Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 23-февралда пресс-конференция уюштуруп, Орусия баштаган согуштун үч жылдыгын утурлай журналисттердин суроолоруна жооп берди.
“Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, Зеленский Украинанын тынчтыгы же НАТОдогу мүчөлүгү үчүн зарыл болсо президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты.
Президенттиктен кетүү ниети тууралуу суроого ал “Эгер Украинанын тынчтыгы үчүн кызматтан кетишим керек болсо, мен даярмын. Экинчиден, НАТОго деген мүмкүнчүлүк болсо, көпкө талкуулабаш үчүн, ага да макул болом”, - деди Зеленский.
Ал бийликти ондогон жылдар бою кармап туруу ниети жоктугун, Украинанын 20 жылдан кийинки эмес, бүгүнкү күндөгү тынчтыгын ойлоп жатканын кошумчалады.
АКШ менен талкууланып жаткан кен байлыктар боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу Зеленский Вашингтон сунуштаган келишим боюнча Украина алардан жардам иретинде алган ар бир долларынын ордуна экиден доллар төлөөгө милдеттүү болуп каларын билдирди. Украин президенти “украиндердин 10 мууну” төлөш керек болуп кала турган келишимге кол койбой турганын, Кошмо Штаттар Украинага буга чейин 100 миллиард долларды насыя эмес грант түрүндө бөлгөнүн, андыктан бул каражат карыз деп эсептелбей турганын айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамптын “шайлоосуз отурган диктатор” деген сөзү боюнча Зеленский ага таарынбай турганын билдирди.
“Бул сөзгө диктатор болуп отурган киши болсо таарынмак. Диктатор болбой турганыбыз анык. Мен кайсы бир күчтөр эмес, мыйзам аркылуу шайланып келген президентмин. Мени шайлоочулардын 73% колдогон”, - деди ал.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына туруштук берип, кармашып келатканына туура үч жыл болду. 2022-жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага кол салып, ошондон бери шаар-кыштактарын талкалап, адамдарын өлтүрүп келатат. Кремль Украинанын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтууда.
Трамп жакында Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атап, үч жылга созулган согуш башталганы үчүн Украина жооптуу экенин айткан. Америкалык лидердин бул сөзү Киевдин, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ Конгрессиндеги жогорку даражалуу республикачы мыйзам чыгаруучулардын тынчсыздануусун жараткан.
Кошмо Штаттардын президенти "Биз короткон бардык акча үчүн алар эч болбогондо бир нерсе беришсе мен согушту жөнгөрүп, адам өлүмүн токтотууга аракет кылам. Ошондуктан биз сейрек кездешүүчү металлдарды, мунай жана башка ала алчу нерселерди сурап жатабыз", — деп 23-февралда билдирген. (RK)
Шерине