Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Трамп Орусияга каршы "өтө оор" санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айтты


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалынын журналисти Брайан Килмидге интервью берип жатып Орусияга каршы "өтө оор" санкцияларды киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Журналист АКШ президенти Украинада тынчтык орнотуу боюнча 28 пункттан турган план талкууланып жаткан маалда АКШ Орусияга мындан мурда салган санкцияларын алып салууну көздөгөн жокпу деген суроо салды. Трамп керек болсо жаңы, мындан да күчтүү санкцияларды салууга даяр экенин, ал тизме жакын арада даяр болорун айтты.

Америкалык лидердин айтымында, 27-ноябрь Киевге сунушталган шарттарды кабыл алууга берилген соңку мөөнөт болот.

Мындан тышкары, Трамп украин аскерлери аймактарды алдырып жатканын белгилеп, Москва Балтика өлкөлөрүнө кол салбасына ишенип турганын айтты. "Чочулоого негиз жок, анткени Украинадагы уруш чечилет",-деди Трамп.

Ал тапта The Wall Street Journal Америка сунуштап жаткан келишим Орусияга каршы санкцияларды алууну жана бул өлкөнү кайрадан "Чоң жетиге" кошууну көздөрүн жазууда. Планда Украинада кеминде он жыл тынчтык болору жазылганы менен ал АКШны түзмө-түз аскерий жардам берүүгө милдеттендирбейт.

Документте мындан тышкары АКШ-Орусиянын энергетика, жасалма интеллект жана Арктикада кен байлыктарды казуу боюнча кызматташтык каралган.

Ал эми The Washington Post АКШ Киевдин айрым сунуш-пикирлерин эске алууга даярдыгын жазды. Басылманын билдиришинче, укарин лидери Владимир Зеленский менен АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколлдун жолугушуусунан кийин Украина тарап айрым алымча-кошумчаларды сунуштап, буга Дрисколлдун командасы каршылык көрсөткөн жок.

Зеленский вице-президент Жей Ди Вэнс менен сүйлөшкөнү тууралуу да айтты.

"Американын Украинада тынчтык орнотуу, согушту тезирээк бүтүрүү боюнча сунуштаган келишимин талкуулап, кийин эффективдүү иштеп кетүүсү үчүн көп деталдарды сүйлөшүүгө жетиштик. Ошондой эле Америка жана Европа менен кеңешүү аркылуу тынчтыкка жетүү жолун чынында эле жакшы иштеп кеткидей кылууну макулдаштык", - деди украин президенти.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG