Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:46

Аба ырайы: айрым аймактарда нөшөр, тоолордо кар жаайт


Кыргызстан
Кыргызстан

7-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаап, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Кыргызгидромет 6–7-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экенин эскертти.

Аба ырайы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз ала булут каптайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт.



Шерине

XS
SM
MD
LG