Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстандагы кытай инвестициясы, Бээжиндин башкы дипломатынын сапары


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

мазмуну

  • Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугуп, саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду талкуулады.
  • Жолугушууда темир жол куруу, транспорт жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлор тууралуу сөз болду.
  • Ван И кытайлык жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо тууралуу эскертилгенин айтты.

Бээжиндин башкы дипломаты Ван Инин Бишкектеги эки күндүк расмий сапары аяктады. Аны президент Садыр Жапаров кабыл алды, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, эки өлкөнүн алака-катышы талкууланды. Вандын сапары кытай мигранттары аралашкан окуялар орун алган учурга туш келди.

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров Ван И менен өз ара алака-катышты, саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаганын билдирди. Маалыматта темир жана автомобиль жолдорун куруу, жаңы авиакаттамдарды ачуу, көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу тууралуу сөз болгону жазылган.

Ван И соңку окуяларга байланыштуу реакция кылып, Кыргызстанда кытайлык компанияларга мыйзамдын алкагынан чыкпоо тууралуу эскертилип жатканын билдирген.

"Садыр Жапаров көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана "Борбор Азия - Кытай" форматында чыңдалышын белгиледи. Ван И, өз кезегинде, Садыр Жапаровго Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди. Ван И эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин кытай кызматташы менен жолугушуусунун жыйынтыгында тараптардын биргелешкен билдирүүсүнө, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2026-2027-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.

"Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтыкка жана айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду",-деп жазылган маалыматта.

ТИМдин басма сөз катчысы Азамат Кайбалиев жолугушууда негизги көңүл ири долбоорлого бурулганын айтты.

"Албетте, стратегиялык долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу пикир алмашты. Тараптар бул долбоорлор региондун өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанилүү деп белгилеп кетишти. Бириккен Улуттар Уюму, "Бир жол - бир алкак" демилгеси жана Борбор Азия-Кытай форматындагы кызматташтык талкууланды".

Ван Инин Бишкек сапары Кыргызстанда кытай мигранттары аралашкан бир катар окуялар орун алган учурга туш келди. Министр Жээнбек Кулубаев улуттук каналга курган маегинде Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчкө, кытай адистерине муктаждык бар экенин билдирген. Кытайдын жардамы менен ири долбоорлор ишке ашканын белгилеген.

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"Чет өлкөдөн келген ар бир жумушчу каттоого алынган. Көптөгөн инфраструктуралык курулуштар болуп жатат. Бизде азыр 35-40 миңдин тегерегинде жумушчу орундар бар. Ошондой жетишпестиктен биздин кыргыз компаниялар, бул жакта иштеген чет элдик компаниялар башка өлкөлөрдөн жумушчуларды чакырганга аракет кылып жатышат. Анткени жумушчу жок деп карап отура бербейт да. Биз компанияларга уруксат бергенбиз, эгерде силерге жумушчулар керек болсо чакырганга мүмкүнчүлүгүңөр бар дегенбиз. Буга чейин Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүн, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун толугу менен кытайлык компаниялар курган. Ал долбоорлор ийгиликтүү бүттү. Эми чоң долбоорлордон темир жол калды. Бул жол тоолорду аралап өткөндөн кийин эң чоң рельефи оор. Ал жерде 40ка жакын көпүрө, 27-28 жерге тоннел салынышы керек. Бизде аларды курган технология жок да. Кытайлык компанияларды, кытайлык адистерди алып келип ошол темир жолду төрт-беш жылдын ичинде бүтүрүп, транзиттик эркиндик алганга аракет кылышыбыз керек. Ушундай кичинекей чагымга алдырып иштер токтоп калса ал биздин мамлекеттик көз карашыбызга туура келбейт".

Жээнбек Кулубаев бул маегинде эки өлкөнүн ортосунда виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген. Кытайлык кесиптеши менен жолугушууда бул маселе сөз болуп-болбогону тууралуу "Азаттык" ТИМден маалымат сурады жана бул макала жазылып жаткан чакта жооп алган жок.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Кытай Кыргызстан эле эмес, бир катар өлкөлөрдүн ири инвестору экенине токтолду. Ошол эле маалда көп багыттуу кызматташтык маанилүү экенин айтты.

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

"Кытай дүйнө боюнча ири инвестор болуп саналат. Товарлардын көбү ушул жактан чыккандан кийин, учурда ири инвестор болгондон кийин Кыргызстан ага кошуна болуп туруп бул мамлекеттик мүмкүнчүлүгүн колдонбой койсо туура эмес болуп калмак. Бирок ошол эле маалда биз тышкы саясаттагы тең салмактуулукту сакташыбыз керек. Аракет кылып жатабыз. Бирок күндөн күнгө Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Кытайдан көбүрөөк финансы жагынан көз каранды болуп жатат. Анткени инвестиция келсе, кредит, карыз алсак анын баарын төлөө керек, анын баары элдин башына түшөт. Кытайдын шарттары ошол каражат алып жаткан өлкөлөр үчүн көп деле жагымдуу эмес. Кытай Кыргызстанга эле эмес, дүйнөдөгү көп мамлекеттерге - Африка, Латын Америка өлкөлөрүнө деле ушуну колдонуп келе жатат. Бирок ушул тушта Кытайдан өтөөр инвестор жок болуп жатат. Алардан кийин араб мамлекеттери турат, бирок алардын дагы шарттары көп. Биз аларды тышкы саясатта приоритет кылып жатканыбызды Кытай деле түшүнүп жатат. Алар дагы биз эле эмес Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер менен кызматташып жатат. Азыр биздин кызматташтыктагы эң чоң долбоор бул темир жолун куруу. Ал жол бизге керек, бирок бизден дагы Кытай менен Өзбекстанга көбүрөөк керек. Биз транзиттик комиссия алып эле пайда таппасак көп деле пайда болбойт бизге. Ал долбоордун тобокелчиликтери деле бар, аларды дагы эске ала жүрүшүбүз керек. Мисалы, бүгүн ошол вагондор менен товар келсе согуштук күчтөр, же курал-жарак келип калган дагы учурлар жаралышы мүмкүн. Ошон үчүн биз бардык жагын комплекстүү карашыбыз керек. Бирок өтө эле кооптоно бербей, мамиле түзүп, тартып келген инвестициянын шарттарын жакшыртуу үчүн сүйлөшүүлөрдү тынбай жүргүзүшүбүз керек. Бизде башка вариант жок. Орусия эмне болуп жатканын көрүп атабыз, Батыш өлкөлөрү бизден алыс".

Өткөн айда президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдөгү Асман шаарын курууга байланыштуу кытайлык Construction Design Institute компаниясы менен меморандум түзүлгөнүн маалымдаган. Анда компания канча каражат салары, документтин чоо-жайы, Кытайдан канча жумушчу келери тууралуу кеңири маалымат берилген эмес. Буга чейин Экономика министрлиги шаар курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептеген.

Өткөн аптанын аягында Чүйдө “Чайна Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыккан. Жаракат алгандардын бири, Бишкек шаарынын тургуну ооруканага орточо оор абалда түшкөн. Облустук милиция Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, 44 адам милицияга жеткирилген.

Бул окуядан кийин соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, укук коргоо органдары жарандарды чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырган.

Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы 16 жаран 15-январга чейин камакта калтырылганын билдирди. Алардын бөгөт чарасын өзгөртүүгө байланыштуу мындан башка сот процесси болбогонун тактады. Мунун алдында камакка алынган кытайлык жарандар абактан чыгарылганы тууралуу маалыматтар тарап жаткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG