Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Бекназаров кармалды. Банк кутучаларына катылган купуя


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Азимбек Бекназаровго “ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси менен иш козгоп, камакка алды. Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын "саясий негизде" деп мүнөздөдү.

"Банк кутучаларынан акча уурдоого" шек саналууда

Атайын кызмат Бекназаровго козголгон кылмыш иши 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштуу экенин билдирди.

УКМК 13-сентябрда саясатчынын кармалышы боюнча маалымат берип, тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары камакка алган ири суммадагы акчаны "өзүнө ыйгарып алууга катыштыгы бар экени" аныкталганын билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар А.Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштырганын айгинелейт”, - деп айтылат маалыматта.

Бекназаров 12-сентябрда УКМКнын тергөө абагына камалып, Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту ("Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо") боюнча тергөө башталганы кабарланды.

Атайын кызмат кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чара жүрүп жатканын кошумчалады.

Саясий соодалашуу аракети болгонбу?

Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын саясий негизде деп мүнөздөдү. Анда Нургазы Анаркулов аттуу журналист Азимбек Бекназаровдон азыркы бийлик башындагыларды колдогон билдирүү жазып берүүсүн суранганын айтып чыкты.

Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

“Жакшы болот эле, бардык маселеңиз чечилмек. Инилериңиз суранып жатат деген мааниде жазылды. Аны скриндеп калдык. Ал жердеги эки пунктка атам макул болбоду. Биринчиси Камчыбек Кыдыршаевичке тиешелүү экен. “Убагында туура эмес, эмоцияга алдырып өзбек баатыры деп айтып алдым, негизи ал бүгүнкү күндүн нак баатыры экен” деген текст бар болчу. Бул эми ашыкча, муну тим коёлу деген. Экинчиси Кемпир Абад маселеси боюнча, “биз документтердин бардыгын көрдүк, ал жерде көрсө кыргыз мамлекети уткан экен, биз ушуну көрбөгөн үчүн туура эмес айтып алдык” деген сөз болчу. Атам “минтип жалган айтпай эле койбойлубу” деген. “Силер мага документти көрсөткүлө, азыр айтканга даярмын” деген болчу", - деди Бекназаровдун уулу.

Руслан Бекназаров айтып жаткан журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукка анын сөздөрүн четке каккан пост жазып, анда Азимбек Бекназаров менен сүйлөшкөндө Камчыбек Ташиев жөнүндө кеп болбогонун белгиледи.

“Азимбек аке "мен бийликтин ынтымак жана биримдик саясатын колдойм, аксакал катары элди ынтымакка чакырып пост жазайын" деген эле го? Мен журналист катары тексттин оңдоп, өзүмдүн айрым сунуштарымды кошуп, "менин оюмча, ушундай мааниде чыкса, коомчулук туура кабыл алат, жакпаса чийип салыңыз" дедим. Болгону ошол”, - деп жазды Анаркулов.

Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасында “президенттин маселелерди ынтымак менен чечүү жолун колдойм” дегендей маанидеги посту турат.

Руслан Бекназаровдун сөзүнө караганда, атасы буга чейин УКМКга эки жолу кирип чыккан. Биринчи жолкусунда Сариев, экинчисинде Атамбаев менен сүйлөшүү тууралуу сурак берген. Үчүнчү жолу суракка чакырылганда камакка алынган.

Чуулгандуу сүйлөшүүлөр кайрадан талкууда

13-сентябрда УКМК Бекназаровдун кылмыш иши жөнүндө тараткан маалыматта 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариевдин жана Алмазбек Атамбаевдин Бекназаров менен телефондон сүйлөшүүсү делген аудиолорду дагы жарыялады.

Бул видеолор 2010-жылы май айларында интернетке тарап, далай саясий талкууларга себеп болгон. Ал видео качан тартылганын жана андагы адамдар кимдер экенин тактоого мүмкүнчүлүк жок.

Видеодо үнү Сариев менен Бекназаровдун окшош адамдар банк эсептеринен ири суммаларды алып, кайсы бир иштерге чыгымдоо тууралуу сөз кылган. Ошол учурда Бекназаров менен Сариев жазылып алынган сүйлөшүүлөр монтаждалып, бурмаланганын айтышкан.

Ал эми дагы бир видеодо үнү Бекназаров менен Атамбаевдин окшош адамдар бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар пара алуулар жөнүндө сүйлөшкөнүн, кадр тандоо боюнча кер-мур айтышып жатканын угууга болот. Андан кийин Атамбаев маалымат жыйындардын биринде ушундай сүйлөшүү болгонун айтып, бирок Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпай турганын белгилеген.

Азырынча Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бул боюнча комментарий бере элек. Кnews.kg сайтында 2014-жылы Атамбаев банк кутуларындагы акчага Сариевдин тиешеси жок экенин айтканы боюнча пикирин табууга болот. Анда Атамбаев прокуратурага тапшырма берип, текшертилгени айтылган.

2011-жылы ошол кездеги парламент депутаты, азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маек куруп, Апрель окуясынан кийинки банк кутучаларынан алынган каражаттар жөнүндө иликтөө жүргүзүлүп, аягына чыгышы керек деген болчу:

Камчыбек Ташиев. Архив сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архив сүрөт.

“Банктан канча акча алынганы да бүдөмүк. Бүгүн биз банктагы кутучаларды ачканда комиссиянын курамында кайсы адамдар болгонун толук ала албай жатабыз. Себеби баары жашыруун жүргүзүлгөн. Туура, банктарда мурдагы президенттин тууган-уругунун же бала-чакасынын, жакындарынын кутучалары болушу мүмкүн”.

