27-мартта Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Айпери Медет кызы 76 кг салмакта кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медал алып, Азиянын үч жолку чемпиону болду.
Ал финалда индиялык Ритика Худаны 7:6 эсебинде утту. Кыргызстандык балбан акыркы 30 секундда төрт балл алып, жеңишке жетти. Медет кызы индиялык балбан кызды буга чейин 2024-жылы Парижде өткөн Жайкы Олимп Оюндарынын чейрек финалында да жеңген.
Амман шаарында 25-мартта башталган Азия чемпионаты 30-мартта аяктайт.
25 жаштагы Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло (2018-ж.) байгелерин уткан. Ал ушуну менен Азия чемпионатынын финалында алты жолу күрөштү. Ал буга чейин эки чемпионатта жеңишке жетсе (2022-ж., 2024-ж.), үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.). Жайкы Олимп Оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Шерине