Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан бомбалоону улантууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинде президент Зеленский согушту Орусияны мажбурлап гана токтотуу мүмкүн экенин айтты. Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүү башталганын билдирди.
Кезектеги Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Мунун алдында парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты.
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) бир кылымдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Айрым тарыхчылар өзүнүн аталышы менен “Эркин Тоо” адеп жарык көргөндө кылымдар бою эркиндикти эңсеген элдин мүдөөсү, үнү, үмүтү катары кабыл алынганын жазышат.
Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду. Тармактык комитет бул боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу анын арызын четке какты.
Министрлер кабинетинин Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдарды алып, Жол фондуна топтоо сунушу талкууга түштү.
Алгач Жакынкы Чыгыштан кабар алалы. Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди.
УКМК Бишкектеги Фрунзе заводунун имараттары, 71,2 гектар жери убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин билдирип, мэрия аркылуу мамлекетке кайтарууга аракет кылып жатат. Бирок ал жерде жайгашкан ондогон компания, ишкананын ээлери тынчызданып, ишкерлик үзгүлтүккө учурай турганын айтып жатышат.
Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында четке какты.
Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясындагы сөзүндө глобалдык көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун биримдигин күчөтүүгө чакырды.
Өкмөт интернетте мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборуна жетекчи кылып Бактыгүл Иманбек кызын дайындады. Ал борбор интернет коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барарын билдирди. Коомдо борбор "цензурага курал болушу мүмкүн" деген тынчсыздануу бар.
Кыргызстанда мамлекеттик тилге байланышкан бир катар өксүктөр бар. Эне тилдин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда? Аны кантип өнүктүрүү керек? Азыркы маалда медиа тилди өнүктүрүүгө салым кошуп жатабы? "Азаттык" ушул суроолорго жооп издеди.
Израил армиясы “Хезболла” террордук тобуна каршы Ливандын түштүгүнө абадан сокку урууну улантууда. Маданият министрлигинин алдында түзүлгөн Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору ишке кирди. Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литринен 1 сомдон Жол фондуна алуу сунушталды.
Дагы жүктөңүз