Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Украинадагы коррупция чуусу: Зеленскийдин үзөңгүлөшү Ермакка кысым күчөдү


Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак
Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак

мазмуну

  • Украин президенти Зеленский Түркиянын лидери Эрдоган менен жолугарын билдирди, бирок Анкарада АКШнын өкүлү Стив Уиткофф менен кездешпейт.
  • Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак коррупциялык чуудан улам кысымга кабылды.
  • Ермак Зеленскийдин эң ишенимдүү саясий өнөктөшү экени белгилүү. Ал кызматтан кетсе саясий кризис келип чыгабы?

19-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга барды. Анын бул жолку сапары соңку айларда солгундап бараткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантуу аракети катары бааланууда. Ошол эле учурда Украинанын өзүндө коррупция чуусу уланып, Зеленскийдин эң жакын үзөңгүлөшү Ермакка басым күчөдү.

Владимир Зеленский Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушарын билдирди. Бирок ал жерде АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен кезигишпейт. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна дипломатиялык булак билдирди.

Буга чейин украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак социалдык тармакта бардык пландалган жолугушуулар графикке ылайык өтүп жатканын жана ал "АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф баштаган Ак үйдүн өкүлдөрү менен такай байланышта" экенин жазган.

Украинанын бийлик башындагыларына чейин жеткен коррупциялык чуу энергетикалык тармактагы жемкорлукка барып такалат.

Зеленскийдин эң жакын үзөңгүлөшү

Ермак Украинадагы согушту токтотуу же тынчтык келишимине жетүүнүн жолдорун издеген дипломатиялык жолугушуулардын баарында көрүнүктүү роль ойноп келген.

Ал украин президентинин эң ишенимдүү саясий өнөктөштөрүнүн бири деп саналат.

Алар 2010-жылдардан бери тааныш. Экөөнүн достугу Зеленский саясий аренага чыга электе башталып, тыгыз мамилеси бизнесте чыңдалган. Соңку жылдары Ермак саясий сахнанын артындагы таасирин кыйла күчөткөн.

"Ермак президенттин башкы кеңешчиси, администрация жетекчиси, Зеленскийдин башкаруу панелиндеги негизги баскыч десек болот. Алар "сиам эгиздери" сыяктуу бөлүнгүс тандемге айланды", - деди Киевдеги «Пента» саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Владимир Фесенко 19-ноябрда "Азаттыкка" курган маегинде.

Бийлик башындагыларга чейин жеткен коррупциялык иликтөөнүн аркасы менен Ермакты кызматтан четтетүү же анын өз ыктыяры менен иштен кетүүсүн талап кылган басым күчөдү.

"Эгер Ермак жакынкы күндөрү кызматынан алынбаса өлкө ички саясий кризиске кептелиши мүмкүн деп кооптонуп турам. Парламент алсырап, министрлер кабинетинин иши токтоп калат. Толук масштабдуу согуш уланып, фронтто Орусиянын басым-кысымы күчөп турган маалда мындай кризистин Украина үчүн такыр кереги жок", - дейт Германия Маршалл фондунун улук эксперти Олена Прокопенко.

Жемкорлук боюнча айыптоолор өткөн жумада курчуду. Украинадагы эки алдыңкы Коррупцияга каршы мекеме бир нече айга созулган иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Мындан бир нече ай мурда Зеленский бул эки мекемени жабууга аракет кылган. Анда ири нааразылык акциялары тутанган соң өз чечимин кайра кайтарууга аргасыз болгон.

Ачыкка чыккан фактылардан улам энергетика жана юстиция министрлери кызматтан кетти. Ал эми Зеленскийдин жакын санаалашы делген Тимур Миндич Украинадан качып чыкты.

Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак
Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак

"Али-Баба"

Тергөөчүлөр жаздырып алган аудиожазууларда шектүүлөр жашыруун лакап аттар менен иштегенин угууга болот. 18-ноябрда украин депутаты ошол аудилордо Али-Баба деген чындыгында Ермак болушу мүмкүн экенин билдирди.

Депутат Ярослав Железняктын сөзүнө караганда, жазууларда Ермак белгисиз аткаминерлерге Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросунун (NABU) кызматкерлерине каршы иликтөө жүргүзүүнү тапшыргандай көрүнөт.

21-ноябрда Ермак 54 жашка толот. Ал "Азаттыктын" украин кызматынын комментарий сураган кайрылууларын жоопсуз калтырды.

Зеленский 20-ноябрда «Эл кызматчысы» фракциясынын депутаттары менен жолуга турганын жарыялады. Бул болсо Ермак кызматтан алынышы мүмкүн деген божомолдорду күчөттү.

Фракциянын депутаттарынын бири Федир Вениславский 18-ноябрда "Азаттыкка" берген маегинде Ермак кызматтан кетиши керектигин айтты.

"Ермактын бул жагдайда кызматтан кетиши өкмөттүн айланасында пайда болгон толкундоону белгилүү бир деңгээлде басаңдатмак", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, фракция ичинде да "Ермак кызматтан кетиши керек" деген пикир көбөйгөн.

19-ноябрда депутаттар Украинанын премьер-министри Юлия Свириденкону парламентке чакырды. Оппозициядагы эки партия бүтүндөй өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

"Учурда Зеленский өткөн жумадагы окуяларга, иликтөөнүн масштабына жана анын айланасындагы адамдардын ысымдары аталганы боюнча чечкиндүү реакция кылууга мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жаткандай көрүнөт", - деди аналитик Прокопенко.

Фесенко белгилегендей, Зеленский үчүн Ермакты кызматтан алуу "өз колун өзү кесип салгандай" сезилиши мүмкүн жана жакын арада мындай чечим деле күтүлбөйт. Бирок эксперт "эгер массалык нааразылык акциялары башталса Ермак сөзсүз түрдө кызматтан кетиши мүмкүн" дегенди четке какпайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG