Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Тыгын, жер, Ататүрк, таштанды. Мэр Жунушалиев жана анын талаштуу реформасы


Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, шаар мэриясы жана жолдордогу тыгын. Коллаж
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, шаар мэриясы жана жолдордогу тыгын. Коллаж

Бишкектеги тыгынга байланыштуу шаар мэри Айбек Жунушалиевдин ишмердиги коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Мэрия болсо кабыл алынган чечимдерден улам бул маселе жөнгө салынып калганын айтып жатат.

Азыркы бийликтин көздөй кадрларынын бири катары саналган Жунушалиев бул кызматка киришип жатканда Бишкектеги тыгынды азайтуу, таштанды көйгөйүн чечүү өңдүү бир топ убадаларды берген эле.

Анын кызматка киришип жаткандагы башкы убадаларынын бири шаардагы тыгынды азайтуу болгон. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экинчи жолу шаар башына келип жаткан Жунушалиевдин башкы милдеттеринин бири борбордогу тыгын маселесин чечүү экенин эскерткен. Андан бери дээрлик бир жылга жакын убакыт өттү.

Тыгын маселесин жөнгө салуу үчүн бир катар чечимдер кабыл алынган. Маселен, шаарда дээрлик бардык кичи автобустар алынып, алардын ордун автобустар басты. Мэриянын маалыматына караганда, 44 мектепте сабак 7.30да, жогорку окуу жайларда саат 10до башталып жатат.
Бирок калаадагы тыгын азайган жок.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

"Тыгын азайган жок"

Жогорку Кеңеште бул чечим сынга кабылды. Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар айрым мектептерде окуу эрте башталганы менен, тыгын маселеси чечилбей, кайра көбөйгөнүн айтып чыгышты. Студенттер дагы жаңы графикти жокко чыгаруу үчүн петицияга кол топтоп жатканы белгилүү болду.


Депутат Дастан Бекешев соңку чечимдерден улам тыгындын убактысы узарганын айтып чыккан, мындан улам президенттин жана өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бул токтомду жокко чыгаруу керектигин билдирген:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Экинчи смена дагы бар. Алар кечки 8-9га чейин окуп жатышат. Тыгындар ушундай эле, кечки саат 6дан 9:30га чейин. Эмнеге жолдогу тыгындарды дагы үч саатка жылдырып жатасыңар? Ушул чечимдин маанисин түшүнүксүз. Студенттерге эксперимент кылганы токтотпойлубу? Бул чечимди жокко чыгаруу керек. Кечки саат 8де эч ким окубайт, окугусу дагы келбейт. Окуткусу дагы келбейт бул саатта. Мурда жолдо тыгын 19:30га чейин болсо, азыр 9га чейин жылып кетти. Бул эч кандай жыйынтык берген жок, тескерисинче, мурдагыдан дагы жаман болуп калды".

Мэр Жунушалиев тыгындын башкы себебин 2000-жылдардан менчик машиналардын саны көбөйүп, шаарга батпай калганы менен түшүндүргөн. Тыгынды азайтуунун бирден бир чарасы катары шаардыктарды жеке машинадан коомдук транспортко отургузуу экенин айткан.

Мэрия даярдап, өкмөт жактырган концепцияда муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерди жумушка автобус менен келтирүү, мектептерде окууну, бала бакчаларда ишти эрте баштоо, студенттерди, тескерисинче, кечирээк келтирүү өңдүү чаралар жазылган.

“Мэрия уюштурган атайын изилдөөлөр көрсөткөндөй, шаарда жүргөн машиналардын 52% айдоочу жалгыз өзү түшүп айдашат. Дагы 33% бир жүргүнчү менен, эки жүргүнчү менен 10%, андан көп жүргүнчү менен болгону 3,2% гана айдоочу жүрөт экен. Демек, шаардагы айдоочулардын 85% жарым-жартылай бош жүрөт. Ошондуктан жол тармагына кошумча оорчулук келтирип, тыгындарга өбөлгө түзүп берүүдө. Ушуга байланыштуу шаардыктарды жеңил машинадан коомдук транспортко которуу жол тыгынын жеңилдетүүгө жардам берет”, - деген Жунушалиев.

Мэрия болсо учурда шаардагы билим берүү мекемелеринин иш тартибин өзгөртүү менен шаардагы жол тыгыны азайтылды деп билдирип жатат.

Шаардык кеңештин мурдагы депутаты Рысбай Аматовдун пикиринде, тыгынды азайтуу үчүн транспорттун башка түрлөрүн каттамга чыгарууну ойлоо керек:

Рысбай Аматов
Рысбай Аматов

"Бул мэр дагы, буга чейинкилери дагы тыгын маселесин чечүүгө аракет кылып жатат. Менин жеке пикиримде, бул маселе альтернативдүү транспорттун жоктугунан келип чыгууда. Бишкектин бир четинен экинчи четине, мисалы, поезд, электричка же метро менен бара албагандыктан ушундай көйгөй жаралып жатат. Жол ошол бойдон эле калып, машинанын, айдоочунун саны күндөн күнгө көбөйүп жатат. Ушундай жагдайдан улам жолдогу тыгын азайбайт, анын башка жолдорун издеш керек. Азыр шаардыктарды коомдук транспортко отургузабыз деп жатабыз, бирок ал автобустар деле ошол эле жолдор менен жүрүп жатат. Ошондуктан биз альтернативдүү транспортторду колдонууну ойлонушубуз керек. Азыр мэрия сунуштап жаткан ыкманы колдойм. Айрым ата-энелер балам жакшы мектепте окуса экен, ушул мектеп жакшы экен деп шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна ташып, бул дагы тыгынга себеп болуп жатат. Бардык эле мектептерде бирдей мугалимдер, бирдей эле программа. Бала бакчаларда дагы ушундай көрүнүш".

Мэрия тыгынды азайтуунун дагы бир чарасы катары борбордогу машиналарды номерине карап кезек менен чыгарууну, аймактан келген машиналардан төлөм алууну сунуштаган. Мындай демилгелер коомчулукта талаш-талкуу жараткан.

Жунушалиев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде мындай эреже-талап камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганын, жарандардан түшкөн сунуш-пикирлер эске алына турганын айткан:

Айбек Жнушалиев.
Айбек Жнушалиев.

“Азыр коомчулукта “жубайым төрөп калса эмне кылам?” деген пикирлер да айтылууда. Албетте, биз адамдын ден соолугун биринчи орунга коёбуз – кандайдыр бир шашылыш учурларда уруксат берилет. Ошондуктан айтып жатабыз, ой-пикирлер кабыл алынып, долбоор дагы толукталат. Биз азыр жолдорду кеңейтип, ремонттоп, жаңыларын салып жатабыз. Бирок баары бир унаалар көбөйүп, тыгындар пайда болууда. Ошол эле маалда мынчалык унаалардын көптүгү айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, аба булганып жатат. Жаңы чаралар сезилерлик жыйынтык берет деп ойлойм”, - деген Жунушалиев.

Мэр жол тыгынын азайтуу максатында берилген дагы бир сунуш – аймактан келген унаалардан төлөм алуу тууралуу да маалымат берген. Мындай чара жарандардын коомдук транспортко түшүүсүн шарттай турганын айткан. Бул демилге колдоо тапса, Бишкектеги автобекеттер шаар сыртына көчүрүлүп, анын жанына унаа токтотуучу жайлар ачылат. Аймактан келген жарандар унааларын ошол жайларга токтотуп, шаар ичине коомдук транспорт менен каттай турган болот.

Берилген убадалар, аткарылган иштер, көтөрүлгөн демилгелер

Айбек Жунушалиев мэр болуп былтыр октябрда экинчи жолу дайындалган жана кызматка келгенде бир катар кабелтең убадаларды берген. Жарандык активист, талдоочу Илим Карыпбеков шаар башчынын мүмкүнчүлүгү чектелүү деген ойдо:

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

"Мен буга чейинки мэрди катуу эле сындап келгем. Мэр болуп пенсияга чыккан адам эмес, энергиясы бар, жашыраак адам келиши керек деп келгем. Жунушалиев болсо кыйла жаш, иштейм деп турган убагы, колунан келгенин кылып жатат. Бир ирет анын таңкы 5те көчө кыдырып жүргөнүн көрүп, жаш мэр деген ушундай деп жаздым эле. Бирок азыр бизге кандай гана укмуш мэр келсе дагы анын укугу, мүмкүнчүлүктөрү көп нерсе менен, мисалы, саясат, бюджет менен чектелген. Мэр өз алдынча саясат жүргүзгөн көз карандысыз адам эмес. Ал бул кызматка өйдө жактан бекитилет, демек, бийлик вертикалындагы бир буроо сыяктуу десе болот. Ошондуктан мэрди өзүнчө карап, мындай кылса болмок, тигиндей кылса болмок деп айтуу туура эмес. Асмандан учуп келген мэр болсо деле ал азыр тыгын маселесин чече албайт. Тыгынды азайтуу үчүн абдан чоң иштерди комплекстүү жасаш керек. Коомдук танспортту жүргүзүп, жол салып койгон менен эле бул чечилбейт. Азыр эми баары эле шаардын борборуна машиналарын токтотуп коюп жатпайбы, ага төлөбөйт, же болбогон акча төлөйт. Айрым өлкөлөрдө, чоң-чоң шаарларда, мегаполистерде биздегидей болуп беш-алты саат токтосо, чоң акча төлөйт. Унаа токтотуучу жайлар абдан кымбат".

