Атамбаевдин кезектеги каяшасы
Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика системасына байланыштуу ага айткан сын-пикирине жооп берип, азыркы бийликке катуу сын айтты.
17-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасына чыккан билдирүүдө өлкөдө биринчи оор энергетикалык кризис Курманбек Бакиевдин тушунда болгонун, ошол учурдагы бул тармакты ушундай абалга алып келгендер азыр кызматта отурганы айтылган. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин бир-эки жылдын ичинде миңдеген адамдардын эмгеги, инженерлердин билими менен энергетика тармагы саздан чыкканы кошумчаланган.
Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын билдирген:
“Сен өлкөбүздү башкарып жатканыңа беш жыл болду. Алгачкы жылдары эл сага чоң үмүт артты, айтканыңдын баарына ишенди. Сен элге кандай гана убада кылбадың: сөз эркиндиги, көз карандысыз ММКлар, адилет шайлоо, адам укугун коргоо жана башка түгөнбөгөн убада. Бул убакыттын ичинде эл ал тургай асманда курулган Асман шаарында жашап калгандай үмүттөнүп да алды… Ошол эл беш жыл боюнча сен мени ар дайым каралап, эсиңе келген ушактын баарын мойнума жүктөп келдиң. Мен болсо колумдан келишинче унчукпай, же такыр эле болбосо сылык, сабырдуу жооп берип жаттым. Бирок тилекке каршы, баягы эле жомок кайрадан башталды. Эми сен азыркы энергокризистин да себептерин мага оодарып, калпты катырып, мени күнөөлөп жатасың. Элдин эсинде сен берген убадалардын баары бар. Сөз эркиндигин убада кылдың - эми соцтармакка жазган бир пост үчүн камалып жатышат. Накта демократия курам дедиң - көз карандысыз партиялардын баары дээрлик жок кылынды, саясатчылардын көбү камалып чыкты же дагы эле темир тордун артында отурат. Бир ооз каршы сөз айткан жөнөкөй адамдарды да кенебей каматып жатасын. Дагы кайсы убадаң бар эле? Калыс шайлоо дедиң, шайлоого сага каршы сүйлөгөндөр катышпай калды. Мамлекеттик карызды толук жойобуз дедиң, тескерисинче, карыз бир нече эсеге өсүп кетти", - деп жазган Атамбаев.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев учурда мамлекеттик сатып алуулардын, тендерлердин олуттуу бөлүгү, суу сактагычтардагы суунун деңгээли да дээрлик жашыруун маалыматка айланганын сынга алган. Ал сөз эркиндиги жаатында "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун индексин мисал келтирип, 2017-жылы 89-орунда болсо, учурда 144-орунга чейин төмөндөгөнүн айткан.
Мурдагы президенттин соңку билдирүүсүнө президент Садыр Жапаров жооп бере элек. Бирок мурдагы президенттин Фейсбуктагы баракчасындагы бул постунун алдына президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков дароо жооп жазды.
“Сөз эркиндиги боюнча мактанбай эле коюңуз, сиздин убакта муунтуу чегинен ашкан. Анын бир мисалы мен. Мага карата 2 миллион сом доо, башкаларга алды 10 миллион сом доого жыгуулар болгон. Саясий куугунтук тууралуу сөз кылбай эле коёлу, эң көп саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү камалган. Азыр сиздин уулдарыңыз саясатка эркин аралашып, командаңыз каалаганын сүйлөп жүрөт”, - деген комментарий калтырды Дайырбек Орунбеков.
Кайым айтышуунун чоо-жайы
Тараптардын кайым айтышуусу Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча Фейсбуктагы баракчасына пост жазгандан кийин башталган. Өлкө башчы анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.
Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровдун бул билдирүүсүнө Фейсбук аркылуу жооп берген. Ал учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин жазган. Саясатка аралашуу ниети жоктугун, бирок учурдагы бийлик энергетика жаатындагы чыныгы абалды көрсөткүсү келсе, жарыктын импорту жана экспорту тууралуу сандарды ачыкка чыгарууга чакырган.
14-ноябрда Садыр Жапаров “Кабар” аркылуу Атамбаевге жооп берип, мурдагы президентти энергетика тармагын “сазга батырган” деп айыптаган. 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болсо, кийинки он жылда 123 миллиард сомго жеткенин белгилеген.
Ошол маалда “энергетика тармагындагы кризистен улам энергетиктерге маянаны банктардан алынган насыянын эсебинен берип калышкан" деп, Атамбаевдин Токтогул ГЭСи жаңыланганы боюнча айткандарын төгүндөгөн.
“Датка – Кемин бизге аба менен суудай керек болчу. Бул долбоор Атамбаевдин демилгеси жана анын эмгеги. Муну танбашыбыз керек. Анткени бул тарых. Бирок эки эсе кымбат курулуп атпайбы. Болжол менен бул долбоордон 90 миллион доллардан ашык сумма уурдалган деп эсептеп чыгышты. Эгер текшерүүлөр тереңирээк кирсе андан да көп болушу мүмкүн. Бишкек ЖЭБи боюнча айтсам. Элдин баары билет. 386 миллион долларга жапжаңы ЖЭБ салып койсо болмок. Алар эски ЖЭБдеги 24 мештин болгону 2 мешин жаңылап коюшкан. Ошол эле мезгилде Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ЖЭБ салдырып алышкан”, - деди Жапаров.
Президент Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча да сөз кылып, аны ишке ашыра турган “РусГидро” компаниясы кыргыз өкмөтүн сотко берип, анын доосу бүгүнкү күндө 50 миллион долларга жеткенин кошумчалаган. Ал 2021-жылы Орусияга сапарында президент Владимир Путин менен бул карызды кечип берүү боюнча макулдашканын, кийин компания доомат койгондо кыргыз бийлиги төлөбөй турганын айтканын тактады.
Майнинг компаниялары
Садыр Жапаров ушул эле маегинде энергетикага байланыштуу майнинг компаниялары тууралуу дооматка да жооп берип, бүгүнкү күнгө чейин алардан 22 млн сом салык түшкөнүн билдирген. Кыргызстанда эки майнинг ферма бар экенин белгилеген президенттин айтымында, Кеминдеги “Соларкоин” майнинг фермасы 2023-жылдан бери иштейт жана электр энергиясын Орусиядан импорттойт. Казакстан менен чек арадагы “Фрунзе” станциясынан баштап Кеминге чейинки транзит үчүн бүгүнкүгө чейин 172 миллион сом төккөн.
Ал эми Камбар-Атадагы экинчи майнинг ферманы мамлекет өзү суранып курдурганын, ал ГЭСтен чыккан электр линияларын жана трансформаторлорун жаңылоо милдетин алганын белгиледи.
“Бул майнинг мамлекетибиз үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш. Себеби 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 км жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт. Линиялар азыр деле мамлекеттики. Демек бул майнинг кимдир бирөөлөрдүн же министр менен менин кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Азыр депутаттыкка талапкерлер да майнингдерди айтып чыгып хайп кармай башташты. Иштин түпкү тамырын билбегенден кийин мурдуңарды тыкпагыла деп эскерте кетет элем”, - деген Жапаров.
Алмазбек Атамбаев 17-ноябрдагы постунда майнинг-фермаларына кайра кайрылып, аларды энергетикалык кризисти тереңдеткен факторлордун бири деп атаган:
"Ошол майнинг-фермалар бүгүнкү энергокризисти тереңдеткен эң чоң себептердин бири болуп турат. Эске салайын: алгачкы оор энергокризис Бакиевдин тушунда болгон. Анда сенин бүгүнкү «досторуң» — ошол эле Ширшов жана анын жамааты, алардын арасында Ибраев да бар, энергетика тармагын башкарып турган убак. Ал эми сен президенттин кеңешчиси, Улуттук коррупцияга каршы агенттиктин «жогорку комиссары» элең. Ошол кезде абал бүгүнкүсүнө караганда да оор болчу: энергетикалык шакек жок, эски ЖЭБ көз алдында урап бараткан. Жарыкты азыркыдан да көпкө өчүрүшчү — күнүнө 8–10 сааттан. Бирок 2010-жылы эл бул уурулар тобун кууп чыкты, анан болгону бир-эки жылдын ичинде миңдеген адамдардын эмгеги, инженерлердин билими менен биз энергокризисти чечип, элге жарык жана жылуулук бере алдык. Кыргызстандын энергосистемасын ошондо кризистен туу менен гимнди алмаштыруу, хансарайды салуу эмес, инженерлер менен энергетиктердин ак эмгеги куткарган", - деп жазды Атамбаев.
- Анын соңку билдирүүсүндө аты аталгандар, президент Садыр Жапаров азырынча жооп бере элек.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жаткандыктан бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын жарыялаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бардык майнинг фермалар 2026-жылдын март айынын аягына чейин иштебей турганын билдирген.
Энергетикадагы чектөө, жабык маалыматтар
Буга чейин Атамбаевдин биринчи постунан кийин анын энергетикадагы кризистик абал жөнүндө айткан сынына энергетика министри Таалайбек Ибраев "Баракелде" сайтына курган маегинде жооп кайтарып, айтылгандарды төгүндөгөн. Мурдагы президенттин тушунда жаан-чачын көп болуп, Токтогул суу сактагычы толуп турганын белгилеген министр азыр электр энергиясын керектөө көбөйгөнүн, ушундан улам тартыштык жаралганын айткан. Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн көпчүлүгү чындыкка дал келбейт жана манипуляциялык мүнөздө деп жарыялаган.
Ошол эле кезде министр талаш-талкуу жаратып жаткан энергетика тармагындагы ачык-айкындуулук тууралуу суроолорго жооп берген эмес.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу ушул жылдын май айынан тартып ачык маалымат берилбей калды. Ага чейин күн сайын кабар тараткан “Электр станциялары” ишканасы 15-майдан тартып мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген жана маалымат эмнеге жабык болуп калганын түшүндүргөн эмес.
Ушул айдын башынан бери өлкөдө калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.
Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Бийлик быйыл кыш оор болорун айтып, элди чектөөлөргө түшүнүү менен кароого чакырып келет.
Атамбаевге козголгон иштер
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин сунуштап келет.
2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Бишкек шаардык соту 23-октябрда өкүмдү күчүндө калтырган.
Анын бийлиги тушунда Кыргызстанда көз карандысыз медиалар менен журналисттер миллиондогон доого жыгылган окуялар болгон.
Ушул тапта деле өлкөдө айрым жалпыга маалымдоо каражаттары соттун чечими менен экстремисттик деп табылып, кээ бирлери жабылууда. Айрым журналисттер абакта жатса, дагы башкалары чет жакка чыгып кеткенге мажбур болду.
Макала толукталууда