Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Кыргызстанда 90го жакын судья ротация болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин сунушу менен жергиликтүү соттордун 84 судьясын ар кайсы аймактарга ротация кылуу тууралуу жарлыкка кол койду. (Ротация болгон соттордун толук тизмеси)

2022-жылы жергиликтүү соттордун 312 судьясы башка аймактарга которулган. Бул сот системасында тааныш-билиштикти токтотуп, жемкорлукту азайтууга багытталганы белгиленген.

Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталган бир катар укуктук нормалар иштейт. Эл аралык уюмдар, жарандык коом ага карабай, иш жүзүндө соттор саясий жетекчиликтин кызыкчылыгы камтылган иштерди кароодо аткаруу бийлиги менен прокуратуранын ашкере кийлигишүүсүнө кабыларын билдирип келишет.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев 14-февралда 2023-2024-жылдары сегиз судья кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айткан. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG