Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Башкы көзөмөл органы жемкорлукка каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялап, натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт. Коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча маалыматтарды жана отчетторду сурап, жумушчу топторду түзө алат.
Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)
Шерине