Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

Беларус өкмөтү жетим балдарды аскерге даярдап, согушка үйрөтөт


Беларус милициясынын кызматкери өспүрүмгө автомат атканды үйрөтүүдө. 2020-жыл
Беларус милициясынын кызматкери өспүрүмгө автомат атканды үйрөтүүдө. 2020-жыл

Беларуста 2020-жылкы нааразылык акциялары күч менен басылгандан кийин жарандык коомго каршы катаал кысым күчөгөн. Бул окуялардын фонунда өкмөт жаш балдарды "аскердик-патриоттук" маанайда тарбиялоону күчөтүп, өзгөчө балдар үйүндөгү жана аялуу катмардагы өспүрүмдөргө басым жасалууда.

Беларуста 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки жапырт нааразылык акциялары күч менен басылганда, жарандык коомго каршы катаал кысымдар күчөгөн. Өкмөт оппозицияны аёосуз куугунтукка алып, активисттерди камап, көз карандысыз маалымат каражаттарын жапкан. Tолук изоляцияда калгандардын арасында миңдеген жетим балдар да бар.

"Буга чейин мындай балдарды коомго интеграциялоо үчүн альтернативдүү сунуштарды киргизген уюмдар бар болчу. Азыр аларга мамлекет гана кам көрөт жана анын өзүнүн күн тартиби бар", - деди психолог жана укук коргоочу Ольга Величко "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде. Ал 2021-жылы Гродно шаарындагы балдар хосписи жабылгандан кийин Польшага чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Барган сайын, айрыкча Орусия 2022-жылы февралда Украинага толук масштабдуу басып киргенден бери, аскердик-патриоттук иш-аракеттерге басым жасала баштады. Мамлекеттик жана беларус православ чиркөөсүнүн интернаттарындагы жетим балдар согуш талаасындагы лагерлерге жөнөтүлүп, аскердик машыгуулардан өткөрүлүп, курал-жарак колдонууга үйрөтүлүп, "Вагнер" жалданма тобунун катарына жана Украинанын айрым жерлерин басып алган орус аскерлерине дем берген каттарды жазууга мажбурланышат.

Мамлекеттин "патриоттукка" тарбиялоо аракеттерин Беларустун Билим берүү, Коргоо, Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери чогуу координациялашат. Аялуу балдар үчүн мындай лагерлер 2007-жылдан бери иштегени менен, Украинадагы согуш жана Беларуста күчөгөн авторитаризм бул ишти өкмөттүн артыкчылыктуу милдети кылып койду.

"Жылуу атмосфера"

2020-жылы декабрь айында Ички иштер министрлигинин жана Минскидеги ОМОНдун кызматкерлери жетим балдардын тобун курал-жарак жана техника көргөзмөсүнө алып барышкан. Анда мамлекеттик медиа 12 жаштагы өспүрүм бала ОМОНдун ок өтпөс соотун жана туулгасын кийип турганда, жанында турган дагы бир бала "чыныгы полковникке окшодуң!" деп кыйкырганын көрсөткөн.

Минск ОМОНунун командири Дмитрий Балаба "балдар өздөрүн жылуу, үй-бүлөлүк атмосферада сезиши үчүн" колдон келгендин баарын жасаганын айткан.

Беларус өспүрүмдөр аскерлештирилген лагерде. 2010-жыл.
Беларус өспүрүмдөр аскерлештирилген лагерде. 2010-жыл.

Мындай окуялар кадыресе көрүнүшкө айланды. Быйыл апрелде Беларустун Билим берүү министрлиги десантчылар менен жолугуп, аларды жоокерлерге кат жазууга үндөгөн 100дөн ашык аялуу жана жетим балдар катышкан бир катар иш-чаралар тууралуу маалымат тараткан. Анда "Боорукердик+Эрдик" аттуу долбоордун алкагында "аскер кызматкерлери балдар менен баарлашып, заманбап курал-жарактар менен тааныштырып, сүрөткө түшүшкөнү" айтылат.

2020-жылдан бери аскер бөлүктөрүнүн базасында жетим жана аялуу балдар үчүн лагерлердин саны тынымсыз өсүүдө. "2021-2022-жылдары алардын саны 480ге жеткен" деп маалымдайт мамлекеттик маалымат каражаттары.

Ал эми 2023-жылы 583 лагерь уюштурулуп, аларга "дээрлик 6000 бала" катышкан делет.

"Өкмөт 2024-жылы 14 000 баланы, анын ичинен көптөгөн жетим балдарды "куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүнүн жана бөлүктөрүнүн базаларында" жайкы лагерлерде кабыл алууну пландаштырган", - деп кабарлайт "Белта" маалымат агенттиги. Лагерлерде ардагерлер, жалданма аскерлер жана аскер кызматкерлери иштейт.

"Вагнер" жалданма аскерлери "аскердик-патриоттук" клубда балдарды үйрөтүүдө. Минск. 2023-жыл. Ксения Лебедева жарыялаган видеодон скриншот
"Вагнер" жалданма аскерлери "аскердик-патриоттук" клубда балдарды үйрөтүүдө. Минск. 2023-жыл. Ксения Лебедева жарыялаган видеодон скриншот

Былтыр жайында мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу Ксения Лебедева Телеграм баракчасына "Вагнер" жалданма аскерлери өспүрүм балдарга "аскердик-патриоттук клубда" окутуп жатканы тартылган видео жарыялаган.

"Бул силерге Мэри Поппинс эмес. Биздин балдар туура оюнчуктарды жана туура мугалимдерди тандашат", - деп жазган Лебедева.

"Эң башкысы - берилгендик"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин университетинде жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын орто мектеп бар. 2024-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 93% аскердик-техникалык университеттерге окууга өтүүнү пландаган.

"Патриотизм түшүнүгү өзгөрдү. Эми кеп Беларусту сүйүү эмес, биринчи кезекте азыркы бийликке берилгендик жөнүндө болуп атат", - дейт Екатерина Дейкало Литванын улуттук мыйзам чыгаруу органы июнь айында өткөргөн "Беларуста балдардын укуктары" аттуу тегерек столдо сүйлөгөн сөзүндө.

Дейкало аскерлердин жана беларус православ чиркөөсүнүн окуу процессине жигердүү катышуусун өзгөчө белгиледи. Mediazona басылмасы 2023-жылы аталган чиркөө өлкө боюнча 20га жакын аскердик-патриоттук клубдарды иштетип жатканын билдирген.

Ал эми быйыл майда Билим берүү министрлиги чиркөөлөргө социалдык жактан аялуу балдар үчүн баш калкалоочу жайларды ачууга уруксат берген.

Орусия 2014-жылы Украинанын чыгышындагы жикчилдердин козголоңун шыкактай баштагандан бери беларустук бир нече аскердик-патриоттук клубдар балдарды Орусиядагы ушундай эле лагерлерге жөнөтүшкөн. Алар ал жерде Донбасстагы жаңжалдан келген орусиялык жалданма аскерлерден "тажрыйба алышканын" 2016-жылы Беларустун мамлекеттик телеканалы кабарлаган.

Балдар психологу Ольга Величконун айтымында, жетим жана аз камсыз болгон балдарга идеологиялык жана аскерлештирилген чөйрөнү так аңдап билүүгө жардам берген бир үлгү жок.

"Беларус өкмөтүнүн билим берүү мекемелерине таңуулап жаткан идеологиясы балдардын жүрүм-турум үлгүлөрүнүн калыптанышына алып келет. Ата-энеси бар балдар менен бул багытта иштөө кыйыныраак болсо, жетим балдарды аскердик-патриоттук багытта тарбиялоо бир топ жеңил", - деп түшүндүрөт Величко.

Ольга Величко
Ольга Величко

Анын айтымында, балдар үйлөрүндөгү Интернетке катуу көзөмөл, идеологиялык таасирди кыйла натыйжалуу кылат.

"Жетим балдар – негизги таянычынан ажыраган, психикалык жактан жабыркаган балдар. Ошондуктан аларга момпосуй берген же жылуу сөз айткан ар бир киши көзгө жакшы көрүнөт. Балдар аларды үлгү катары кабыл алышат", - дейт психолог.

2023-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында Эл аралык ынтымакташтык (IFOR) уюму Беларуста аскерлештирилген лагерлердин саны көбөйүшү жана балдардын аскердик машыгууга тартылышы тууралуу кооптонуусун билдирген. Аталган уюм өзүнүн отчетунда 2022-жылы жай айларында бул лагерлерде 18 миңден ашык бала окутулганын, анда алты жаштан баштап балдар курал-жарак колдонууга үйрөтүлгөнүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG