Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Бабанов Атамбаевге кайрылып, 2017-жылкы шайлоодогу мыйзам бузууларды эскертти


Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов Бишкекте өткөн нааразылык акциясында, 9-октябрь, 2020-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов Бишкекте өткөн нааразылык акциясында, 9-октябрь, 2020-жыл

Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 17-ноябрда социалдык тармакта жазган билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал Фейсбуктагы баракчасына 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга көңүл бурган.

“2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, үгүтчүлөрдү тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткенмин. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин”,-деген мурдагы премьер-министр.

Ошондой эле Бабанов Атамбаевдин бир уулу Жогорку Кеңеште, бир уулу шаардык кеңеште депутат болгонун эске салып, мурдагы президентти аксакал катары жеке амбициядан жогору болуп, туура кадам жасоого чакырган.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунда алган. Ал учурда Алмазбек Атамбаев өзүнүн санаалашы Сооронбай Жээнбековду ачык колдоого алып, Бабановду сындаган. Бирок кийин 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Бабанов менен Атамбаев биргеликте Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында акция өткөрүшкөн.

17-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасына чыккан билдирүүдө өлкөдө биринчи оор энергетикалык кризис Курманбек Бакиевдин тушунда болгону, ошол учурдагы бул тармакты ушундай абалга алып келгендер азыр кызматта отурганы айтылган. Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын кошумчалаган.

Буга президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков дароо жооп берип, сөз эркиндиги Атамбаевдин учурунда көйгөйлөр болгонун, бир катар журналисттер куугунтукка кабылганын билдирген.

18-ноябрда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да Фейсбуктагы баракчасына энергетика тармагы боюнча президент Садыр Жапаровдун билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт деп билдирүү калтырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG