Акылбек Жапаров кызматтан кетип, анын милдетин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев убактылуу аткара баштады. Израил армиясынын Газага жасаган авиасоккусунан 50дөн көп кишинин өмүрү кыйылды. Украина Орусиянын Курск облусунда кеминде 30 түндүк кореялык аскер өлгөнүн же жараат алганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетип, анын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткара баштады. Жапаровдун кызматтан кетишин Салык кызматындагы коррупциялык иштерге байланыштыргандар да жок эмес.
15-декабрда Газа тилкесине жасалган Израил армиясынын аба соккуларынан 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. ЦАХАЛ соккуларын ХАМАС радикал уюмуна каршы операция катары түшүндүрдү. Израил коңшу Сириядагы оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү жөөт конуштарынын санын эки эсе көбөйтүүнү чечти.
16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Анын кызматтан кетишине эмне себеп болгонун Жогорку Кеңештин депутаттарынан сурап көрдүк.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде кызматтан алды. Анын отставкасы тууралуу маал-маалы менен айтылып келген. Салык кызматынын төрагасы баштаган жетекчилер кармалгандан кийин мындай сөздөр көбөйүп, талап күчөгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин күнөөсүз адамды атайлап каматкан орган кызматкерлери жазаланары тууралуу эскертүүсүнөн кийин айрым активисттер өздөрү жапа чеккен окуяларды айтып чыгышты.
Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандады. Ал үч чакырылышта депутат болгон. Батышка каршы, орусиячыл билдирүүлөрү менен белгилүү. АКШ, ЕБди "Грузияны Орусия менен кагылыштырууга кызыкдар" деп айыптаган. Шайлоо нааразылык акциясы менен коштолду.
"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Учурда Грузияда эки президент - "Грузин кыялы" партиясынын мүчөсү, мурунку футболчу Михаил Кавелашвилини 14-декабрда парламенттеги «шайлоочулар коллегиясы» тандады. Ал эми кызматтагы президент, дасыккан саясатчы Саломе Зурабишвили жаңы парламенттик шайлоо өтмөйүнчө бийликтен кетпей турганын айтты.
Кыргызстанда Абхазия, Армения жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунаалардын мыйзам бузуусун аныктоо үчүн текшерүү уланып, учурда 300дөн ашык машине айып жайына токтотулду.
Дагы жүктөңүз