Эркин журналист Канышай Мамыркулова Бишкектеги №21 тергөө абагына 19-майга чейин камалды. Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камалгандан кийин башталган нааразылык уланууда. Бишкекте коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире киргизилгени коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Кыргызстандын медиа аракет платформасы жарандык позициясы үчүн камалган журналист боюнча тынчсыздануусун билдирип, бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду. Социалдык тармактагы пикири үчүн кармалган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова 19-майга чейин камалды.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талкуу-талашка кабылды. Буга президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду.
Эр-Риядда АКШ - Орусия сүйлөшүүсү өтүп жатат. Бишкекте Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан үйлөрдүн жерлерин кескени жатат. Стамбулдун камактагы мэри Имамоглу президенттикке үмүткөр катары көрсөтүлдү.
Бишкектин бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан айрым үйлөрдүн жерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндеги үйлөр "кызыл сызыктан" чыгып кеткенин билдирүүдө. Тургундар мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп атап, менчик укугу бузулуп жатканына нааразы.
Эр-Риядда Вашингтон менен Москванын делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат. Украинадагы согушту токтотуу аракети алкагында Вашингтон Киевдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. Жекшембиде Эр-Риядда АКШ менен Украинанын өкүлдөрү согушта ок атышууну жарым-жартылай токтотуу тууралуу сүйлөштү.
"Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхта калган Март окуясына 20 жыл болду. 2005-жылкы парламенттик шайлоодогу нааразылыктын арты бийлик алмашууга алып келген. Саясий системага нааразы болгон эл үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин бийлигин кулаткан.
Украинадагы Орусия баштаган согушту токтотуу аракети алкагында АКШ украин бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. 23-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин расмийлеринин кезектеги жолугушуусу өттү. Эми 24-мартта АКШ өкүлдөрү Орусия тарап менен экинчи жолугушуусун өткөргөнү жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте туруп, депутат Султанбай Айжигитовго айткан эскертүүлөрү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимде кыргыз бийлиги "стратегиялык ката кетирди" деп сындаган.
Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборундагы терактка бир жыл болду. Бул кандуу окуядан кийин Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштырган бир катар мыйзамдар кабыл алынып, мигранттар кыйын кырдаалга туш болду.
Эркин журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулова 22-мартта соттун чечими менен эки айга камака алынды. 21-мартта Кыргызстандагы 60тай укук коргоочу, активист, журналист президент Садыр Жапаровго, УКМК жана ИИМ башчыларына ачык кайрылуу жолдоп, аны бошотууга чакырган.
Дагы жүктөңүз