Банк кутучуларына катылган купуя

2012-жылы январда 7-апрелден кийин банк уячаларынан алынган миллиондордун тагдырын иликтөө боюнча парламенттик оппозиция атайын комиссия дагы түзгөн. Анын жыйынтыгы белгисиз. Банк уячаларындагы миллиондор боюнча парламентте далай ирет талкуу болуп, саясий айдыңда ар кандай кептер жүргөн.

2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин келген Убактылуу өкмөт АУБ, “Манас Банк”, “КыргызКредитБанк”, “Ысык-Көл Инвестбанк” баштаган банктардагы күмөндүү эсептерди камакка алган. Кийинчерээк Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Абыловдун уруксаты менен атайын тергөө тобу ондон ашуун банк кутучаларын ачып, Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион долларды таап чыгып, Улуттук банкка сактоого жөнөткөн.

Бирок 2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов банк уячалары "мыйзамсыз ачылган" деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен. Бир жылга жакын созулган тергөөдөн кийин аларды сот актаган.

2021-жылы мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов жетиштүү материалдар жана күмөндүү жагдайлар болгонуна карабастан актоо чечими чыкканына анча деле таң калбаганын "Азаттыкка" айткан. Ал ошондой эле банк кутучаларын ачуу учурун жазып алган видеобайкагычтын эс-тутуму сакталган катуу дисктин жоголушу күмөн саноого негиз берет деген:

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

"Эми аны атайлап жок кылышкан. Болбосо алар мыйзамдуу жана таза жолдор менен иштешсе, мына ошол банк кутучаларын ачуу учурун тартып алган камералардагы жазуулар сакталып турат эле. Алар бардыгын билгизбей жасаганга аракет кылабыз деп, анан ошол катуу дискти жок кылып жатышпайбы. Ошонун айынан чынында канча акча алынганы белгисиз болуп жатат. Бакиевдерге жакын адамдардын бири чет өлкөдө берген маегинде “АУБдун өзүндө эле жүз миллион доллар акча болгон" деп билдирбеди беле. Ошон үчүн мында күмөн саноого негиз бере турган жагдайлар өтө эле көп болчу. Иш жүзүндө акча мыйзамсыз алынган. Мыйзамга таянганда жөн гана банк кутучалары бекитилип, мөөр басылып, анан тергөөдөн кийин гана соттун чечими менен конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлүшү керек эле".

Банктардын акча сактоочу жайларын тарткан видеонун катуу дискинин жоголушу жана ага кызыкдар адамдар туурасында тергөө материалдарында расмий маалымат жок.

Азимбек Бекназаров: Карандай каралоо


Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана укук коргоо органдарын тескеген Азимбек Бекназаров банк уячаларын ачууга байланыштуу айыптоону жасалма токулган кылмыш иши катары баалады:

"Байболов баш прокурор болору менен бакиевчилердин акчасы сыртка чыгып кеткендигинин бетин ачабыз деп кыйкырып чыкпады беле. Бир жылга жакын отуруп, мына ошону аягына чыга алган жок. Анан шаардык прокурорлордо эмне айып? Алар мына ошол акчаны таап чыкканда рахмат айткандын ордуна “кызматты бошоткула, болбосо иш козгойм” деп коркутуп, жумуштан четтетип жатпайбы. Байболов өзү канча акча тапты? ИИМ, УКМК канча акча тапты? Алар таба алышкан жок. Мына эми азыр ак жеринен айыпталган шаардын прокурорлору акталып жатышат. Аларда оперативдик мүмкүнчүлүктөрү аз экендигине карабастан мына ошол жашырылган акчанын кандайдыр бир бөлүгүн таап чыгышпадыбы".

Ошол учурда башкы прокурордун милдетин аткарып турган Байтемир Ибраевдин айтымында, банк кутучаларын ачуунун мыйзамдык тартиби бузулган эмес. Ошол себептен ал бул ишке тартылган прокуратура кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы болушу мүмкүн эмес деп санайт:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

"Анан аларды ачуу тартиби кандай? Биздин кызматкерлер жөн эле бастырып барышып, талап-тоноп алгыдай баштары экөө эмес. Ошондуктан сырттан калыс адамдар, банк кызматкерлери, финполиция, тергөө тобунун мүчөлөрү чакырылып, бирге акт түзүп, кутуларды ачып, акчаны мамлекетке өткөрүп беришкен. Мунун бардыгы тастыкталып, бул боюнча иште тиркелип турат".

Банк кутучаларынан табылган миллиондордун мыйзамдуулугу боюнча иш алгач өзүнчө кылмыш иши катары козголгон. Бирок кийин ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык, Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштери менен чогуу тиркелип, сотко өткөрүлгөн.

Анткен менен банк кутучаларынан коопсуздук чараларына деп расмийлештирилип алынган акчанын чыгымдалышы боюнча кыйла мыйзам бузуулар катталганын 2011-жылы атайын депутаттык топ иликтеп чыккан.

Андан кийин парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин алдында банк кутучаларынан алынган миллиондор боюнча депутаттык комиссия ишке киришкен. Парламенттик оппозициянын демилгеси менен түзүлгөн комиссияга беш фракциянын ар биринен өкүлдөр кирди. Бирок анын жыйынтыгы коомчулукка белгисиз бойдон калган.

Азимбек Бекназаров деген ким?

Азимбек Бекназаров 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук соту быйыл 14-июнда аны актаган. Аны менен кошо камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин баары акталган. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган.

Райондук соттун чечимине мамлекеттик айыптоо макул болбой, учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. Ал учурдагы бийликке оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG