Бишкек шаардык соту төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков абакта калды. Газада Израилдин аба соккусунан бир нече киши каза тапты.
Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси болуп Адылбек Касымалиев дайындалды.
Бийлик диний чөйрөнүн ишмердигин жөнгө салган мыйзамды кайра жазып чыгууда. Демилгечилер 2008-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы талаптарга жооп бербей калганын айтууда. Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.
Орусиянын ядролук куралдан коргонуу аскерлеринин командачысы Игорь Кириллов Москвадагы жардыруудан каза болду. Украинанын атайын кызматындагы булак бул операцияны Украинанын коопсуздук кызматы ишке ашырганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын уюштурду. Ал 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирди.
Орусиянын генералы Игорь Кириллов Москвадагы жардыруудан каза болду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди. Абактагы ишкер Имамидин Ташов өз өмүрүнө дагы кол салды, сотто Самат Матцаковдун адвокаттарынын арызы карала баштады.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштуруп, коррупция менен күрөш, Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши жана президенттик шайлоо туурасында суроолорго жооп берди.
1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесовдун катаал тагдыры, ал тууралуу жарым кылымдан кийин урпактары тапкан архив документтер тууралуу кеп кылабыз. Элебесов юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон.
Акылбек Жапаров кызматтан кетип, анын милдетин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев убактылуу аткара баштады. Израил армиясынын Газага жасаган авиасоккусунан 50дөн көп кишинин өмүрү кыйылды. Украина Орусиянын Курск облусунда кеминде 30 түндүк кореялык аскер өлгөнүн же жараат алганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетип, анын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткара баштады. Жапаровдун кызматтан кетишин Салык кызматындагы коррупциялык иштерге байланыштыргандар да жок эмес.
15-декабрда Газа тилкесине жасалган Израил армиясынын аба соккуларынан 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. ЦАХАЛ соккуларын ХАМАС радикал уюмуна каршы операция катары түшүндүрдү. Израил коңшу Сириядагы оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү жөөт конуштарынын санын эки эсе көбөйтүүнү чечти.
Дагы жүктөңүз