Украинанын армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер каза тапты. Буга чейин украин бийлиги Курск облусунда согушуп жаткан түндүк кореялыктардын жоготуулары үч миңден ашканын билдирген.
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Жогорку Кеңеште кыргызстандыктардын фамилиясын тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык, буга чейин жарандын аты - жөнү Асанов Үсөн Касымович болсо, каалоочулар эми документке Асантеги Үсөн Касымдын деп жазылганга мүмкүнчүлүк алат.
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана аттуу мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады. Жаза аткаруу кызматы кабарды төгүндөдү.
Бишкек кайрадан абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде башкалаанын айрым бөлүктөрүндөгү көрсөткүч өтө кооптуу чектен ашкан.
Казакстанда Азербайжандын учагы кырсыкка кабылып, 30дан ашык адам каза тапты. Аман калган 29 киши ооруканага түштү. Учакта беш экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде Чеченстандын баш калаасы Грозныйга бараткан учак кулады. Кырсыктан борттогу 67 кишинин 38и каза болду, 29у аман калып, ооруканага жеткирилген.
Израиль ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлүмү артында турганын моюнуна алды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган радикал уюмунун саясий бюросунун жетекчиси быйыл 31-июлда Тегеранда жок кылынган.
Cалыктын айрым эрежелерин жумшартуу боюнча маселеден улам өкмөт мүчөлөрү ортосунда эки ача пикир жаралды.
Израил Тегеранда ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлүмүнө жоопкерчилик алды. Израилдин билдирүүсү региондогу ансыз да чыңалган абалды курчутушу ыктымалдыгы айтылууда.
Дагы жүктөңүз