Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо добуштар уурдалганын айтса, Сапар Исаков өзү өкмөттү жетектеп турган кезде энергетика тармагында аткарылган иштерди тизмектеген. Мындай саясий талкуулар бүгүнкү абалга канчалык таасир этет?
Бүйүр кызыткан билдирүүлөр
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин бийликке жасаган соңку кайрылуусу коомчулукта саясий талкууну жандантты. Анда Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча сынына кайра жооп кайтарып, бийликти кескин сындаган.
Өлкөнүн тышкы карызы, кымбатчылык, сөз эркиндиги, көз карандысыз медиага басым, саясий камоолор жана шайлоо тууралуу айткан Атамбаевдин сынына "Ынтымак Ордо" жооп берей эле коюуну чечкендей.
18-ноябрда президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында бийликтин тилектештерин мындай талкууларга катышпоого үндөдү.
Анткен менен Атамбаевдин билдирүүсү мурдагы өкмөт башчыларды козгоду. Аталган кайрылуудан көп өтпөй эле мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов да билдирүү жарыялап, 2017-жылкы президенттик шайлоону кандай өткөнүн эске салып, добуштар жапырт уурдалганын жана административдик ресурс мурдагы бийликтин кызыкчылыгына колдонулганын белгиледи.
“2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, үгүтчүлөрдү тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткем. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин”, - деген экс-премьер.
Ошондой эле Бабанов Атамбаевдин бир уулу Жогорку Кеңеште, бир уулу шаардык кеңеште депутат болгонун белгилеп, мурдагы президентти аксакал катары жеке амбициядан жогору туруп, туура кадам жасоого чакырган.
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунда алган. Ал учурда Атамбаев өзүнүн санаалашы Сооронбай Жээнбековду ачык сүрөп, Бабановду сындаган. Шайлоодо Жээнбеков жеңип, Бабанов 33,49% добуш алган. Шайлоодон көп өтпөй саясатчы "саясий куугунтукка" кабылганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.
2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Бабанов менен Атамбаев бирге Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында акция өткөрүшкөн.
Бийлик алмашкандан кийин Бабанов Кумтөр иши боюнча бир жарым айдан ашык тергөө абагында отуруп, кийин саясатка аралашпай калган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул иште Бабановдун мыйзамсыз иштери аныкталбаганын билдирген. Өмүрбек Бабанов соңку учурда ишкерлик менен гана алектенип, бийликтин саясатын колдорун айткан.
Анын соңку билдирүүсүнө 18-ноябрда Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек жооп берди. Ал Бабановдун 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Жапаровго каршы чыкканын эске салып, Атамбаевден кантип "кечирим сураганын" жарыялады.
"2020-жылы революциядан кийин атам абактан чыккан соң карыганда үй-бүлөм менен болоюн деп, саясатка аралашпоону туура көргөн. Бирок сиз атама чалып, ага келип, аны көндүрүүгө аракет кылгансыз", - деп жазды Кадырбек Атамбаев.
Бабановдун жогорудагы билдирүүсүнөн кийин Атамбаевдин тушунда премьер-министр кызматын аркалаган жана жакын үзөңгүлөшү Сапар Исаков да ошол эле Фейсбуктагы өз баракчасына пост жазды. Анда ал президент Жапаровдун айыптоолоруна кеңири жооп берип, өзү премьер-министр болуп турган маалда энергетика тармагында аткарылган иштерди тизмектеп чыккан.
“Учурдагы президенттин 2011–2017-жылдар аралыгында ”бир дагы электр станциясы курулган эмес” деген билдирүүсү белгилүү фактыларга карама-каршы келет. Учурда Бишкектин эски ЖЭБинин ордунда так ошол мезгилде ишке киргизилген, жаңы энергоблоктору бар модернизацияланган жылуулук электр борбору иштеп жатат. Өлкөнү азыркы энергетикалык кризистин оор кесепеттеринен сактап турган мына ушул кубаттуулуктар: алар Нарын жана Ысык-Көл облустарынын керектөөсүнө теңдеш өлчөмдө электр энергиясын иштеп чыгат жана басымдуу генерация өлкөнүн түштүгүндө жайгашкандыктан, күз-кыш мезгилинде энергетикалык тең салмактуулуктун негизги элементи болуп саналат. Жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилгенден бери борбордук ЖЭБ бир да жолу иштен чыгып токтоп калган жок, системанын үзгүлтүксүз иштешин жана шаарды жетишерлик көлөмдөгү маанилүү жылуулук менен камсыз кылууда".
Сапар Исаков Жогорку Нарын каскады жана Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча да кошумча маалымат жазып, азыр элге саясий айтыш эмес, так эсептелген антикризистик план керек экенин, энергетикалык системаны бекемдөө үчүн соңку беш жылда кандай иштер жасалып, убадаланган реформалар кандай натыйжа бергенин ачык маалымдоо керек экенин айткан.
2017-2018-жылдары өкмөттү башкарган Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. Сот Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштеринде аны күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан.
2020-жылдын 6-октябрына оогон түнү Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясынан чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Бийлик алмашкан ошол Октябрь окуяларында бир катар саясатчылар менен бирге Координациялык кеңеш түзүү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Ала-Тоо аянтындагы митинги сыяктуу саясий иш-чараларга катышкандан кийин көп узабай Кыргызстандан чыгып кеткен. Октябрдын соңунда укук коргоо органдары ага эл аралык издөө жарыялаган.
Ошентип, Атамбаевдин ушул айда азыркы бийликке карата жазган сын-дооматтары саясий айдыңда жаңы динамика жаратты.
Айрым саясий эксперттер Бабанов жана Исаков сыяктуу саясатчылардын активдешүүсү жаңы саясий позицияларды калыптандыруунун белгиси болушу мүмкүн деген пикирин билдиришүүдө.
Саясий упай топтоо ниетиби?
Активист Адил Турдукулов Атамбаев каршылаштарынын талылуу жеринен кармап, элди тынчсыздандырып жаткан маселелерди көрүп, андан улам саясий упай топтоону көздөп жатат деген пикирде:
“Бабановдун чыгып жатканы түшүнүктүү, ал өз демилгеси менен чыккан жери жок. Аны бийлик түртүп, азыркы бийликти колдошу керектигин айтып атат. Ал бизнесте жүргөн адам. Анын үстүнө 2020-жылдары Бабанов Сапар Исаков менен биригип, Кой-Ташта да жүргөн. Анан эми азыркы “кустуризация” маалында өз бизнесин сактап калуу, ошону калкалоо, азыркы бийликтин ачуусуна тийип албаш үчүн бул кадамга барууда деп ойлойм. Бул ага кандайдыр бир саясий упай алып келбейт. Сапар Исаков болсо Атамбаев менен кеңешип анан билдирүү таратууда. Анткени аны Сапар Исаков кылган, анын ийгилигин да, кемчилигин да жасаган Атамбаев болгон. Атамбаевдин айткандары канчалык өтүмдүү, жыйынтыктуу болсо, Исаковдун да келечеги кайсы жакка бурулары ошого байланыштуу болот. Ал Атамбаевди колдоо, өз ишин актоо аракетинде билдирүү таратып жатат”, - деген баа берди Адил Турдукулов.
Азыр элдин бүйүрүн кызытып турган бул саясатчылардын соңку билдирүүлөрү балким азыркы бийликти аларды чет жактан өлкөгө алып келүү аракетине түртүшү мүмкүн экенин Турдукулов жокко чыгарган жок.
Ал тапта дагы бир саясат талдоочу Руслан Акматбек азыркы бийлик коомго тигил же бул маселелер боюнча маалыматты өзүнө ылайыктап таратып, бардык кемчиликтердин булагын мурдагы бийликтегилердин мойнуна артып коюуга аракет кылып жатат дейт. Өлкөдөгү электр энергиясы, кымбатчылык, сөз эркиндигине байланыштуу маселелер азыркы коомдо дээрлик талкууланбай калгандыктан бул мурдагы жетекчилердин оозу менен айтылып калганы коомду таң калтырып жатканын, бирок андан кандайдыр бир таасир же жыйынтык болбой турганын Руслан Акматбек кошумчалады:
“Коомдун ичинде биз көйгөйлөрүбүздү эки тарап болуп талкуулабай калганыбыздын натыйжасында жогорку деңгээлде талкуулоого өттү. Себеби эксперттер менен дебаттарда талкуулап, бири-бирибиз менен негизделген жүйөлөрдү айтып тартышып келгенибиз – бул нормалдуу өлкөлөрдө болуп келген жана болуп турушу керек. Андай аянтчалар азыр жок болуп калды. Сынды азыр эч ким айтпай калды, талкуулабай калды. Коомдун өнүгүүсү болбогондуктан, мындайча айтканда “элиталар, экстер” ушул талкууну жүргүзүп атат. Булар албетте жашыруун нерселерди айткан жери жок, алар айтканды коом деле жакшы билет. Биз болгону ачык талкуу, ачык ой айтуу дегенден алыстап калгандыктан бул бизге таңкалыштуу болууда. Эгер өлкөдө саясий партиялар, саясий лидерлер болсо мындай нерселер күндө эле талкууланып, айтылып турмак”.
Фейсбуктагы посттон башталган кайым айтышуулар
Мурдагы жана азыркы президенттердин кайым айтышуусу 9-ноябрда Садыр Жапаров өлкөдөгү энергетиканын абалы тууралуу Фейсбукта жазган билдирүүлөрүнөн кийин башталган. Анда Жапаров ушул жагдайдын жаралышына мурдагы жетекчиликтин түздөн-түз жооптуу экенин айткан.
17-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасына чыккан билдирүүдө өлкөдө биринчи оор энергетикалык кризис Курманбек Бакиевдин тушунда болгону, ошол учурдагы бул тармакты ушундай абалга алып келгендер азыр кызматта отурганы айтылган. Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын кошумчалаган.
Буга президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков дароо жооп берип, сөз эркиндиги Атамбаевдин учурунда көйгөйлөр болгонун, бир катар журналисттер куугунтукка кабылганын билдирген.
Шерине