Тыгынды азайтуу үчүн быйыл 1200 кичиавтобус шаардын борбордук көчөлөрүнөн чыгарылып, алардын ордуна республикалык бюджеттен миң автобус алынган. Жыл аягына чейин дагы ондогон автобус жана электробустар келери айтылган. Ушул эле максатта Бишкектен троллейбустарды алуу башталган. Буга айрым активисттер каршы чыгышкан.


Шаардагы Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков Жунушалиевдин тушундагы кадр маселесине токтолду:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Кадрларды тез-тез алмаштыруу ишке терс таасирин тийгизет. Мэрдин иштегенине жакында бир жыл болот. Саясий кызматпы, жөнөкөй кызматпы, кеминде үч жыл иштесе, туруктуулук, ишинин жыйынтыгы болот. Тилеккке каршы, Айбек мырза келгенден кийин дагы мэриянын кадр саясатында өтө көп башаламандык болуп кетти. Айбек мырза бир жылда мэрияда, акимчиликтерде жана муниципалдык кызматтарда канчалаган кадрды алмаштырды. Бул болсо ишке кесепетин тийгизет. Ал элге чыгып, тыгын маселесин чечүү жолдорун ачык жарыялап койсо жакшы болмок".

Ататүрк паркы, таштанды маселеси

Айбек Жунушалиевдин кызматка келгенден кийинки дымактуу, талаштуу демилгелеринин бири Ататүрк сейил багындагы турак жай курууга берилген жерлерди кайра алуу болгон. Ал буга байланыштуу мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген жана сотко жүзгө чукул арыз жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошол жерге там-таш салып жашап жаткан айрым тургундар мэриянын чечимине каршы нааразылык акцияларына чыккан. Жунушалиев жана мэрия бул демилгеси кандай ишке ашып жатканы тууралуу комментарий берген эмес.

Шаардык кеңештин мурдагы депутаты Рысбай Аматовдун пикиринде, бул жараян узакка созулушу, аягына чыкпай дагы калышы мүмкүн:

"Ал жердин тарыхы абдан эле тереңдеп кеткен. Юридикалык жактан баа бере албайм. Себеби канчалаган юристтер, адистер пикирин билдирди, бирок аягын, кайсы жерге келип такалганын көргөн жокпуз. Маселе саясий өңүттө кетип калды. Буга эми тарых баа берет го".

Шаар башчысы таштанды маселесин чечип, аны кайра иштетүүчү завод куруларын убада кылган. Былтыр ноябрда Жунушалиев Кытайдын Junxin Environment Protection компаниясынын жетекчиси Да Даокуо (Dai Daoguo) менен таштандыны жок кылуучу жана кайра иштетүүчү завод куруу келишимине кол койгон. Заводдун аймагына таштанды өрттөөчү мештер, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоочу системалар, турак жай жана спорт залдар курулары кабарланган. Заводду куруу иштери тууралуу дагы маалымат берилген эмес.

Рысбай Аматов бул тууралуу дагы маалыматтар аз экенин белгиледи:

"Таштанды маселесин чечүү бизди дагы кызыктырып жатат. Ал жерде келишим түзүлүп, кытайлык компания менен таштандынын кайра иштетүүчү завод курулуп, ишке киргизилет деп айтылган. Биз бул тууралуу маалымат алалы деп аябай аракет кылдык".

Аймактык реформанын негизинде Бишкектин аянты үч эсеге, тактап айтканда 12,9 миң гектардан 37,8 миңге чейин кеңейген. Анда Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары борборго кошулган. Ак-Ордо конушунун квартал башчысы, активист Мирбек Осмонов Жунушалиевди ачык-айкын иштеген мэр катары мүнөздөдү. Ал өзү жашаган аймакта бир катар маселелер чечилип жатканы менен, мектеп көйгөйү чон экенин, жерге мунапыс жараяны аксап жатканын айтты:

Мирбек Осмонов.
Мирбек Осмонов.

"Биздин конушта үч мектеп курулат деген 18 гектар жер бар, бирок мектепти куруу такыр баштала элек. Шаар боюнча эң көп бала Ак-Ордодо. Конуштун элинин кеминде жарымы балдарын шаардагы мектептерге ташыйт. Негизинен конуштар үчүн Айбек Жунушалиев жакшы эле иштеп жатат. Мисалы, бизде 20 гектар мүрзөгө деген жер бар болчу, ошол такыр чечилбей келген. Анын алты гектары толгон, калганы бош. Ошону алып калды, мүрзө жабылды. Эми ошол жерге бак-дарак отургузулат же ипотекалык компания үй салат деген пландар бар экен. Биз мэрдин ушул жагын бааладык. Мен, мисалы, аны менен такай сүйлөшөм, телефондон жазсаң дагы жооп берет. Мектеп тууралуу дагы ага бир нече жолу айтканбыз. Жунушалиев жер мунапысы боюнча иштердин дагы башында турат да. Бийлик бутагында көп эле адамдар ушул маселени жакшы деле түшүнө бербейт. Жунушалиев болсо муну тереңинен билет, ошондуктан бизге аны менен бул жаатта иштешүү оңой. Бирок жер мунапысы берилип, толугу менен ишке ашып кетти, жыргап калдык деп айтуудан азыр алысмын. Айрым жарандар кызыл китеп алды, бирок ал эч нерсеге жарабай жатат деген дагы нааразылык бар".

Мэрге байланыштуу шаар башчысын түз шайлоо деген дагы маселе турат. Былтыр апрелде Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы буга байланыштуу мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна койгон, бирок документ колдоо тапкан эмес.

Аталган фракциянын лидери Жанарбек Акаев жакында бул документти кайра алып чыгарын билдирген жана реформатор мэр түз шайлоодо гана тандаларын айткан.

Жунушалиев баскан жол

48 жаштагы Айбек Жунушалиев өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Ал 1999-жылы Улуттук университетти "юриспруденция" адистиги боюнча аяктагандан кийин эмгек жолун ушул окуу жайда баштаган. Студент кезинде эле университеттин темир уста-сантехниги болуп, колуна диплому тийгенден кийин, 2000-2004-жылдары окутуучу болгон.

Ошол эле маалда Чүй облустук администрациясында жаштар комитетин, жаштар уюмдарын жетектеген.

Айбек Жунушалиев 2006-2007-жылдары облустук администрациянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүн башкарган.

Андан кийин өкмөттүн аппаратына ишке кирип, алгач Социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынын референти болгон. Ал 2008-жылы президенттин аппаратына өтүп, бир жыл Каттарды жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүн башкарган.

Андан кийин, 2009-2010-жылдары президенттин администрациясында иштеген. 2010-жылы бийлик алмашканда кайра Чүй облустук администрациясына барган жана беш жылдай аппаратты башкарган.

Жунушалиев 2014-2015-жылдар өкмөттүн аппаратында Социалдык өнүктүрүү бөлүмүн башкарган. 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы кызматына дайындалган.

2021-жылы августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон. Андан кийин расмий шайланып, алты ай, 2022-жылдын февралына чейин калааны башкарган.

Мэр кызматынан кийин Жунушалиев президенттик аппаратта мамлекет башчынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Жунушалиев ушул кызматта турганда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга байланыштуу президенттин тапшырмасынын аткарылышын көзөмөлдөп, Баткенге такай барып турган.

Андан сырткары "Жер мунапысы" боюнча республикалык комиссиясынын төрагасы катары бул жааттагы иштерди караган.

Былтыр сентябрда Жунушалиев инвесторлордон опузалап каражат талап кылган деген шек менен кармалган адамдардын ишине байланыштуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары көрсөтмө берген. Анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Жунушалиев азыркы бийликтин көздөй кадрлардын бири жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен жакшы ымалада. Саясий тар чөйрөдө кийинки өкмөт башчы болот деген адамдардын арасында аты аталат. Жунушалиев өзү мындай сөздөргө комментарий бербей келет.

XS
SM
MD
LG