Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Өзгөн айланма жолун куруу долбоорунан чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал өзү 6-декабрда ЭлТР телеканалына берген маегинде айтып, мындай чечимге атасынын сунушу себеп болгонун тактаган.
Ар кыл талкууларга жем таштаган Өзгөн шаарын айланып өтүүчү кан жол 6-декабрда президент Садыр Жапаров баштаган жоон топ аткаминердин катышуусунда ачылды. Бул - Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү каттам. Андан өтүү үчүн жеңил унаалардан 200 сом, жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат.
Өкмөт курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын киргизгени жатат. Бул жеке турак жай рыногунда 25% чейин кымбаттоого түрткү болушу мүмкүн. Бирок президент Садыр Жапаров бул демилгеге каршы чыкты.
Тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов сот залына мойнун кести. Түштүк Кореяда президент Юн Сок Ёльдун кызматтан кетүүсүн өзүнүн партиясы да талап кылды. УКМК салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганын ырастады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова “Азаттыккка” келип, Кемпир-Абад иши, азыркы бийликке болгон көз карашы, позициясы, президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуунун максаты жөнүндө маек курду.
Орус рублинин артынан казак валютасы да кунун жоготуп жатат. Теңгенин нарксызданышы коңшу өлкөдө калкты кабатыр кылууда. Талдоочулар казак бийлиги улуттук валютанын наркын кармап туруу үчүн Орусиядан импорттолчу товарга тарифтик эмес чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Жогорку Кеңеш коомчулук менен журналисттердин сынына кабылган чуулгандуу интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа, мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Ала-Бука районундагы Падек айылында Т.Жоробаев атындагы орто мектептин курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Райондук прокуратура мектепти текшерип чыгып, курулуш сапатсыз жүргүзүлгөнүн билдирген. Жаңы мектеп жабылып калгандыктан ушул тапта 713 окуучунун баары эски мектепте окуусун улантып жатат.
Грузия кайрадан толкундоолордун кучагында. Евроинтеграцияны колдогон тынч демонстранттар менен полиция кагылышып келатат. Президент менен өкмөттүн тиреши уланууда. Азыркы кризис эмне менен аяктайт?
Дагы жүктөңүз