Бишкек: Бөбөк араба үчүн жол кире алуу туурабы?
Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды. Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү. Соцтармактарда жаш энелерди көп балалуу болууга чакырган өкмөт мүчөлөрү эмне үчүн мындай маселеге көңүл бурбайт деп сурагандар арбын.
Шерине