6-августтан бери жылып келе жаткан сот иши
30-августта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны уланды. Алгач саат 9:00гө белгиленген сот жараяны айыпталуучу Илгиз Шаменовго бекитилген мамлекеттик жактоочу сотко келбей калганы үчүн түштөн кийинкиге жылдырылды. Түштөн кийин уланган сот жараянында жаңы жактоочулар иштин мазмуну менен таанышуу үчүн убакыт сурашты. Соттук коллегиянын мүчөлөрү алардын өтүнүчүн канааттандырып, 13-сентябрга чейин мөөнөт берди.
23-август күнү айыпталуучулар Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов мамлекеттик адвокат сураган. Мунун себебин Бекназаров төмөнкүдөй түшүндүргөн:
"Өзүңөр көрдүңөр, райондук сотто ишибиз каралып жатканда беш-алты адвокатыбыздын ишмердүүлүк лицензиясын алып кое жаздашты. Бул жолу да зыяныбыз тийбесин деп, мамлекеттик жактоочу сураганбыз. Негизи "кемпирабадчылар" өзүбүздү өзүбүз деле коргой алабыз. Анткени арабызда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, мурдагы өкмөт мүчөлөрү, журналисттер, юристтер бар. Бирок жактоочу да сөзсүз болушу керек экен".
Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталып, ал күнү Бекназаров менен Шаменов сотко келбей калганы үчүн 23-августка которулган. 23-августта булардын адвокат менен камсыз кылуу өтүнүчүн канааттандыруу үчүн 30-августка жылган.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков "Кемпир-Абад иши" боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активистти актаган.
Соттун чечими күчүнө киргенче тергөө абагындагыларынын баарынын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, дароо камактан бошотулган.
Эртеси күнү, 15-июнда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айыппул же пробация” деген.
1-июлда прокуратура райондук сот өкүмүнө каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган.
Сотту ачык өткөрүү талабы
Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр "жашыруун" грифи болгону үчүн жабык өтүп келген. Айыпталуучулар райондук соттун актаган чечиминен кийин иш ачык каралышы керек деп эсептешет.
Айыпталуучу Перизат Суранова сот отуруму жүрүп баштаса, жараянды ачык кароосун өтунүшөрүн "Азаттыкка" билдирди.
"Биздин негизги талабыбыз - сот ачык өтсүн, мыйзамдуулук сакталсын деген талаптар болуп жатат. Сот иши башталса эле процесс ачык өтүшүн өтүнүп, сотко да кайрылабыз. Бүгүн судья ишти баштоого аракет кылды, бирок бир адвокат келбей калганы үчүн процесс түштөн кийинкиге жылды".
Айыпталуучу Эрлан Бекчоро райондук соттун чечими күтүүсүз болгонун эскертип, шаардык соттон деле оң чечим болушун күтүп жатышканын айтты.
"Райондук соттон деле күтүүсүз оң жагына чечилип, биз баарыбыз акталдык. Прокуратура мыйзам чегинде өз ишин жасап, апелляция бергенге укуктуу. Шаар соту да бизди актап берет деген ишеничтебиз".
Ушундай эле ою менен дагы бир айыпталуучу Айданбек Акмат уулу да бөлүштү:
"Сот улам жылып келе жатат. Мамлекеттик адвокаттардын келбей калганына байланыштуу бир эмес, эки жараян жылды. Бизди Биринчи май райондук соту толук актап, биздин күнөөбүз жоктугун аныктады. Ошондуктан, шаар соту ал өкүмдү күчүндө калтырат деп күтөбүз".
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.
Алардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши алгачкылардан болуп өзүнчө өндүрүшкө алынган. Андан кийин ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.
Орозайым Нарматова жана Кубанычбек Кадыров алардын кылмыш иши токтоп турганын “Азаттыкка” билдиришти. Ал эми 22сине карата быйыл июнда актоо өкүмү чыккан.
Саясат талдоочу Турат Акимов Кемпир-Абад ишинде бийликке ачуу сын айткан оппозициячыл саясатчылар болгондуктан кылмыш иши саясий өңүт алганын белгиледи. Акимов мындай божомолдор менен бөлүштү.
“Булар тынч турсун деп атайын бир чечим чыгарышы мүмкүн деп ойлойм. Эки жылдан бери тергөөчү, прокурорлор жөн эле айыптап, алар күнөөсүз отуруп чыкты, кенемте төлөшү керек дебесин деп, жеңилдетилген жана өзүн актабаган өкүм чыгарат деп ойлойм. Ушул сыяктуу башка жолдорун издеп жатышат”, - деди ал.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде Кемпир-Абад иши боюнча соттун создугуп жатышынын себеби тууралуу суроого мындай жооп берген:
"Анын көп себептери болууда. Сот ишинин кечеңдеп жатышына кармалгандар өздөрү себепкер болууда. Мисалы, кармалып отурган адамдар өзүлөрү же адвокаттары келбей койгонунан ишти кароо башка күнгө жылып калууда. Ар кандай өтүнүчтөрдөн улам сот кийинки күнгө которулууда. Кээде күбөлөр келбей койууда. Мунун баарын прокуратура жакшы билет".
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.