Өкмөт энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү максатында чакан ГЭСтер менен күн, шамал энергиясына басым жасоо үчүн дымактуу планын жарыялаган.
Чүйдүн Кайыңды айылынан он чакырымдай алыстыктагы мал сарайда Арсен аттуу жаран жети жылдан бери фермерлик кылат. Ал жакында эле күн нуру менен жылыган электр системасын орнотуп, кара жолдун жээгинен үч чакырымдай алыстыктагы ээн талаадагы короо-сарай жаркырап эле калганын айтууда.
“Биз бул жерге мал сарай салып, көчүп келгенибизге 7 жыл болду. Электр энергиясын тартып келели деп ойлогонбуз. Бирок ага 3 миллион сомдой керек экен. Мунун чыгымы андан үч-төрт эсеге арзан болду. Анын үстүнө колдонгон электр үчүн өкмөткө акча төлөбөйбүз”.
Арсен орноткон күн панели саатына 7.5 кВт энергия өндүрөт. Муну жеке менчик компаниялардын кызматы аркылуу койдурган. Ал электр энергиясын жарык үчүн эле эмес, жылытуу системасына, тиричилик техникасын иштетүүгө да колдонууда.
Бул сыяктуу күн панелин орноткондор соңку жылдары көбөйө баштады. Бирок учурда күн нурунан электр өндүргөндөр өлкөнүн муктаждыгынын 1% да жаппайт.
Күн нуру менен жылыган коомдук имарат
Нарындын Ак-Талаа районунда күндүн нуру менен жылыган имарат салынып, китепкана катары пайдаланууга берилгенине 2 жылга аяк басты. Демилгенин башында турган Нарын шаарынын тургуну Эрмек Байбагышовдун максаты азыр ушул технологияны жайылтуу болууда.
“Бул имарат бышкан кыштан эле салынган. Бирок сыртты 20 см камыш менен жылууланган. Имараттын ичи толугу менен күн панелдери менен жылытылат. Азыр сыртта 8 градус жылуу болсо панель 54 градус жылуулукту кармап турат. Атайын орнотулган система менен ал жылуулукту бөлүп берет”.
Имарат Ак-Тал айылында жайгашып, аймакта кышкысын -30 градуска чейин суук болот.
“Бул от казан күн нуру менен жылыйт. Эгер анын күчү жетпей калса же булут каптап күндүн көзү көрүнбөй калса деп биз энергоэффективдүү меш да орнотконбуз. Ал көмүрдү максималдуу түрдө күйгүзөт жана зыяндуу түтүн бөлүп чыгарбайт”, - деди Байбагышев.
40 чарчы метр имарат бир жагы элге көргөзмө катары да салыныптыр. Ушунун үлгүсүндө анан башкалар дагы күн энергиясын колдонсо дегенге мисал болгон. Нарын мамлекеттик университети демилге көтөрүп, эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашкан. Азыр бул имаратты Ак-Тал айыл өкмөтү пайдаланып жатат.
"Бул жерге айылдагы китепкананы көчүрүп келдик. Ушундай салса кандай болот деп ойлонуп, системаны көрүп кеткендер болуп жатат. Аларга толугу менен көрсөтүп чыгабыз", - деди айыл өкмөттүн кызматкери Майрам Байбагышова.
Эрмек Байбагышовдун кесиби агроном. Германиядан билимин жогорутатып келген. Ал өзү туулуп-өскөн айылдагы токойдун абалы тууралуу ар дайым ойлонуп, түйшөлгөнүн, ошол санаасынын арты менен күн нурунан энергия алуу демилгеси келгенин айтып берүүдө.
“Биздин айылда бир үйдө өлүм болсо айылдаштар ага токойдон бир машине отун жүктөп алып барып төгүп беришет. Мен ошондо “токойдо эмне күнөө” деп ойлончумун. Анан ушул долбоорду жазып, ишке ашырдым”.
Эми Эрмек айылдаштарын токойду кыйбай, күн панелдерин пайдаланууга чакырууда.
