калды. “Мамлекеттик карызды толук жоёбуз” дедиң, тескерисинче, карыз бир нече эсеге өсүп кетти. Балдарың, жакын туугандарың банктарды ачып, элдин көз алдында заматта байып жатышат”, - деп жазды Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президенттин Фейсбуктагы баракчасынын постунун алдына президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков дароо жооп берди.
“Сөз эркиндиги боюнча мактанбай эле коюңуз, сиздин убакта муунту чегинен ашкан. Анын бир мисалы мен. Мага карата 2 миллион сом доо, башкаларга алды 10 миллион сом доого жыгуулар болгон. Саясий куугунтук тууралуу сөз кылбай эле коёлу, эң көп саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү камалган. Азыр сиздин уулдарыңыз саясатка эркин аралашып, командаңыз каалаганын сүйлөп жүрөт”, - деди Дайырбек Орунбеков.
Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапровдун кайым айтышуусу Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча Фейсбук баракчасына пост жазгандан кийин башталган. Өлкө башчы анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.
Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берген. Мурдагы мамлекет башчы учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин жазган. Ал саясатка аралашуу ниети жоктугун, бирок учурдагы бийликти энергетика жаатындагы чыныгы абалды көрсөткүсү келсе жарыкты импорт жана экспорт тууралуу сандарды ачыкка чыгарууга чакырган.
14-ноябрда Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Алмазбек Атамбаевге жооп берип, 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгонун, 2010-жылдан 2020-жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллиард 323 миллион долларга жеткенин айткан. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда айрым энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда коррупцияга жол берилгенин, кээ бири аягына чыкпай мамлекеттин мойнуна карыз илингенин билдирген.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Бишкек шаардык соту 23-октябрда өкүмдү күчүндө калтырган.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин сунуштап келет.
2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.
Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда көз карандысыз медиалар менен журналисттер миллиондогон доого жыгылган окуялар болгон.
Ушул тапта да өлкөдө айрым жалпыга маалымдоо каражаттары соттун чечими менен экстремисттик деп табылып, кээ бирлери жабылууда. Айрым журналисттер абакта жатса, дагы башкалары чет жакка чыгып кеткенге мажбур болду. (BTo)
Шерине