Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

Президент Мирзиёевдин күйөө баласынын көмүскө хансарайы


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иликтөөсү Өзбекстан президентинин күйөө баласынын Ташкенттеги көмүскө курулушка тиешеси бар экенин көргөздү. Булактар билдиргендей, ал долбоордун алкагында 20 турак жай түрттүрүлгөн. Атүгүл райондогу жападан-жалгыз мечит көчүрүлүшү мүмкүн.

Өзбекстан президентинин күйөө баласы Ташкенттин кымбат районунда миллиондогон долларга сырдуу комплекс куруп жатат. Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн 20 чакты турак жай сүрдүрүлдү. Мындай жыйынтыкка “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы (“Озодлик”) иликтөө жүргүзгөндөн кийин келди.

Долбоордон кабары бар бир катар булактардын айтымында, кайын атасы, президент Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Отабек Умаров Ташкенттеги кымбат райондо бир жарым гектар жерди курулуш үчүн бошотуу максатында жергиликтүү тургундарды күчтөп көчүрүүгө кысым көрсөткөн. Ошол үйлөр жана жер тилкеси бардыгы болуп 20 миллион долларга бааланууда.

Долбоор Умаров мамлекеттик кызматкер катары алган расмий маянасынан ашкан байлыкка ээ болгонун дагы бир жолу ачыкка чыгарды.

Диктатор атыккан Ислам Каримов 2016-жылы дүйнө салгандан кийин президенттик кызматка келген Мирзиёев Борбор Азиянын калкы эң көп (37 миллион) жана газга бай өлкөсүндө реформалар жүрөт, ачык-айкындуулук орнотулат деп убада берген. Бирок “Озодликтин” көптөгөн иликтөөлөрү бийликке жакын адамдар, анын ичинде Мирзиёевдин туугандары чоо-жайы коомчулукка айтылбаган, кирешелүү мамлекеттик келишимдерден пайда таап жатканын көрсөтүүдө.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров

40 жаштагы Умаров ошол жакындардын эң таанымалы. Аны өзбек саясатындагы жана экономикасындагы элита арасында көшөгө артындагы иштерди бүтүргөн ортомчу деп санашат. Анын мамлекеттик кызматтан тышкары кирешенин башка расмий булагы тууралуу маалымат жок болгону менен Умаров кымбат баалуу кол саат же машинелерин социалдык тармактарда элдин назарына байма-бай тартуулаганды жакшы көрөт.

Ташкенттеги Мирзо Улугбек районунда курулуп жаткан комплекс бери дегенде 20 объектини камтыйт. Анын жанында бир кездери Умаров президенттин кичүү кызы жана балдары менен жашаган үй жайгашкан. Ал Шахноза Мирзиёева менен 2007-жылы баш кошкон.

2018-жылдан тарта айланадагы кеминде 20 кыймылсыз-мүлк түрттүрүлүп, “Озодлик” карап чыккан спутниктен тартылган сүрөттөр көргөзүп тургандай, улам кеңейип бараткан жер аянтында цемент ташыган машинелер, башка курулуш техникасы иштеп жатат.

Шаар жетекчилигиндеги мурдагы аткаминер Умаров айланадагы турак жайларды сатып алуу боюнча өзүнүн “мегапланын” мындан 5 жыл мурун баштаганын айтат. Ал жерлердин тургундары сунушка жок деп айта албаган.

“Ар бири жарым жана жарым миллион доллар турган виллаларды сатып алып, буздуруп салган. Эми өзүнө хансарай куруп жатат”, - деп айтып берди мурдагы аткаминер. Бийликтин куугунтугунан чочулап, ал атын атаган жок.

Комплекстин баасын кантип аныктадык?

“Озодлик” Умаровго байланышы бар комплекс курулуп жаткан райондогу турак жайлардын баасын билүү үчүн Ташкенттеги бир нече кыймылсыз мүлк агенттигине телефон чалып чыкты. Маалыматка ылайык, 100 чарчы метр ал жерде 100 миң доллар турат. Спутник сүрөттөрү курулуштун аянты бир жарым гектарга жетерин көрсөтүүдө. Демек, жалпы баасы 15 миллион доллардын айланасында болот. Ал жер тилкесинде базар баасы 500 миңден 1 миллион долларга жеткен 20 чакты үй орун алганын эске алганда кыймылсыз мүлктүн жалпы баасы 20 миллион доллардан ашарын болжолдосо болот.

Жогорудагы мурдагы аткаминердин айткандарын спутниктен тартылган сүрөттөр да тастыктап турат. Убакыт өткөн сайын ал жерде улам бир үйдүн түрттүрүлгөнүн баамдаса болот. Андан тышкары журналисттер курулушка орун бошотуп бериш үчүн көчүп кеткен айрым вилла ээлеринин жакындарын да сөзгө тарткан. “Озодлик” ошол кишилердин аты-жөнүн жана дарегин коопсуздук маселесинен улам ачыкка чыгарбайт.

Ошол кишилердин бири айтып бергенине караганда, Умаровдун өкүлү жакынына телефон чалып, “сунуш кылган акчаны аласың же чыгып кетесиң” деп айткан экен.

«Көп адам өздөрүнүн зыңкыйган жаңы үйлөрүн мындан арзан райондордогу эски чакан тамдарга кошумча акча албастан алмаштырууга аргасыз болгон”, - деп айтат виллалардын биринин мурдагы кожоюнунун тууганы.

“Озодлик” бул сөздөрдү бышыктаган документтерди ала алган жок. Бирок турак жайларды сатууга байланыштуу ушуга окшош маалыматтарды окуядан кабары бар бир нече булак журналисттерге айтып берген.

Учурда мамлекеттик расмий мекемелердин маалыматында курулуш пландалган жер тилкелеринин кожоюндарынын тек-жайы ачык жазылбаганы менен журналисттердин колуна түшкөн мурдагы документтерде алардын аты-жөнү жазылган.

Ошол документтерге ылайык, 2022-жылдын июнунда, ал жер тазалана баштаганда сегиз жер тилке Өзбекстандын дзюдо федерациясынын өкүлү Зафар Мамажоновго таандык болуп чыкты. “Озодлик” буга чейин жүргүзгөн иликтөөсүндө анын Умаров менен байланышын аныктаган.

Редакция жаңы комплекс тууралуу Умаров, Мамажонов, Мирзиёевдин кеңсесине, Өзбекстандын өкмөтүнүн Коррупция менен күрөшүү агенттигине суроолорун жөнөткөнү менен жооп алган жок.

Умаровго тиешеси бар комплекс Ташкенттин чыгышындагы Мирзо Улугбек районунун Шортепа конушунда салынууда. Ал жакта жогорку аткаминерлер жана олигархтар жашайт. Учурда курулуш бийик темир тосмо менен курчалып, көзөмөл камералары орнотулган, айлана-тегеректи кароолчулар кайтарып турат.

Тосмонун артында эмне тургузулуп жатат деген суроого анын жанынан өтүп бараткан кишилердин бири ал жакты кол жаңсап көрсөтүүгө “тыюу салынганын” айтты. Эмне үчүн комплексти көрсөтпөш керек деп сураганда: “Ал президенттин күйөө баласыныкы”, - деп жооп берди.

Ал жерде мечит жайгашкан

Комплекстин аймагында 1950-жылдардан бери Шортепадагылар жана айланада жашагандар үчүн жападан-жалгыз мечит орун алган.

Бирок мечитке кириш үчүн динзарларга курулуш аймагын кесип өткөн узун коридор аркылуу аралап өтүүгө туура келүүдө.

Көптөгөн булактардын айтымында, курулуш үчүн мечитти түрттүрүү каралууда
Көптөгөн булактардын айтымында, курулуш үчүн мечитти түрттүрүү каралууда

Көптөгөн булактардын айткандарынан жана курулуштун жүрүшүнөн мечитти түрттүрүү, жаңысын 40 метрдей алыс жерде куруу пландалып жатканын баамдаса болот.

“Мечит кудай буюрса эмки Орозого чейин бүткөрүлөт. Ага чейин эскиси иштеп турат. Эски мечит буюрса кийин бузулат. Ал жердин эмне болорун билбейбиз. Балким жашыл бак тигилет”, - деп айтты мечиттин кызматкери.

Ал кызматкер мечит жайгашкан жер тилкеси кимге тийерин айтуудан баш тартты. Кадастрдагы маалыматка караганда, мечит 1288 чарчы метр аянтчада турат. Кыймылсыз мүлк боюнча агенттер жер тилкесин, ошол райондогу азыркы базар бааларына ылайык, бир миллион долларга баалашат.

Курулуш тууралуу кабары бар жергиликтүү жашоочулардын бири:

“Президентибиздин кичүү кызы биздин райондо турат”, - деп айтып, Мирзиёевдин кызы күйөөсү менен “бул жерде жаңы мечит салып жатышканын" кошумчалады.

“Жаңы мечит куруу үчүн алар райондук кеңешти алысыраак жердеги эки кабат имаратка көчүрүштү”, - деп айтты атын атабаган жергиликтүү тургун.

Ал жакта чындап эле курулуш жүрүүдө. “Озодлик”журналисттердин колуна тийген бир видео материалдарды карап чыккандан кийин долбоорго тааныш компания катышууда деген жыйынтыкка келди.

