Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров үйүнө милиция кызматкерлери барганын айтып, бийликке Фейсбуктагы видеосу аркылуу кайрылды.
Анын айтымында, 22-ноябрдын таңында үйүнө өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган куралчан төрт адам барган. Кадыров өзү ал маалда үйүндө жок болгон. Мындан улам балдары чочуп, үй-бүлөсүнүн тынчы кеткен.
Милиция мурдагы депутаттын бул билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.
Кадыров президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуусунда эч кайда качпай турганын, чакыруу кагазы берилсе милицияга барууга даяр экенин айтты.
Мунун алдында Жогорку Кеңештин дагы бир экс-депутаты Шайлообек Атазов үйүнө 22-ноябрдын таңында ИИМдин Тергөө кызматынын өкүлдөрү барганын, тинтүү жүргүзгөнүн айтып чыккан. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы ырастаган.
Кубанычбек Кадыров 2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирип кармалган 27 саясатчынын бири болгон. Ал 2023‑жылдын апрель айында үй камагына чыккан.
Кадыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү. (KS)
Шерине