Бишкектеги тыгынга байланыштуу шаар мэри Айбек Жунушалиевдин ишмердиги коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Мэрия болсо кабыл алынган чечимдерден улам бул маселе жөнгө салынып калганын айтып жатат.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү өткөн түнү Орусия учурган 53 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Өзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алынды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясын алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыштырбасын айтты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганын айтып, бийлик кайсы бир партия же талапкерди сүрөөнгө албай турганын билдирди. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.
Бишкек “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен компанияга келерки үч жылда бюджеттен 11 млрд сомдой акча бөлөрү маалым болду.
Саясатчы Азимбек Бекназаров кайра кармалды. Анын уулу коюлган айыптарды четке какты. АКШнын президенти Жо Байден менен британ премьер-министри Кейр Стармердин жолугушуусунда Украинага алыска атуучу куралдарды Орусиянын агрессиясына каршы колдонууга уруксат берүү меселеси талкуулана турганы айтылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Азимбек Бекназаровго “ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси менен иш козгоп, камакка алды. Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын "саясий негизде" деп мүнөздөдү.
Жапырт камалган 11 журналисттин кылмыш ишин караган сотто эксперт Азамат Жанышбек уулу сурак берди. Депутат Молдобекова жардамчысынын кармалды. Орус армиясы Украинанын Сумы облусунун Конотоп шаарына чабуул койду. Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” жана “Кең-Сай” өткөрүү бекеттери кайра ачылды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталганы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттердин ачылышын шарттады. Бул жарандардын каттоосун жеңилдетип, соода алаканы жакшыртты. Алып-сатуу кескин өсүп, эки тарап бири-бирине өз ишканаларын ача баштады.
Жапырт камалган 11 журналисттин кылмыш ишине негиз болгон корутунду чыгарган эксперт Азамат Жанышбек уулу сот аткаруучулар тарабынан Ысык-Көлдөн алып келинип, сурак берди.
Президенттин администрациясы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкө аймагындагы чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун жана мүлкүн коргоо боюнча нормаларды иштеп чыкты.
Юстиция министрлигинин "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" үч уюм катталды. Алардын катарында ЖИА-бизнес ассоциациясы да бар.
Дагы жүктөңүз