Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

БУУ: Украиналык качкындардын жалпы саны 10 миллионго чукулдады


Украиналык качкындар.
Украиналык качкындар.

Төрт жылга чукулдаган согуштун айынан Украинанын тургундарынын өлкөдөн кетүүсү, башка жактан баш калка издөө аракети уланууда жана качкындар саны 10 миллионго чукулдады. Бул тууралуу 21-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди жөнгө салуу башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери эле 122 миң украиналык өз өлкөсүндөгү Орусиянын тынымсыз аткылоосунан, зомбулугунан качууга аргасыз болду. Алардын көбү фронт тилкесине жакын жайгашкан аймактарда жашаган аялдар, балдар жана улгайган жарандар.

БУУ белгилегендей, үйүнөн чыга албай калгандардын да абалы оор. Мисалы, Донецк облусунун Покровск жана Мирноград шаарларында ушу тапта 1,5 миңдей киши кооптуу абалда, суу, электр жарыгы жана тийиштүү медициналык жардам жетишсиз шартта жашап жатат, алар негизинен улгайган адамдар жана майыптар. Лиман шаарында 3 миңдей адамга атышуу токтобой жаткандыктан гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болбой турат.

Баяндамада эң кооптуу абалда балдар экени белгиленди, анткени аларды күчтөп көчүрүп кеткен, мектеп, бала бакчалар жок кылынган окуялар аз эмес.

Согушка чейинки маалыматтарга караганда, Украинанын калкынын саны 40 миллиондун тегерегинде болчу. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG