Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Хакасияда бороондон 40 адам жабыр тартты


Калинино кыштагы өрттөн кийин, Хакасия. 2025-жыл.
Калинино кыштагы өрттөн кийин, Хакасия. 2025-жыл.

Хакасияда бороондон 40 адам жабыр тартканын аймактын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин буга чейин берген маалыматында жабырлануучулардын саны 32 деп көрсөтүлгөн.

Жабыркагандар арасында бир бала бар. Алты адам ооруканага жаткырылган, бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Хакасиянын саламаттык сактоо мекемелери жогорку даярдыкта иштеп жатканы кабарланды.

5-апрелде аймактын башчысы Валентин Коновалов Абаканда төрт киши жабыркаганын билдирди. Катуу шамалдын айынан токойдо өрт чыгып, республикага тездик менен жайылган. Айрым муниципалиттерде электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Аймакта өзгөчө кырдаал режими кирген.

Иркутск облусунда бороондон кийин жети адам жардам сурап кайрылганын, арасында бир бала бар экенин губернатор Игорь Кобзев билдирди. Анын айтымында, бороон күчөткөн өрттүн айынан 17 турак жай күйүп кеткен.


Шерине

XS
SM
MD
LG