Иштеп жаткан оор машинелерге Hyper Partners деген эн белги түшүрүлгөн
Иштеп жаткан оор машинелерге Hyper Partners деген эн белги түшүрүлгөн

Иштеп жаткан оор машинелерге Hyper Partners деген эн белги түшүрүлгөн. Компанияны Хабибула Абдукадыр жетектейт. Анын Борбор Азиядагы аткезчилик жана арам акчаны адалдоодогу ролу биринчи болуп 2019-жылы “Эркин Европа/Азаттык” радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана кыргызстандык көз карандысыз Kloop медиасынын иликтөөсүндө аныкталган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу өнөктөштөр менен 2023-жылы жүргүзгөн дагы бири иликтөө көрсөткөндөй, Hyper Partners жана Абдукадырдын башка компаниялары ири мамлекеттик долбоорду ишке ашырууда Мирзиёевдин өкмөтү менен тыгыз кызматташкан. Башка көптөгөн булактар Абдукадырдын өлкөдөгү бизнесин Умаров колдогонун айтышат.

Абдукадырга байланышкан ошол компаниялардын биринин - Hyper Finance Group компаниясынын акционери - Дзюдо федерациясынын өкүлү жана Умаровдун шериги Мамажонов болчу. 2022-жылы эле Умаровго тиешеси бар купуя комплекс курулуп жаткан жерде ага сегиз тилке катталган.

Мындай хан сарайдын сизге эмне кереги бар?

Умаров 2016-жылы Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары болгондон бери социалдык тармактарда өзүн кеңири таанытып, биринчи кезекте өзбек спортун сүрөөнгө алган адам катары көрсөтүп келет. Кымбат баалуу саат тагынып, кымбат машинелерди айдап жүрөт. Анын жеке логотиби өзбек спортчулары Париж Олимпиадасында кийип жүргөн формага түшүрүлгөн.

Отабек Умаров түркиялык белгилүү ашпоз Нусрет Гөкчен менен
Отабек Умаров түркиялык белгилүү ашпоз Нусрет Гөкчен менен

Мирзиёев 2022-жылы кабыл алган мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга ылайык Умаров мүлкү жана кирешеси жөнүндөгү декларациясын тапшыруудан бошотулган мамлекеттик аткаминерлердин катарына кирет. Анын жана президенттин башка жакындарынын байлыгы тууралуу ачык айтып чыккандар коркутууларга, соттук куугунтукка жана ыктымал кыйноолорго туш болгон.

Бийлик бутага алган Мирзиёевдин сынчыларынын бири Умаровго байланышкан комплекстин курулушу тууралуу ачык айткан ташкенттик адвокат жана блогер бар. 2022-жылдын ноябрында Ютубга жарыяланган беш мүнөттүк видеодо Шохида Саломова комплекс тургузулчу жерди кеп кылып, Умаров “жакында 20 кымбат вилла алганын” айткан. Саломова долбоордун чоо-жайын же айткандарынын далилдерин келтирген эмес. Бирок анын сөздөрү спутниктен тартылган сүрөттөр жана “Озодлик” баарлашкан булактардын айткандарына дал келет.

Адвокат жана блогер Шохида Саломова
Адвокат жана блогер Шохида Саломова

“Ошол турак жайлардын бардыгы ал жашаган үйгө жанаша орун алган. Эми бардыгы сүрдүрүлдү. Пайдубал салуу үчүн аң казышкан. Кыязы бул жерде Умаров мырзанын хан сарайы тургузулат”, - деп айткан Саломова. Анын видеосу жарыялангандан берки дээрлик эки жылдын ичинде 3200 миңге жетпеген жолу көрүлгөн.

“Умаров мырза, шаардын чордонунда ушундай хан сарайдын сизге эмне кереги бар? Мынча акчаны кайдан алдыңыз? Жооп берсеңиз, Умаров мырза. Мен абдан кызыгып турам”, - деп кошумчалаган Саломова.

Видео чыккандан бир ай өткөндө, 2022-жылдын 18-декабрында адвокат дыйынсыз жоголгон. Үч күндөн кийин жакындары аны борбор шаардын милициясы алып кеткенин, тергөө абагында кармап жатканын билишкен.

Андан тышкары Умаровдун ойношу бар деп божомолдогон пост жарыялаган Саломова башка бир блогерге, Мирзиёевдин дагы бир сынчысына жалаа жапкан деп айыпталган. Кийин Алексей Гаршин бийлик аны колдонуп, Саломованы жазалагысы келген деп айткан. Ал адвокатты бошотууга чакырган.

Былтыр февралда Ташкенттеги сот Саломованы “психикалык жактан туруктуу эмес” деп таап психиатрикалык ооруканага жөнөткөн. Укук коргоочулар аны психиатриялык жазалоонун курмандыгы деп аташкан.

Быйыл январда Саломованы Өзбекстан Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндөгү психиатриялык бөлүмгө которушкан. Мекеме материал жарыяланып жатканда комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек болчу.

Саломова качан бошотулары жана ден соолугунун абалы белгисиз.

XS
SM
MD
LG