Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Өкмөт чет элдиктердин өзүн жана мүлкүн мыйзам менен коргойт


Кыргызстандагы башаламандыктан соң мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.
Кыргызстандагы башаламандыктан соң мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.

Президенттин администрациясы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкө аймагындагы чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун жана мүлкүн коргоо боюнча нормаларды иштеп чыкты.

Анда чет элдиктерди карактагандарды, аларга зыян келтиргендерди же уурдагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.

Мыйзам долбоору быйыл май айында Бишкекте чет өлкөлүк студенттерге кол салуудан кийин иштелип чыкты.

Тополоңдон кийинки мыйзам

Жаңы мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексинин беш беренесине – 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү), 131-беренесине (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү), 165-беренесине (Адамды уурдоо), 205-беренесине (Уурдоо), 206-беренесине (Тоноо) жана 207-беренесине (Каракчылык) өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.

Тагыраагы аталган кылмыштар кимдерге карата жасалганын тактаган пункттарга “чет өлкөлүк жарандарга карата” деген сөз өзүнчө кошулганы жатат. Аталган беренелердин соңунда анын жазасы тиешелүүлүгүнө жараша беш жылдан сегиз жылга чейин, же 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу деп көрсөтүлүп турат.

Документтин негиздеме-маалымкатында Бишкекте 18-майга караган түнү чет элдиктер сабалган окуя мисал катары келтирилип, жазаны күчөтүү ошо менен түшүндүрүлдү.

“Бишкек шаарында болуп өткөн окуяларга байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарылдыгы бышып жетилди. [...] Бул түзөтүүлөр жагымдуу жана коопсуз инвестициялык чөйрөнү камсыз кылууга, анын ичинде өлкөнүн аймагында окуган жана билим берүү секторуна финансылык каражаттарды салган студенттер үчүн оң таасирин тийгизет”, – деп айтылат Президенттин администрациясы сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

13-майда Бишкекте чет элдик студенттер жашаган жатаканадагы мушташтын видеосу 17-майда интернетке тарап кеткен. Социалдык тармактарда анда сабалган жаштар Кыргызстандын жарандары экени жазылган. Мындан улам ошол эле түнү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө миңге жакын жаштар топтолуп, 18-май, таң атканда гана тарашкан. Ошол маалда алардын айрымдары чет элдиктер жашаган жатаканаларга кирип, бир нече кишини сабап салганы маалым болгон.

Бишкекте жыйналган жаштар. 18-майга караган түн, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Бишкекте жыйналган жаштар. 18-майга караган түн, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Ички иштер министрлиги “Азаттыкка” берген комментарийинде бул окуяга байланыштуу 11 кылмыш иши козголуп, 75 жабырлануучу такталганын айткан. Жабыр тарткандар Индиянын, Пакистандын жана Бангладештин жарандары. Бардыгы болуп кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 21 жараны кармалган.

Бул окуялар Кыргызстандын ичинде да, эл аралык коомчулукта да талкуу жараткан. Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке келип кетсе, Индия жана Бангладештин элчилери менен сүйлөшүүлөр жүргөн.

Президент Садыр Жапаров башаламандыкка байланыштуу кайрылуу таратып, чет элдиктерди сабагандар жазаланарын эскерткен:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз. Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот жана бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз. Мындан ары ушундай окуя кайталанса, анда күч органдары биринчи мүнөттөрдөн баштап эле күч менен таратуу ыкмасына өтөт. Кудайга шүгүр, азыр күч структуралары мурдагыдай алсыз эмес. Мейли ким болбосун, ал биздин жаранбы же чет өлкөлүк жаранбы, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирсе, башаламандык уюштура турган болсо, аёосуз жазасын алат”, – деген мамлекет башчы 20-майдагы видео кайрылуусунда.

“Карама-каршылыктар бар”

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына 10-сентябрда жарыяланды. 9-октябрга чейин талкуу жүрсө, 16-октябрга чейин сунуш-пикирлер каралып, андан кийин документ Жогорку Кеңешке киргизилиши керек.

Арийне, соңку окуядан улам буга чейин парламенттин ичинде да тиешелүү мыйзамдардагы нормаларды кайра карап чыгуу, анын ичинде чет элдиктерди сабагандарга жазаны күчөтүү, сабалган чет элдиктерге кенемте төлөтүү сыяктуу чакырыктар жасалган.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Алишер Эрбаев “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:

Алишер Эрбаев
Алишер Эрбаев

“Бул мыйзамды көрө элекмин, ошондуктан анын деталдарын толук комментарийлегенге болбой калат. Кийин ал бизге келген соң баш-аягын талдап туруп, анан жооп берсем туура болот. Бирок депутат катары эмес, жаран катары айтсам, мындай чара киргизилиш керек болуп калды. Анткени, биздин чет элдиктер биздин мамлекетке келип жаткан соң, туризмди өнүктүрөбүз, Кыргызстанды дүйнөгө жакшы жагынан көрсөтөбүз деген ой болуп жаткан соң, биз мыйзамды да ошого дал келтирип беришибиз керек. Америкалык болобу, европалык, пакистандык же ирандык болобу, баарынын коопсуздугун карап, мыйзам баарына бирдей иштеш керек. Ошондо бизге туристтер көп келе баштайт, билим алган чет элдик студенттер көбөйөт жана бул өлкөгө оң таасирин тийгизет. Мисалы, ошол эле бизде билим алган чет элдик студенттердин камсыздандыруусу 4 млрд сомго жакын. Мындан сырткары окуу акылары, жеп-ичкени жана башка төлөмдөрү болуп жатып, биздин экономикага чоң салым кошуп жатат. Канча окуу жайлар ошолордун эсебинен мамлекеттен бир тыйын албай өздөрүнүн имараттарын жаңылап, жаңыларын курушууда. Ошондуктан биз чет элдиктердин акчасын алып, бирок коопсуздугун карабай койбошубуз керек”.

Башка жагынан алганда, Кылмыш-жаза кодексинде ошол эле ден соолукка оор залал келтирүү, адамды уурдоо, уурдоо, талап-тоноо, карактоо сыяктуу кылмыштардын баарына жаза чаралары бар. Албетте, кандай абалда, кандай жагдайда, эмне менен кылмыш жасаганына байланыштуу жаза ар кандай каралышы мүмкүн.

Ар бир адамга жасалган жасалган кылмыштын жазасы бар, бирок анын-ичинде жакынына, кош бойлуу аялга, балдарга карата жасалган аракеттер өзүнчө пункт менен белгиленген. Эми так ошол категорияга чет өлкөлүк жарандарды кошуунун канчалык зарылдыгы бар?

Юрист Бакыт Автандил уулу ушул тууралуу ойлорун ортого салды:

Бакыт Автандил уулу
Бакыт Автандил уулу

“Биздин Конституцияда бардык адам мыйзам алдында бирдей, бардыгынын укугу тең деп турат да. Анан, анын ичинде чет элдиктерге башкача мамиле жасап, алардын үстүнөн кылмыш жасагандарга жазаны оорлотуу так ошол теңдикти бузуп коёбу деген пикирдемин. Коңшу Өзбекстанда туристтерге каршы кылмыш жасагандарга жазаларды күчөткөнүн билем. Эгер ошондой чет элдиктер дебей, туристтерге карата деген нерсе жасалып жатса, анда билбейм. Бирок ошондо деле мында карама-каршы жагдайлар бар, анын ичинде Баш мыйзамга да каршы келип калууда. Бардык кылмыштар бирдей каралышы шарт”.

Кезинде Бишкекте чет өлкөлүк жарандар сабалган окуяга байланыштуу талкуу маалында жаза чаралардын жеңилдиги, күч кызматтарынын ишинин чабалдыгы жана башка жагдайларды себеп катары атагандар болгон.

Ошол эле маалда соңку жылдары Кыргызстанда, айрыкча Бишкек менен Ошто мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер көбөйүп кеткени, алар жергиликтүүлөр менен иш талашып калганы же айрым туура эмес аракеттери да нааразылыктарды жаратканы белгиленген.

Саясатчы Бөдөш Мамырова мына ушул жагдайларды эске алуу менен жергиликтүү жана чет элдик жарандарды бири-бирине карама-каршы койбой, маселени комплекстүү кароо керектигине токтолду:

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

“Чет өлкөлүктү сабайбы, жергиликтүүнү сабайбы, адамдын денесине зыян келтирип, кол көтөргөн ар бир адам жазасын алышы керек. Мыйзам баарына иштеш керек. Албетте, биздин жарандар чет өлкөлүктөрдүн сыйлап, укуктарын бузбашы керек, ошол эле маалда чет өлкөлүктөр да биздин мамлекеттин мыйзамдарын сакташы керек. Маселе жок бир миграция ар бир өлкөдө бар, бирок баары бир ички-сырткы миграция тыкыр көзөмөлгө алынышы керек да. Ошондуктан чет элдиктерди иштеткен адамдар, же окуган окуу жайларынын жетекчилери аларды тартипке чакырып, өзүн алып жүрүүсүн же мыйзамды сактоосун эскертип турушу керек”.

Кыргызстанда соңку жылдары Индия, Пакистан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү кызмат көрсөтүү жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Кыргызстандагы түштүказиялык эмгек мигранттары.
Кыргызстандагы түштүказиялык эмгек мигранттары.

2023-жылы чет элдик жарандарга иштөө үчүн өкмөт тарабынан бекитилген квота 16 610 болчу. Министрлер кабинети 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Өкмөт бул квоталар жумушчу күчү тартыштыгынан улам ишкерлердин өтүнүчү менен көбөйтүлгөнүн айтууда.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG