Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар. Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди.
Сирияда өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул тууралуу укук коргоочулар тобу кабарлашты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-мартта Эр-Риядда Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушат.
Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык Кыргызстандагы ири ГЭСтердин ишине түз таасирин тийгизүүдө. Акыркы жылдары суу сактагычтарга жетиштүү суу топтолбой, өлкө энергетикалык кризиске кабылууда.
АКШнын Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотуу тууралуу чечими Киевдин орус армиясынын чабуулунан коргонуусун олуттуу алсыратат. Расмий адамдар менен талдоочулар ошол эле маалда Вашингтондун мындай чечими Украинанын аскердик аракеттерине чекит койбойт деп белгилешет.
Саламаттык сактоо министри алмашкандан бери бул тармактагы айрым реформалар жана анын жыйынтыгы талаш-талкуу жаратты. Октябрь окуяларынан кийин мекемени эки ирет жетектеген Алымкадыр Бейшаналиев буга чейин бир катар өзгөртүүлөрдү убадалап, реформалар жемишин бере баштаганын айткан.
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү өттү. Жыл сайын ушул күнү өтүүчү марш быйыл “Жаша аялзаты, жаша” деген ураандын алдында болду. Бул чакырык соңку кездери зомбулуктан улам каза болгон аялдарга арналган.
Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишиминин алкагында Достук айылынан көчүп жаткан элге мамилеси сынга кабылып, эскертүү алды. Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сурады.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти.
Президент Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын тургундарын урушканына байланыштуу эскертүү берди. Евробиримдикке мүчө өлкөлөр аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү планын кабыл алды. Алматы шаарында белгисиз адам аэропорттун кызматкерин бычак менен барымтага алды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Вьетнамда жүрөт. Бул кыргыз расмийлеринин Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бишкектеги “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири курулуш үчүн вьетнамдык жарандар түзгөн компанияга берилери айтылган.
Дүйнөнү дүң кылган кайым айтыштан кийин америка лидери Трамп менен украин президенти Зеленский кайра тил табышкандай болду. АКШнын жардамы жок Украина орус армиясына канчалык туруштук берет? Европанын чама-чаркы кандай?
Дагы жүктөңүз