Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

Европа лидерлери Орусияга санкцияларды жумшартууга каршы чыкты


Парижде өткөн "Каалоочулардын коалициясы" саммитинин катышуучулары. 27-март, 2025-жыл. Франция.
Парижде өткөн "Каалоочулардын коалициясы" саммитинин катышуучулары. 27-март, 2025-жыл. Франция.

30дан ашуун өлкөнүн лидерлери Парижде Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Алар жаңы жардам көрсөтүүнү убада кылып, Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу боюнча сунуштарды карады.

27-мартта өткөн "Каалоочулардын коалициясы" саммитинен кийин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага колдоо мурдагыдан да күчтүү экенин белгиледи. Ал Орусия убакытты созуп, жаңы жерлерди басып алууну көздөп жатканын жана бул аракетке каршы туруу зарылдыгын айтты.

"Биздин максат – тынчтыкка жетишүү. Бул үчүн Украина мүмкүн болушунча күчтүү болушу керек," – деди Макрон жыйындан кийин.

Саммиттен соң коалицияга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштырууга байланыштуу укуктук маселелерди талдоо тапшырылды. Алар үч жума ичинде өз бүтүмдөрүн билдириши керек.

"Украинада көп өлкөлөрдөн турган коопсуздук күчтөрү жайгаштырылат," – деди Макрон. Бирок бул күчтөр согушка аралашпастыгын кошумчалады.

Жыйындын алдында эле Париж Украинага эки миллиард евролук жаңы аскердик жардам бөлөрүн жарыялаган. Андан сырткары, Европа лидерлери Орусияга салынган санкцияларды күчөтүүнү макулдашты.

Соңку күндөрү Сауд Арабиясында АКШ Москва жана Киев менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кара деңизде энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилген. Бирок Москва санкцияларды жумшартуу талабын коюп жатат.

Макрон Орусиянын "тынчтыкка умтулуу ниети жок" экенин айтып, 30 күндүк ок атышууну токтотуу жараянын эч кандай шарт койбостон кабыл алуусу керек экенин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG