Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:40

Нуржигит Кадырбеков мандатын эмнеге тапшырды?


Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип бараткан учур. 22-август, 2024-жыл.
Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип бараткан учур. 22-август, 2024-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты. Ал буга чейин “Ыйман” фондусунун ишинин алкагында суракка чакырылган. Парламентте кезектеги депутаттын мандаттан ажыратылышы эмнеден кабар берет?

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. 30-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы арызды бир добуштан канааттандырган чечим кабыл алды:

“Биринчи, “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадырбеков Нуржигит Кадырбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. Экинчи, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадырбеков Нуржигит Кадырбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын”.

Экс-депутаттын өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн боло элек. Ал телефон чалганыбызга жана онлайн каттарга жооп берген жок. 30-августта социалдык тармактагы баракчасында олуттуу чечим кабыл алганы тууралуу туюк билдирүү жарыялаган.

“Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Султанбай Айжигитов кесиптешинин чечими тууралуу маалыматы жок экенин, фракция ичинде мындай сөздөр талкууланбаганын билдирди:

“Жок, мен азыр биринчи жолу угуп жатам. Буга чейин байланышып жатканмын, бирок анын тапшырайын деген ою жок болчу”.

"Ыйман" фондунун мурдагы эсепчиси кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:48 0:00

"Ыйман" фонду: 5 млн доллардын белгисиз отчету

22-августта Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Атайын кызматтан чыгып баратып Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген:

"Ыйман" фонду боюнча күбө катары чакырышыптыр. Иштин өзүнүн процессуалдык эрежеси бар экен. Азырынча суракта болгон маалыматтарды бөлүшүүгө тыюу салыныптыр мыйзам боюнча. Мен ага кол коюп чыктым, ошондуктан деталдуу айта албайм. Бирок “Ыйман” фонду боюнча күбө катары чакырылыптырмын”, - деп билдирген Кадырбеков.

Дал ушул "Ыйман" фондунун ишмердигин текшерген аудит 5 миллион доллардан ашык каражаттын отчету берилбегенин аныктаганы ушул айдын башында белгилүү болгон. Андан соң бул ишти укук коргоо органдары териштире баштаган. Фонддун айланасындагы жаңжал тутангандан тарта эле анын кесепети Кадырбековго тийиши мүмкүн экени айтылып жаткан эле. Анткени фонд түптөлгөн соң 2015-2019-жылдары Кадырбеков жетектеген.

"Ыйман" фондундагы каражатка байланыштуу маселе буга чейин көтөрүлүп келсе да, акыркы мезгилде кылмыш иши козголуп териштириле башташы дал ушул парламенттеги фракция лидери болгон Кадырбековдун саясий ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылып жаткан. Анткени Кадырбеков соңку учурда саясий дүбүртү катуулап бараткан саясатчылардын бири болчу. Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2023-жылдагы сурамжылоосу Кадырбековду колдоочулары көп саясатчылардын бири деп аныктаган.

Бул изилдөөдөгү "саясатчылардын же коомдук ишмерлердин кимисине көбүрөөк ишенесиз?" деген суроого респонденттердин 35% президент Садыр Жапаровду атаган. Кийинки сапта Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге 14% ишеним көрсөтүлгөн. Үчүнчү катарда депутат Нуржигит Кадырбеков орун алып, ага сурамжылоого катышкандардын 13% ишене турганын билдирген.

Кадырбеков кандай депутат болду?

Саясат талдоочулар Кадырбековду да, ал жетектеген фракцияны да Жогорку Кеңештеги оппозиция катары эсептебейт. Бирок депутат айрым талаштуу мыйзамдар боюнча каршы добушун, кай бир маселелер боюнча бийликке макул болбогон пикирин айтып турат.

Дегеле соңку учурда кыргыз парламент мүчөлөрүнүн өз эрки менен мандат тапшырмай өнөкөтү бат-баттан кайталанып жатат. Ушул чакырылышта эле 20дан ашуун депутат мандатынан баш тартты. Алардын айрымдары укук коргоо органдарына суракка чакырылган соң мындай кадамга барышкан.

Маселен, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө арызын жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Ага чейин ал коомчулукка ачык айтыла элек иш боюнча сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган. Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыратылган. Булардын баары оор кылмыштарга айыпталган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгону үчүн мандатын тапшырганы айтылган.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрт жылында 20дан ашуун депутаттын мандаттан ажыратылышы Кыргызстандын эгемен тарыхындагы "өтө терс прецедент" деп сыпаттайт:

“Менимче, парламенттин туруктуулугу үчүн депутаттардын кол тийбестик макамы бар, алар элден добуш алып келишет. Ошондуктан жөндөн-жөн кетүүгө мүмкүнчүлүгү дагы, укугу дагы жок болуш керек. Кандай тандалса, ошондой иштеп кетүүсү зарыл. Бирок ошого карабастан, башка нерсени айта кетиш керек - биз бүгүнкү күндө конституциялык супер президенттик формада жашайбыз. Бул жерде полициялык укук функциясы күчөгөн өлкөдө өтө көп ыйгарым укуктар президенттик администрациянын колуна топтолгон. Анын ичинен куралдуу күчтөр блогу президентке түздөн-түз баш ийет. Бүгүнкү күндө жалпысынан болуп жаткан абал – бул тандалма саясат. Ким президенттик администрацияга ыктап турса, ошого карата жакшы мамиле сакталып, ал депутаттарга тийишпейт, кимде ким оозун ачса же позициясын айтса, ага карата таасир көрсөтүү процесстери күчөп жатат”.

Ошол эле учурда Кадырбековдун мандат тапшыруусун ашкере саясатташтырууга зарылчылык жок деген пикирлер да бар. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай бийлик "мыйзам бузгандар ким болбосун жоопкерчиликке тартабыз" деген программасын аткарып жатканын эске салат:

“Кадырбеков бийликке лоялдуу эле болчу десек болот. Бирок мындай карасак, биздин аткаруу бийлигинин идеялары боюнча коррупция болобу, эмне болсо дагы тазалайбыз деп айтышкан. Ал жагынан карасак дагы, тазалап жатканы бар. Мыйзам бузган фактылар болсо, бийликке лоялдуу болсоң дагы тазалап, жазалайбыз деген саясатын ишке ашырып жатат”.

Нуржигит Кадырбеков ушул чакырылыштагы мөөнөтүнөн мурда депутаттык ишмердигин токтоткон төртүнчү фракция лидери болуп жатат. Буга чейин оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго кылмыш иши козголуп, камалып, сот чечими чыккан соң мандатынан ажыраган. "Альянс" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен "Ата Журт-Кыргызстандын" фракциясы башчысы Бакыт Төрөбаев өкмөттүк кызматка дайындалганы үчүн Жогорку Кеңештен кетишкен.

"Күч органдарына, сотко ишенбегендер “караларга” кайрылып жатат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:06 0:00

XS
SM
MD
LG