Байбагышов электр энергиясын коромжу пайдалануу, үйдү жылытууга кеткен ресурстар менен токойлорду байланыштырган чынжырча микроклиматтын өзгөрүшүнө түрткү болуп жатат деп эсептейт.
“Биз салган имараттагы жабдуу Германиядан 12 миң еврого келди. Бирок мындай панелдерди Кыргызстандан жасагандар да бар. Биз бул ыкманы элге жайылтуу максатын көздөп жүрөбүз. Өкмөт мындай жабдууларды сатып алганга элге пайызсыз кредит берсе болот. Биз бул сунушту даярдап жатабыз. Отун менен электр энергиясына төлөгөн акчасын ошол жабдууга төлөсө өкмөткө да, элге да пайда болот”, - деди Эрмек Байбагышев.
Өкмөттүн жашыл энергетиканы жайылтуу аракеттери
Күн эле эмес, шамалдан энергия алуу аракеттери да жанданганын байкоого болот. Маселен, 2021-жылы Тоң районундагы Топурак-Бел аймагына "Кыргыз Винд систем" компаниясы шамал паркын курууга белсенген. Ага улай эле Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр аймагына “Бишкек-солар” компаниясы да күн электр станциясын куруу башталганын, дымактуу планы ишке ашса кеминде эки айылга жарык жеткирсе болорун билдирген.
“Эмне болбосун, бир булактын көзүн кароо кооптуу. Электр энергиясын өндүрүүнүн бардык булактарын бирдей алып кеткенге аракет кылышыбыз керек. Климат тез өзгөрүп жатканын көрүп жатабыз", - деди Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева.
Кыргыз бийлиги энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну көбөйтүү планын жарыялаган.
2022-жылы өкмөттүн Жашыл энергетика фондун түзгөн. Фонд гидроэнергетика, күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү багытында иш алып барары айтылган.
Мекеме 2024-жылдын июль-декабрь айларында инвесторлор менен конкурстук негизде 42 жер тилкесин ижарага берүү боюнча келишимдерди түздү.
Маалыматта ылайык, инвесторлорго берилген 42 тилкенин жалпы аянты 3 миң 964 гектарды түзөт.
Мунун ичинен 31 тилкеге 351,97 мегаватт кубаттуулуктагы кичи гидроэлектр станцияларын курууга берилген. 11 тилкеге күн электр станцияларын куруу каралган жана алардын жалпы кубаттуулугу 1634,5 мегаватт болот деп мерчемделүүдө.
Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, жарым жыл аралыгына Энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) багытында иштеген субъектилерден фондго 113 миллион сом түшкөн.
2023-жылы мартта президент Садыр Жапаров “Энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда күн, шамал жана энергиянын жаңыланып туруучу башка да булактарын өркүндөтүү үчүн станция курууга бир катар жеңилдик берүү каралган.
Президент Жапаровдун Кытайга болгон соңку иш сапарында кубаттуулугу 300 мегаваттык күн электр станциясын курууга инвестициялык келишим түзүлгөнү белгилүү болду.
Кытай инвесторунун жардамы менен күн нурунан электр өндүргөн станциялардын курулушу Чүй жана Баткен облустарында башталган. Ушундай эле станциялар Нарында да салынары айтылган.
“Чоң станцияларды салууга ири каражат жана узун убакыт керек. Менин оюмча 1-2 жылда алар ишке кирип калат деп ойлойм”, - деди Кырбашева.
Кыргызстанда бардык ГЭСтер менен Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн электр энергиясынын жылдык көлөмү 14 млрд кВт саат болсо, иш жүзүндөгү керектөө 17 млрддан ашып кетет. Өкмөт үчүн жетпеген кубаттуулукту чөлкөмдөгү коңшулардан импорттойт.
Ушу тапта Кыргызстандагы алыскы жайлоолордогу малчылар бүт эле чакан күн панелдерин колдонууга өттү. Өкмөттүн дымактуу пландары канчалык ишке ашарын азырынча айтуу кыйын. Бирок климаттын өзгөрүшү малчы фермелерден тартып, талаада иштеген дыйкандарга чейин мурдагы көндүм эрежелеринен баш тартып, жаңы ыкмаларды табууга аргасыз кылууда.
Шерине