Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Парижде ашынган оңчулдардын лидери Марин ле Пендин жактоочулары акцияга чыкты


Марин ле Пен Париждеги акцияда тарапкерлерине кайрылууда. 6-апрель 2025-жыл
Марин ле Пен Париждеги акцияда тарапкерлерине кайрылууда. 6-апрель 2025-жыл

Парижде ашынган оңчулдардын лидери Марин ле Пендин жактоочулары анын көз боемочулукка айыпталып, 5 жылга мамлекеттик кызмат аркалоого тыюу салынышына нааразылыгын билдирип чыгышты.

“Улуттук биримдик” партиясынын жетекчиси Европарламенттин каражаттарын "максатсыз колдонгон" деген айып менен 4 жылга кесилген жана 100 миң евро айыпка жыгылган.

Ле Пен апелляциялык арыз менен кайрылып, “президенттигинин уурдап алынышына жол бербесин” айтууда. Анын колдоочулары иштин артында саясат турганын айтууда, бирок президент Эммануэл Макрон Франциянын сот системасы көз карандысыз деп дооматтарды четке какты.

Өткөн биринчи күнү чыккан өкүмгө карабай, сурамжылоолор “Улуттук биримдик” партиясы күчтүү позицияларын сактап калганын көрсөтүүдө.

Француз сотунун чечими Европада акыркы жылдары баш көтөргөн оңчулдардын терс реакциясын жаратты. АКШнын президенти Дональд Трамп ле Пендин өкүмүнөн кийин: “Европадагы солчулдар соттун жардамы менен сөз эркиндигин басып, саясий оппоненттерин цензуралап жатат”, - деп айткан.

Франциянын премьер-министри Франуса Байру ишемби күнкү маегинде муну өлкөнүн "ичке иштерине кийлигишүү" деп атады.

Жекшембиде башкалаадагы Республика аянтында солчулдар да өз демонстрациясына чогулду. Макрондун мурдагы премьер-министр Габриэл Аттал жетектеген борборчул “Кайра жаралуу” партиясы мыйзам үстөмдүгүнө коркунуч жаралып жатат деп эскертти. Алар да Париждин четинде акция өткөруштү.

Ле Пен 2017 жана 2022-жылдардагы президенттик шайлоонун экинчи айлампаларында Макронго утулуп калган. Эмки президенттик шайлоо Францияда 2027-жылы өтөт.


Шерине

XS
SM
MD
LG