Кремль Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүдө. Президент Владимир Путиндин сунушуна ылайык, эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн.
Газада согуш токтобой жаткан маалда жаралган чыңалуу Жакынкы Чыгышта чоң жаңжалга жол ачпайбы? Эми Израилдин кийинки кадамы, ага каршы турган иранчыл жоочулардын жообу кандай болот? Кыргыз бийлиги өз жарандарын Израил менен Ливанга убактылуу барбай турууга чакырды.
Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин казууга даярдык башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-сентябрда аймактагы иш сапарынын жүрүшүндө бул жерде титаномагнетти өндүрүү башталарын, өлкөнүн казынасына чоң каражат түшөрүн билдирди.
Бишкектин Ленин райондук сотунда прокуратура жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылды. “Эл аралык басма сөз институту” мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сынга алды.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты.
Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан бомбалоону улантууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинде президент Зеленский согушту Орусияны мажбурлап гана токтотуу мүмкүн экенин айтты. Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүү башталганын билдирди.
Кезектеги Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Мунун алдында парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты.
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) бир кылымдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Айрым тарыхчылар өзүнүн аталышы менен “Эркин Тоо” адеп жарык көргөндө кылымдар бою эркиндикти эңсеген элдин мүдөөсү, үнү, үмүтү катары кабыл алынганын жазышат.
Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду. Тармактык комитет бул боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу анын арызын четке какты.
Министрлер кабинетинин Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдарды алып, Жол фондуна топтоо сунушу талкууга түштү.
Алгач Жакынкы Чыгыштан кабар алалы. Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди.
Дагы жүктөңүз