Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

"Ата-Журт" саясий жарышка катышпайт. Шайлоолордо бийликчил талапкер болбойбу?


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганын айтып, бийлик кайсы бир партия же талапкерди сүрөөнгө албай турганын билдирди. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.

"Ата-Журт" эмнеге шайлоого барбайт?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзү түптөөчүлөрдүн бири болгон “Ата-Журт” саясий партиясы алдыдагы жергиликтүү шайлоого катышпасын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Ташиев аталган партия менен шайлоого катышарын айткандар болуп жатканын белгилеп, өзү бийликте турган учурда "Ата-Журтту" шайлоолорго катыштырбай турганын жазды.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр. “Ата-Журт” партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам. “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. Эмне үчүн мындай чечимге келдим? “Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын”, - деп жазды Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы 7-чакырылыштагы парламенттеги “Ата-Журт” партиясы жөнүндө дагы кеп кылып, “ал убакта иш менен алек болуп жүрүп, суранып келгендиктен шайлоого уруксат берип койгом” деп түшүндүрдү. Ошондой эле Ташиев бийликтегилер эми кайсы бир партияны же талапкерди шайлоо жарышында колдоого албай турганын кошумчалады.

Азыркы Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясында жыйырма депутат бар. Ал көп мандаттуу фракциялардын бири.

Бийликтин аракети шайлоодо сыналат

Президенттин жарлыгына ылайык, 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар эртең, 17-сентябрда башталат.

Ташиевдин шайлоо алдындагы билдирүүсү ар кандай кабыл алынууда. Айрымдар муну бийликтин элдин тандоосуна аралашпоо аракети деп бааласа, башкалары мындай ишарат саясий эркиндикти камсыз кыларынан күмөн санап жатышат.

Жарандык активист Перизат Саитбурхан парламенттин саясий көз карандысыздыгына токтолду.

“Азыр Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш дагы толугу менен көз карандысыздыгын жоготту. Кайсы партиядан келген күндө деле бийликчил партия болуп калат. Биз муну Жогорку Кеңештен көрдүк. Жогорку Кеңешке "мен оппозициямын" деп келген партиялар, бир мандаттуу округдан келгендер деле толугу менен бийликчил топту түздү. Аябай принципиалдуу маселеде бийликти колдоп бергенин көрүп жатасыңар. Оппозициялык партия жок болуп калды. Азыр бийликке оппозициялык партия эмес, оппозициялык киши жок”, - деди ал.

Анткен менен өткөн шайлоолорго катышып жүргөн жарандык активист Мавлян Аскарбеков бийлик башындагылардын ачык билдирүүсүн колдоп жатат. Ал саясий жарыштарда өлкө жетекчилеринин атын сатып, элдин добушун алууга аракет кылгандарга чек коюлушу керек деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Бул билдирүү популизмби же жокпу, эртеңки шайлоо көрсөтөт. Менин оюмча мындай орчундуу саясий чакырык аягына чыгышы керек. Ташиев мырза аны жакшы түшүнүшү зарыл. Жогорку жана жергиликтүү кеңештин басымдуу бөлүгү Ташиевге таандык партия отурат. Бирок, азыр ошону моюндап, чек коюп жатат. Бул абдан жакшы. Президент дагы ушундай чакырык таштасын”, - деди Аскарбеков.

Жергиликтүү кеңештерде мандат азайды

Президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Ош, Бишкек шаардык кеңештерин жана жети облустун жергиликтүү кеңештерин таркаткан. Буга чейин административдик-аймактык реформанын натыйжасында айыл аймактарынын саны кыскарган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев буларга токтолду:

"Бул жолкуда топ өзгөчөлүктөр бар. Бирок, депутат Марлен Маматалиев преференциалдуу деп сунуштаган. Партияга, андан кийин талапкерге добуш берүү ыкмасы. Ал сунуш өткөн жок. Жергиликтүү кеңештерге 7% чек 5% болуп төмөндөдү. Айылдык кеңештерге күрөө 1000 сомдон болчу. Аны алып салды. Айылдык кеңештерде мурдагыдай эле көп мандаттуу болот. Ал эми шаардык кеңештерде партиялык система менен шайланышат. Партияга добуш берилип, анан ошол тизмедегилер келет", - деди БШК мүчөсү.

Президенттин жарлыгы менен 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык кеңеш таркатылган.

17-ноябрдагы шайлоодо жалпы 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.

Тактап айтканда, Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда калктын санын эске алуу менен бөлүнөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG