Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына 22-ноябрда жазды. Ложниковдун айтканына караганда, азыр анын мурдагы аялынын үйү тинтилип, балдарынын оюнчуктарына чейин текшерүү жүрүп жатат.
Ложников Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев менен кандайдыр бир иши же байланышы жок экенин да белгиледи.
Ал ошондой эле бир жылдан ашык убакыт мурун алардын телефон номурларын кара тизмеге киргизгенин жана төңкөрүш же чакырыктар менен эмес, журналистика менен гана алектенерин жазды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Султан Макелов Ложниковдун жазганы боюнча комментарий бере албасын айтып, анын үйүндө жүрүп жаткан тинтүү тууралуу маалыматты ырастаган же четке каккан жок.
Дмитрий Ложников убагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн “Апрель” телеканалын башкарып турган. Быйыл 18-августта каналдын жетекчилиги бул медиа соттун чечимине ылайык жабылганын каналдын соцтармактардагы баракчаларына жарыялаган.
Телеканалды Атамбаев 2018-жылы түптөп, 2022-жылга чейин каржылаган. Андан кийин бул медиа демөөрчүлөрдүн колдоосу менен обого чыгып жүргөн.(KS)
Шерине