Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Токтогул районунда өспүрүм кызды зордуктоого шектүү үч киши кармалды


14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары кармалгандар. 21-ноябрь, 2025-жыл.
14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары кармалгандар. 21-ноябрь, 2025-жыл.

Жалал-Абад облустук милициясы 14 жаштагы кызды көптөн бери зордуктап жүргөн деген шек менен үч жаранды кармады, алардын бирөө өспүрүм бала. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Токтогул райондук милициясына 20-ноябрь күнү Токтогул шаарынын 41 жаштагы тургуну М.С. арыз менен кайрылып, 2011-жылы туулган Р.С. аттуу кызын ушул жылдын июлунан бери Б., Э. жана С. аттуу балдар күч колдонуп зордуктап жүрүшкөндүгүн билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо)менен иш козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 21-ноябрда Токтогул районунун 27 жаштагы Э.К., 19 жаштагы С.К. жана 15 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы прокуратуранын маалыматында, былтыр Кыргызстанда 14 жашка чейинки 53 өспүрүм зордукталганы, быйыл сегиз ай аралыгында 14 жашка чейинки 20 жана 18 жашка чейинки 42 өспүрүм ушундай кылмыштан жабыркаганы расмий катталды.(KS)


Шерине

XS
SM
MD
LG