Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Путин АКШнын Украина боюнча тынчтык планы тууралуу үн катты


Владимир Путин
Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан план Украинадагы согушту токтотууга негиз боло аларын айтты. Ал мындай оюн 21-ноябрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди.

Путин Орусия АКШ сунуштап жаткан пландын долбоорун алганын, бирок орус тарап менен конкреттүү талкуу азырынча жүргүзүлбөгөнүн, анткени Украина сунуштарга макулдугун бере электигин айтты.

Талкууланып жаткан документти ал Аляскада АКШ президенти менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда каралган келишимдин "модернизацияланган версиясы" деп атады. Путин Москва сунуштарга макулдугун тастыктаганын, бирок Украина макулдугун бербегендиктен ошондон бери АКШ тараптан аракеттер убактылуу токтоп калганын айтты.

Ал ошондой эле АКШ Орусиядан айрым бир компромисстерге барууну суранганын белгиледи. Путиндин айтымында, Орусия азыр тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр, бирок аны Купянск жана фронттун башка участокторундагы абалдын динамикасы канааттандырууда. 4-ноябрдан бери, орус президенти кошумчалагандай, Украинанын Купянск шаары толук орус армиясынын көзөмөлүндө.

Ачык булактардын маалыматына караганда, Орусиянын аскерлери Покровск аймагында алдыга жылууда, ал эми Купянскта фронт линиясы дээрлик өзгөргөн жок. Украин аскерлери шаардан чыгып кеткенин билдиришкен эмес.

Ак үйдүн Украина боюнча тынчтык планы азыр кызуу талкуу болууда. Анын тексти ачык жарыялана элек, бирок планда Украина кээ бир жерлерин Орусиянын карамагында калтырышы керектиги, санкциялар бара-бара алынары жазылганы кабарланууда. Украин президенти Владимир Зеленский 20-ноябрдын кечиндеги кайрылуусунда өлкө өз тарыхындагы эң оор кырдаалга туш болуп турганын айтты.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG