19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окууда бир карады. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бирөө гана - Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы макул деп добуш берди.
АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.
Жогорку сот Аскат Жетигенге чыккан буга чейинки шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев төрт жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында машинени анын тууганынын баласы айдап баратканын тактады.
18-мартта Жогорку сот ырчы, активист Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызын кароо уланып, соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жетиген Чүйдөгү №27 абакта үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт. Акындын адвокаттары, жакындары чечимди "туура эмес" деп баалашты.
Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүрөт. 17-мартта ал президент Садыр Жапаров жана башка кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. "Азаттык" радиосу Йозеф Сикелага бир нече суроо узатты.
Аксы окуясына 23 жыл болду. АКШ менен Орусиянын президенттери Украинадагы согушту токтотууну жана болжолдуу тынчтык келишимин ушул аптада телефондон талкуулай турган болду. Бишкекте бир күндө үч бала көп кабаттуу үйдөн кулап, чарчап калды.
Аксы окуясына байланыштуу эскерүү иш-чаралары Боспиек айылында жана Бишкек шаарында өттү. Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланып келет. Кыргызстандыктар эркиндиктин кадырын сезип, ошол окуялардын сабагын алдыбы?
"Бишкекбашкыархитектура" шаардын чок ортосундагы "Кыргызтелекомдун" башкы имараты бузулуп, анын ордунда көп кабаттуу машина токтоочу жай курулат деген маалыматты четке какты.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан сөз сүйлөөгө эки ирет уруксат сурап, ал өтүнүч эки жолу тең четке кагылды.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Орусияда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги талаптары аткарылбай жатканын айтып чыкты. Ал өзү туш болгон окуяны мисал кылып, Кыргызстандын жарандары Орусияга кирүүдө тоскоолдуктарга кабылып жатканын белгиледи.
Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн Бужум айылынын Чет-Булак жерлигине жаңы конуш түптөлүп баштады. Ар бир турак жайга 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй-бүлө көчүп келет. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тактоодо айрым тилкелерин алмашты.
Дагы жүктөңүз