Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

Германияда парламенттик шайлоодо консервативдүү күчтөр блогу алдыда келатат


Фридрих Мерц. 2025-жылдын 23-февралы.
Фридрих Мерц. 2025-жылдын 23-февралы.

Германияда өлкө парламенти Бундестагга бүгүн 23-февралда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, экзитполдордун баштапкы жыйынтыгына караганда, курамына "Христиан-демократиялык союз" (CDU) жана "Христиан-социалдык союз" (CSU) кирген консервативдүү күчтөр блогу алдыга чыкты.

Добушканалардын чыга беришинде шайлоочулар арасында жүргүзүлгөн бул сурамжылоого катышкандардын 29% добушун CDU/CSU блогуна бергенин айтышты.

Ашынган оңчул "Германия үчүн альтернатива" (AfD) экинчи орунда - 19,5%.

Ал эми солчул-борборчул "Германиянын социал-демократиялык партиясында (SPD) 16%.

Шайлоо алдындагы сурамжылоо көрсөткөндөй, Германиянын жаңы канцлери болуу мүмкүнчүлүгү CDU лидери, CDU/CSU консервативдүү блогунун талапкери Фридрих Мерцте. Ал 2021-жылдан бери немис парламентинде алдыңкы оппозициялык лидер болуп келди, ага чейин 16 жыл бийликте болгон.

Кезектеги парламенттик шайлоо Германияда быйыл сентябрда өтмөк. Бирок былтыр 6-ноябрда Олаф Шольц баштаган, курамына SPD, либералдык "Эркин демократиялык партия" (FDP) жана Bündnis 90/Die Grünen солчул-либералдык жашылдар партиясы кирген башкаруучу коалиция таркагандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо бүгүнкүгө белгиленген.

Канцлер Олаф Шольцко Бундестагда былтыр ишеним көрсөтпөө жараяны ишке ашып, жаңы шайлоо дайындалышына ал финансы министри, "Эркин демократиялык партия" (FDP) лидери Кристиан Линднерди бюджет талашынан улам кызматтан алгандан кийин коалиция ыдыраганы негиз болгон.

Шайлоого Германияда каттоодон өткөн 41 партиянын 29у катышты.

Экинчи орунда келаткан "Германия үчүн альтернатива" (AfD) партиясы миграциялык саясатты катаалдатуу жана Европа биримдигин реформалоо керек экенин айтып келаткан саясий бирикме. Ал атомдук электр станцияларын куруу идеясын, Орусия менен алака-катышты калыбына келтирүү зарылдыгын колдойт.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG