Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

Вьетнам менен кызматташуунун оролу келдиби?


Адылбек Касымалев баштаган делегация Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тин менен, 7-март, 2025-жыл.
Адылбек Касымалев баштаган делегация Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тин менен, 7-март, 2025-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Вьетнамда жүрөт. Бул кыргыз расмийлеринин Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бишкектеги “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири курулуш үчүн вьетнамдык жарандар түзгөн компанияга берилери айтылган. 

Вьетнамга алгачкы сапары

Адылбек Касымалиевдин Ханойго сапары Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы расмий жетекчинин Вьетнамга алгачкы визити болуп калды. Анын жүрүшүндө кыргыз өкмөт башчысы Түштүк-Чыгыш Азиядагы социалисттик өлкөнүн президенти Лыонг Кыонг баш болгон бир нече расмий жетекчи менен жолукканы кабарланды.

“Кыргызстан менен Вьетнамдын көп жылдык бекем достук алакалары бар. Биз элибиздин өз ара сыйга, колдоого жана адилеттикке, көз карандысыздыкка жана өнүгүүгө бирге умтулган тарыхый байланыштарын жогору баалайбыз. Дипломатиялык алакалар орнотулган күндөн бери дээрлик 33 жыл өттү. Бул мезгилде олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бул жетишкендиктер менен эле токтоп калбоо керек деп эсептейм. Азыр кызматташуунун ири мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга бүт ыңгайы келип турат”, - деп билдирген Адылбек Касымалиев.

Сапардын жүрүшүндө тараптар үч документке кол коюшту.

Эки тараптуу документтердин бирине кыргыз тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев кол койду.
Эки тараптуу документтердин бирине кыргыз тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев кол койду.

Алар: өкмөттөр ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу, юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум жана жарандык авиация мамлекеттик агенттиктеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум.

Маалыматтарга ылайык, тараптардын соода алакасы соңку беш жылда 13 эсе өскөн. Экономикалык кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү үчүн кыргыз-вьетнам өкмөт аралык комиссиясын түзүү сунушталды.

Касымалиев баштаган кыргыз делегациясы Вьетнамдын ишкер чөйрөсү менен да жолугушуу өткөрдү. Өкмөт башчы бул жолугушуулар Кыргызстан менен Вьетнамдын экономка, инвестиция, соода жана энергетика жаатындагы кызматташтыгын бекемдей турганын айтты. Жүргүзүлгөн көп пландуу реформалар аркылуу Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүшкө жетише алганын белгиледи.

Алаканын өнүгүү динамикасы канчалык активдүү?

Борбор Азиядагы Кыргызстан менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы Вьетнамдын ортосундагы саясий жана экономикалык мамиле канчалык жакын?

Вьетнам - Түштүк-Чыгыш Азиядагы ылдам өнүгүп бараткан өлкө. Ички дүң өнүмү 500 млрд доллар, Азияда 12-орунда турат.

Бирок расмий статистикага таянсак, Кыргызстан менен Вьетнамдын соода алакасы көп деле чоң эмес. Эки өлкөнүн соода алакасы негизинен уюлдук телефон жана анын аксессуарларынан турат. Маселен, эки тараптуу сооданын көлөмү 2024-жылы 75,5 млн доллар, анын 99% Вьетнамдан келген импорт болгон. Мунун бештен төрт бөлүгүн (4/5) уюлдук телефондор түзөт.

Эл аралык ишкер кеңештин жетекчиси Аскар Сыдыков Вьетнамды потенциалы кең мамлекет деп эсептейт:

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

“Вьетнам - 100 миллиондон ашык калкы бар, чоң рыногу, үч тараптан деңиз менен байланышы бар чоң өлкө. Азыркы учурда Вьетнам өкмөтү инвестор-ишкерлерге абдан эле ылайыктуу шарттарды түзүп берүүдө. Биздин билишибизче, жапониялык, кытайлык, кореялык жана башка, жада калса Европа, Америкадан келген көп ишканалар Вьетнамда өздөрүнүн өндүрүшүн ачып, андан ары экспорттоого киришүүдө. Демек, Вьетнам ал жаатта абдан эле ийгиликтүү кетип баратат. Ошондуктан иштешкенге мүмкүнчүлүктөр бар".

"Инвестиция тармагы ачык-айкындыкты талап кылат"

Кыргызстан менен Вьетнамдын инвестициялык алакасында 2024-жылы чоң бурулуш болду.

Былтыр жайында вьетнамдык компания Кыргызстанга ири инвестиция салып жатканы белгилүү болгон. Түбү вьетнамдыктарга таандык ROX Group компаниясы Бишкектеги мурдагы “Аккула” ат майданынын 53,5 гектар жерине турак жай жана соода комплекстерин курууга белсенип жатканы жарыяланган.

Инвесторлордун оффшордогу компаниясы менен жергиликтүү тургун биргелешип түзгөн “РЦА Ливинг” деп аталган фирмасы мамлекеттик казынага 67 млн доллар акы төлөп, турак жай жана бизнес комплекстерин курмакчы. Бишкек мэриясы ал жерге жалпысынан 87 млрд сомдук инвестиция салынат деп билдирген.

Аны менен катар, ошол эле вьетнамдык компания “РЦА Бишкек” деген дагы бир фирма ачып, ага Бишкектин чок ортосундагы “Ай-Пери” бизнес борборун 568 млн сомго сатып алганы кабарланган.

Мурдараак атайын кызмат ал имаратты маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаев менен коррупция боюнча соттолгон экс-бажычы Райымбек Матраимовдон мамлекетке өткөрүп алдык деп, баасы бир кыйла жогору айтылган болчу. Вьетнамдык компаниянын эки долбоорду тең алуу процедураларынын ачыктыгы жана дегеле ал инвесторлордун ишенимдүүлүгү коомдо бир кыйла талкууга алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров инвестициялык климат ачык-айкындыкты талап кыларын, болбосо ар кандай түкшүмөл-күдүк пикирлер жараларын айтат:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Инвестор каалаган өлкөдөн келиши мүмкүн, Вьетнамдан деле, башка өлкөлөрдөн деле. Бул үчүн биздин процедуралар инвесторлорго ачык болушу керек. Ачык болуп, арасында ачык бир атаандаштык жаралып, анан биз үчүн эң пайдалуу инвестор келиши керек. Ачык болбосо, албетте, оффшордон башка компаниялар келе берет. Анан, анын артында ким бар, коррупциялык элементтер жокпу деген суроолор туула берет”.

Кыргыз-вьетнам сүйлөшүүлөрү.
Кыргыз-вьетнам сүйлөшүүлөрү.

Расмий документтер көргөзүп тургандай, буга чейин Вьетнам менен Кыргызстандын бир да олуттуу инвестициялык алакасы болгон эмес.

Эгерде соңку он жылдык тарыхты барактасак, Вьетнамдын Кыргызстанга салган инвестициясынын эң көбү 318 миң доллар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG