Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы бир аскер кызматкери жанындагы шеригин атып алган окуяны териштирип жатат.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башкы тарбия иштери башкармалыгы ок 5-апрелде Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын аскер бөлүгүндө атылганын билдирди.
Коргоо министринин орун басары окуяны териштирүү үчүн аталган аскер бөлүккө кеткени маалым болду. Ок жеген адамдын абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Буга чейин айрым жергиликтүү сайттар "Илбирс" атайын отрядынын аскер кызматкери башка бир кызматкерди атып салганын кабарлашкан. Андагы маалыматта келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан эки аскер уруша кеткени, ага кайтарылбаган карыз себеп болгону айтылган.
Буга чейин 2022-жылы 10-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707-бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып алып, ок тийген 19 жаштагы жоокер каза болгон.
Кыргызстандын армиясында аскер өлүмү, суицид, уруп-сабоо фактылары катталып келет. Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу азайганын билдирген. (ST)
Шерине