“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны, же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Кыргызстанда административдик-аймактык реформа жүргөнү үчүн жергиликтүү кеңештер таркатылып, өлкө боюнча шаардык жана айылдык кеңештерди кайра шайлоо 17-ноябрга дайындалды.
Бишкек шаардык сотунда акын, активист Аскат Жетигендин апелляциялык арызы каралып, эксперттер көрсөтмө берди. Орусия мыйзамсыз жүргөн мигранттарды балдарын мектепке орноштуруу укугунан ажыратат. Бул үчүн мыйзамсыз жүргөндөрдүн атайын тизмесин түзгөнү жатат.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. 27 жаштагы Карабаев “массалык башаламандык” беренесине айыпталып, үч айдан бери камакта жатат.
Кыргызстан үч жыл мурда Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылын террордук жана экстремисттик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Ага чейин Казакстан да ушундай эле чечим кабыл алган.
“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Абактагы УИАнын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президентке кайрылды. Ливанда пейжерлердин жарылуусунан тогуз киши каза таап, миңдеген киши жараат алды. Жаңы жылдан тарта Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайт.
17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын С5+1 форматындагы экинчи саммити жыйынтыкталды. Анда чөлкөмдөгү беш мамлекеттин президенттери жана немис канцлери биргелешкен декларацияга кол коюп, мунай-газ жана жашыл долбоорлор багытындагы кызматташтыкка көңүл бурулду.
Медиада, интернетте жалган маалымат тараткандарга ири айып пул салган мыйзам долбоору парламенттин комитетинде биринчи окууда өттү. Астанада Борбор Азия - Германия саммити өттү. Орусияда орус жарандыгы бар 92 кишиге аскердик комиссариатка чакыруу кагазы тапшырылды.
Урматтуу көрарман, биздин Азаттык чекит кж деп аталган ютуб каналыбызга катталып, соңку жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз. Программабызды улантабыз. 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын С5+1 форматындагы экинчи саммити жыйынтыкталды.
Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир комитетинен биринчи окуудан өттү.
Президенттик администрация Орусияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн кыргыз мигранттарды мекенинде иштөөгө чакырды. Кайрылууда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканы, Кыргызстандагы эмгек акылар Орусиядан кем төлөнбөй турганы айтылат.
Дагы жүктөңүз