Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, учурда тергөө абагында отурган Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын Оштогу бир нече мүлкү мамлекетке кайтарылды. Анын арасында "Эрем", "Динамо" спорт клубдары да бар. Жергиликтүү бийлик аларды кандай багытта иштетерин азырынча ачыктай элек.
Украинанын Киев, Орусиянын Белгород шаары аба соккусуна кабылды. Ал арада Донецк облусунда айыгышкан салгылашуулар уланууда.
Жогорку Кеңеш эки айлык эс алуудан кийин ишке киришти. Алдыда талаш-талкуу жараткан бир катар мыйзам долбоорлору турат. Бул чакырылышта 20дай депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. Бул парламент канчалык өз алдынча бийлик бутагынын милдетин аткарып жатканы тууралуу суроолорду жаратты.
Украинанын Киев, Орусиянын Белгород шаары аба соккусуна кабылды. Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, депутаттар ишке чыкты. Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталды.
Бишкектеги айрым ишкерлер банктык которуулардагы кыйынчылыктардан улам бизнес өкүлдөрүнүн арасында криптовалюта менен эсептешүү популярдуу болуп бара жатканын айтышууда. Акыркы жылы криптовалюталык алмаштыруулардын жүгүртүүсү бир нече эсе өстү.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иликтөөсү Өзбекстан президентинин күйөө баласынын Ташкенттеги көмүскө курулушка тиешеси бар экенин көргөздү. Булактар билдиргендей, ал долбоордун алкагында 20 турак жай түрттүрүлгөн. Атүгүл райондогу жападан-жалгыз мечит көчүрүлүшү мүмкүн.
Беларуста 2020-жылкы нааразылык акциялары күч менен басылгандан кийин жарандык коомго каршы катаал кысым күчөгөн. Бул окуялардын фонунда өкмөт жаш балдарды "аскердик-патриоттук" маанайда тарбиялоону күчөтүп, өзгөчө балдар үйүндөгү жана аялуу катмардагы өспүрүмдөргө басым жасалууда.
“Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталып жаткан 20дан ашык оппозициячыл саясатчы активисттер сотту ачык өткөрүүнү талап кылууда. Бишкек шаардык сотунда Биринчи май райондук сотунун бул иш боюнча айыпталгандарды актоо өкүмүн жокко чыгаруу тууралуу прокуратуранын апелляциялык арызы каралып жатат.
Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 объектинин ачылышы болду. Анын теңинен көбү социалдык жайлар жана теңине жакыны өндүрүш ишканалары.
31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы майрамдалды. Быйыл Көз карандысыздык күнүнөн тышкары, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы да белгиленүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты. Ал буга чейин “Ыйман” фондусунун ишинин алкагында суракка чакырылган. Парламентте кезектеги депутаттын мандаттан ажыратылышы эмнеден кабар берет?
Кыргызстанда эгемендик күнүн утурлай 100 объекттин ачылышы болду. Анын теңине жакыны өндүрүш ишканалары жана калганы социалдык жайлар. Президент Садыр Жапаров Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводуна жана Ысык-Ата районунда цемент заводдуна старт берди.
Дагы жүктөңүз